Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 18/2
Ак-Муз айыл аймагынын спорт тармагына жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын спорт залынын машыктыруучусу Сулайманкул уулу Туратбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын XVI-сессиясынын № 16/ 3 токтомунун негизинде бекитилип 2018-жылдын бюджетинин 701 бөлүктүн 22154900 статьясына каралган каражаттын эсебинен зарыл болгон ушул эле бөлүктүн 2211 (командировкалык чыгымдар) статьясына жылдырып берилсин:
-Ак-Муз айылында 3-майдан 6-майга чейин Республикалык денгээлде Ушу-Саншоу (саньда) спорттун түрү боюнча өтө турган турнирге даярдык көрүү үчүн 35 (отуз беш) миң сом акча каражат;
-Асылбеков Самарбектин 9-июлдан 17-июлга чейин Бразилияда өтө турган 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы жетинчи дүйнөлүк чемпионатка катышып келүүсүн колдоо үчүн 100 (жүз) миң сом акча каражат;
-Ак-Муз айыл аймагынын спорт залынын машыктыруучусу Сулайманкул уулу Туратбектин 16-майдан 20-майга чейин кытайда өтө турган Эл аралык турнирге катышуусун колдоо максатында 20 (жыйырма) миң сом акча каражат;
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |