Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/40
Диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалыматы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2017–жылдын 29–ноябрындагы №13 чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарында диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алып барып жаткан иштери жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарында стабилдүүлүктү камсыз кылуу менен социалдык–экономикалык абалды жакшыртуу максатында, шаардын мэри Э.Топчубаевге милдеттендирилсин:
диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний агымдардын шаардын аймагына келишип ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө бөгөт коюу багытында шаардын мэриясынын, укук коргоо органдарынын жана шаардык хатибияттын биргеликте иш жүргүзүүсүн координациялоо жагы;
диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча шаар тургундарынын, шаардын мэриясынын адистеринин, укук коргоо органдарынын жана дин кызматкерлеринин катышуусунда маектерди өткөрүү, ал маектерди шаардагы “ЮТС” телеканалы жана жергиликтүү гезиттер аркылуу чагылдыруу жагы.
3. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө (Д.Матосмонова) милдеттендирилсин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 9-класска чейинки мектеп окуучуларынын мечитке, медреселерге баруусуна тыюу салуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы.
4. Кызыл–Кыя шаардык хатибиятына (М.Кожониязов) шаардын диний кызматкерлери менен шаарда диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, муфтияттын уруксат кагазы менен гана келген дааватчиларга даават жүргүзүүгө уруксат берүү жагы сунушталсын.
5. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясына депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштар боюнча иш алып баруу, аткарылган иштер боюнча маалыматты 1 айлык мөөнөттө шаардык кеңешке берүү жагы милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |