Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-декабры №11/46
Кызыл-Кыя шаарынын күнүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2017-жылдын 6-декабрындагы №01-8/1727 кайрылуу катын жана шаардын 1-вице-мэри А.Гапаровдун маалыматын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2008-жылдын 16-сентябрындагы №38/214 “Кызыл-Кыя шаарынын күнүн белгилөө жөнүндө” токтому күчүнү жоготту деп табылсын.
2. “Кызыл-Кыя шаарынын күнү” ар жылдын 24-октябры болуп белгиленсин.
3. 2018-жылы Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде, “Кызыл-Кыя шаарынын күнүн” жыл сайын майрам катары шаардык масштабда, ал эми төгөрөк даталарындагы мааракелерин облустук жана республикалык деңгээлдерде белгилеп, жогорку уюшкандыкта өткөрүү жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |