Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 10/2
ЮСАИДдин“Ийгиликтүү аймак” долбоорунун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссиянын Жобосу жөнүндө
ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу комиссиянын Жобосун карап чыгып жана талкуулап Депутаттардын Чолпонайыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушсу комиссиянын Жобосу бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөп аткаруу жагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссияга тапшырылсын.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жумушчу комиссияны уюштуруп иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |