Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/43
Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017–жылга кабыл алынган иш планына жана шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени карап, сессияга сунуштоо боюнча 2017–жылдын 30–ноябрындагы №6 чечимин эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө шаардын вице-мэри А.Маткалыковдун маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарындагы жана шаарга караштуу айылдардагы калктын саламаттыгына кам көрүү үчүн шаардын Үй бүлөлүк Медицина Борборунун медициналык кызматкерлеринин, “Медициналык тез жардам” кызматынын бригадасынын элдин үйлөрүн тез табууга шарт түзүү жана 2020–жылдагы эл каттоого даярдыктарды көрүү максатында, көчөлөргө көчөлөрдүн аттары, үйлөргө үйлөрдүн номерлери жазылган табличкаларды толук илдирүү иштерин колго алуу жагы шаардын мэриясына милдеттендирилсин.
3. Кызыл–Кыя шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине (А.Турдубекова, Ж.Рахматулаев, Ж.Эргешова, З.Абдрахманова жана А.Жеенбаев) милдеттендирилсин:
жүргүзүп жаткан иштеринде орун алган кемчилдиктерди, алардын ичинде коррупцияны болтурбоо боюнча иштерди алып баруу жагы;
Улуттук “Ден соолук”, “Иммунопрофилактика” жана башка программалардын алкагында саламаттыкты сактоону реформалоону ишке ашыруу, калкты медициналык жактан тейлөөнүн сапатын, деңгээлин жогорулатуу жана медициналык тейлөөнүн калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу багытында максаттуу иштерди жүргүзүү жагы;
саламаттыкты сактоо мекемелеринде, алардын бөлүмдөрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан акысыз берилүүчү дары-дармектердин, медикаменттердин жана медициналык материалдардын тизмелерин илип коюу жана аларды жума сайын жаңылап туруу жагы.
4. Кызыл–Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигине (Д.Матосмонова) милдеттендирилсин:
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, жаштарга билим берүүдө инновациялык ыкмаларды пайдалананып, билим берүүнүн, окуу–тарбиялык иштердин деңгээлин, сапатын жогорулатуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жана окуучулар арасында тартип бузууларга жол бербөө, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүү жагы;
шаардагы мектептерге жаңы окуу жылы үчүн 1–класска окуучуларды мектепке бекитилген аймагында жашаган жашоочулардын балдарын окууга кабыл алууну уюштурсун;
жүйөлүү себептерсиз сабакты көп калтырган, тарбиясы начарлай баштап, «Опурталдуу топ» деп аталган топко катталган окуучулар менен иштөө боюнча атайын иш чара иштеп чыгып, катталгандардын санын миниумумга түшүрүү боюнча ата-энелер менен биргеликте туруктуу иштерди алып баруу жагы.
5. Кызыл–Кыя шаарындагы №3 башталгыч мектебине У.Салиеванын ысмын ыйгаруу боюнча шаардык кеңештин 2013–жылдын 4–ноябрындагы №12/33 токтомунун аткарылышы боюнча шаардык кеңештен жана шаардын мэриясынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине каттар жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |