Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 18/1
Ак-Муз айылдык Кеңештин 9-февраль 2018-жылдагы “Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2017-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө” № 16/1 токтомундагы ар кандай кызматтарга бөлүнгөн 219 000 (эки жүз он тогуз миң) сомдун ичинен жайыт комитетине акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңештин 9-февраль 2018-жылдагы “Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2017-жылдан калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө” № 16/1 токтомундагы ар кандай кызматтарга бөлүнгөн 219 000 (эки жүз он тогуз миң) сомдун ичинен 150 000 (жүз миң) сому АРИСтин жардамы менен куруулучу ветеринардык раскон үчүн өздүк салымга жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.
2. Жайыт комитетинен жергиликтүү бюджетке калуучу жайыттан чогулган каражаттын 3/1 бөлүгү жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу максатында кайрадан жайыт комитетине кайтарылып берилсин.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |