Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/45
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларындагы протоколдорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобонун талабына ылайык, шаардык кеңештин Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы №23, 29-ноябрындагы №24 жана 7-декабрындагы №25 протоколдорунун чечимдерин жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.А.Топчубаевдин 2017-жылдын 26-октябрындагы №01-8/1503 “Кызыл-Кыя шаарында Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга долбоорлорду даярдоо иштерине жана өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” кайрылуу катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу бюджеттик мекемелеринин акча каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы №23, 29-ноябрындагы №24 жана 7-декабрындагы №25 протоколдору бекитилсин.
2. Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылда Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарга шаардын жергиликтүү бюджетинин өздүк салымы үчүн шаардын 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин экономика бөлүкчөсүнө 9 820,00 (тогуз миллион сегиз жүз жыйырма миң) сом акча каражаты каралсын.
3. Кызыл-Кыя шаарында 2018-жылда Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржыланып аткарылуучу долбоорлорду ишке ашырууга шаардын жергиликтүү бюджетинин салымы үчүн тийиштүү токтомдору кабыл алуу шаардык кеңештин төрайымы У.М.Дариповага тапшырылсын.
4. Кызыл-Кыя шаарынын бюджеттик мекемелеринин жетекчилерине милдеттендирилсин жыл аягына чейин шаардын 2017-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, дебитордук жана кредитордук карыздарды жоюу боюнча иштерди алып баруу жагы.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |