Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/19
Баткен шаарынын зооналдык жер салыгынын коэффицентинин көлөмүн 2019-жылдан бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337 беренесине, 339 беренесинин 4 пункутуна ылайык шаар аймагындагы жер салыгынын зооналдык коэффицентин, 337 беренесинин 6 пункутуна ылайык шаар аймагындагы айдоо жерлердин салыгын белгилөө максатындагы Баткен шаардык Кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июндагы №10 протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагында жер салыгынын төлөм көлөмүнүн зооналдык коэффиценти АТОлор боюнча төмөнкүдөй тартипте төлөмдөр бекитилсин:
-Кызыл-Дөң АТО су 1,1
-Келечек АТОсу 1,1
-Базар-Башы АТОсу 0,9
-Булак-Башы АТОсу 0,9
-Кызыл-Жол АТОсу 0,9
-Чет-Булак АТОсу 0,9
2. Шаар аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
-Сугат айдоо жерлер 1 гектарына 500 сом
-Кайрак айдоо жерлер 1 гектарына 80 сом
-Көп жылдык бактар 1 гектарына 290 сом
-жайыт жерлер 1 гектарына 15 сом
3. Баткен шаарынын аймагындагы жер салыгынын төлөм көлөмүнүн зооналдык коэффицентинин жана айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын ставкаларынын бекитилген төлөм көлөмдөрү 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |