Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-декабры № 10/7
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каралуучу маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А. Карбозов билдирүү жазап, Чолпон айыл өкмөтүнүн аппаратында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403 токтомуна ылайык 12 (он эки) штаттык бирдик бар экендигине, бүгүнкү күндө “Жер жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис” кызмат ордун кыскартып “ Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис” кызмат ордун ачуу зарылчылыгы келип жаткандыгына токтолду. А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү штаттык бирдик боюнча иш жүргүзүп келген “Жер жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис” кызмат оруну кыскартылып, “ Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис” кызмат орду ачылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403 токтому менен бекитилген “ айыл өкмөтүнүн типтүү түзүлүшү жана штаттык саны” боюнча тиркеменин талаптарын сактоо айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | Ч. Жеңишбеков |