Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-апрели № 18 /4
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин карамагындагы айыл чарба техникалары жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин карамагындагы төмөндөгү айыл чарба техникаларын “Ак-Муз өнүгүү” муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин:
1. МТЗ 82-1 трактору;
2. СЗМ селка;
3. Соко үч корпустуу;
4. Боковой тырмоо;
5. Пресс подборшик (тукан)
2. Өткөрүлүп берилген техникалар айыл өкмөтүнүн балансына алынып, мындан кийин кийинки техникалардын абалына айыл өкмөтү жооптуу болсун.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |