Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/41
Кызыл-Кыя ШИИБнүн участкалык инспекторлорунун өздөрүнүн участкаларында аткарып жаткан иштери жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2017–жылдын 29–ноябрындагы №13 чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя ШИИБнүн коомдук тартипти сактоо бөлүмчөсүнүн кылмыштарды алдын алып кыскартуу жана көчө кылмыштарына бөгөт коюу боюнча 2017–жылдын 9 айында аткарган иштери жөнүндө шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя ШИИБнүн жетекчилигине милдеттендирилсин:
шаарда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту кыскартуу үчүн шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчү инспекторлордун шаардагы кварталдык жана үй комитеттери, айыл башчылары жана диний кызматкерлер менен тыгыз байланышта иш алып барууларын камсыз кылуу жагы;
шаарда жаш өспүрүмдөр жана жаштар катышкан кылмыштуулукту кыскартуу багытында шаардык билим берүү бөлүмү, шаардын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү жана шаардык жаштар комитети менен биргеликте жаштар арасында профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
шаардык ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчү инспекторлордун мезгил мезгили менен өзү тескеген аймактын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүү, ал жолугушууларда аткарып жаткан иштери жөнүндө элге маалымат берүү иштерин жакшыртуу жагы.
3. Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүндөгү аймактык тескөөчү инспекторлордун штаттык бирдигин кыскартпай мурдакы абалына келтирүү боюнча шаардык кеңештен жана шаардын мэриясынан Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине кат даярдап жөнөтүү шаардын мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |