Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-апрели № 1
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жыл башына калган акча каражатынан Лахол айылынын К.Рысмендеев орто мектебинин эски имаратынын ремонтуна өздүк салым үчүн акча каражатын кароо жѳнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жыл башына калган акча каражатынан Лахол айылынын К.Рысмендеев орто мектебинин эски имаратынын ремонтуна өздүк салым үчүн төмөндөгү статьяга чыгымдоо жагын карап чыгып,чыгымдоо бекитилсин.
3111 ст. – 500 747 сом.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Тентимиш уулу А |