Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/42
Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүндө “кызыл” “сары” “жашыл” сызыктарда, жолдордо, тротуарларда мыйзамсыз орнотулган, курулган обьектилерди аныктоо жана аны жөнгө салуу маселеси
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017–жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2017–жылдын 10–октябрындагы №10 чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын көчөлөрүндө “кызыл” “сары” “жашыл” сызыктарда, жолдордо, тротуарларда мыйзамсыз орнотулган, курулган обьектилерди аныктоо жана аны жөнгө салуу маселеси боюнча Кызыл–Кыя шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору А.Мурзатовдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы, шаардын башкы архитектору А.Мурзатовко милдеттендирилсин:
шаардын генералдык планын иштеп чыгуу иштерин аягына чыгаруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жана генералдык планын иштеп чыгууга бөлүнгөн 500,0 (беш жүз) миң сом акча каражатынын отчетун берүү жагы;
шаардын көчөлөрүндө “кызыл” “сары” “жашыл” сызыктарда, жолдордо, тротуарларда мыйзамсыз орнотулган, курулган обьектилерди аныктоо жана аны жөнгө салуу, шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
шаардын генералдык планына негиз, шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча атайын иш чара иштеп чыгуу жана ал иш чаранын аткарылышын камсыз кылуу жагы.
3. Кызыл–Кыя шаарынын генералдык планын бүтүрүү үчүн шаардын 2018-жылга жергиликтүү бюджетине акча каражаты каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |