Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/20
Баткен шаарындагы жетим, жарым жетим балдарга көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар жөнүндө
2018-жылдын июнь айына 2 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көп функционалдүү коляска республикалык бюджеттен каржыланып берилген. Коляска жалпы суммасы 78.920 сомду түзгөн.
2017-жылдын 31-декабрга карата Баткен шаардык социалдык онугуу башкармалыгында каттоодо турган 471 уй-було катталып 1447 бала Мамлекеттик жолокпул алуучулар болгон.
2018-жылдын 1-июнуна карата Мамлекеттик жолокпул алуучулардын саны 467 уй-було болсо 1378 бала мамлекеттик жолок пул алып жаткандыгы анык.
Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 2017-2018-жылдар ичинде тоголок жетим, жарым жетим жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар боюнча бир топ иштер аткарылган.
Баткен шаарынын аймагында 2017-жылы 18 жашка чейинки балдардын саны 10671 баланы түзөт. Анын ичинен 7 бала тоголок жетим, 394 бала жарым жетим, 166 бала ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар. Ата энесинин экөөнөн тең камкордугусунан ажыраган балдар соттун чечими менен туугандарына камкорчулукка берилген. Тоголок жетим балдарга мамлекет тарабынан социалдык жөлөк пулдар төлөнөт жана ал акчалардын балдарга жумшалгандыгы жөнүндө маалымат алып турулат.
2011-жылдан бери Баткен шаарынын аймагында жашаган тоголок жетим балдардын атына эсеп китепчелери ачылып, жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан берилген акча каражаты ачылган эсеп китепчелерине салынып келет. Бүгүнкү күндө Шайдулла уулу Ысмайылдын эсеп китепчесинде 320.000 сом акча каражаты салынган. Ошондой эле калган ата-энесинин багуусунан ажыраган балдардын эсеп ктепчесинде жалпы 90.000 сом акча каражаты бар.
2017-жылы 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 10.000 сом акча каражаты бөлүнүп, 20 балага 500 сомдон акча таркатылган. 1-июнь күнү “Балдар – биздин жаркын келечегибиз” аттуу марафон өткөрүлүп, бул акциядан 30.850 сом акча каражаты топтолгон. Түшкөн акча өткөрүлгөн иш чаранын жасалгалоо жана шаардык балдар бакчасынын балдарына белек алуу үчүн жумшалган. Калган акчалар 6 тоголок жетим балдардын эсеп китепчесине салынган.
2017-жыл 3-декабрь эл аралык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 50.000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардын аймагында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 100 жаранга, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 500 сомдон акча жардамга берилген.
“Балаты - 2018” балдардын жаңы жылдык майрамына жергиликтүү бюджеттен 20.000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардын аймагында жашаган тоголок жетим, жарым жетим, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жалпысы 50 балага жаңы жылдык белектер тартууланган.
2017-жылы турмуштук оор кырдаалга кабылган 7 үй-бүлө жана 22 бала катталган. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде турмуштук оор кырдаалга кабылган Кошоева Асылкандын үй-бүлөсүнө жергиликтүү бюджеттен 2015-2017 жылдары жыл сайын акчалай жалпы суммасы 19.000 сом жардам берилген. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде 200 киллограмдан көмүр берилди. Кошоева Асылкан өзү 2 топтогу майып болгондуктан 1217 сом соц.пенсия алат. Мындан тышкары Кошоева 4 баласы үчүн 3150 сом мамлекет тарабынан жөлөк пул алат. Бул үй-бүлөнүн жашоо шарты дайыма көзөмөлдөнүп, тийиштүү материалдык жана моралдык жардамдар берилип турат.
Турмуштук оор кырдаалга кабылган Дүйшөев Адылдын үй-бүлөсүнө Баткен шаарынын жрегиликтүү бюджетинен 2017-жыл үчүн 3000 сом акча жардамга берилди. Дүйшөев Адылдын аялы каза болгондуктан 5 баласыны өзү карап келет. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Дүйшөев Адыл Баткен шаарындагы № 57 кесиптик лицейга окутуучу болуп ишке жайгаштырылды. ДМЧ Адылбек кызы Гулзинага 3-декабрь күнүнө карата 400 сом акча берилди. “Жаңырык” коомдук фонду тарабынан 500 сомдук белек берилди. Демөөрчү Тилекова Эльмира тарабынан Дүйшөев Адылдын балдарына керектүү кийим-кечелер берилген..
Мукарамова Гулбарчын Баткен шаарында Чет-Булак участкасында жашайт. Карамагында 3 жашы жетелек балдары бар. Мукарамова Гулбарчын күйөөсү менен жашап туруп, күйөөсү үйдө жок болгон учурдан пайдаланып, үйгө чоочун кишилерди алып келип, спирт ичимдигин ичип, балдарыны карабай калган. Тийиштүү жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Мукарамова Гулбарчын Баткен райондук соттун 6-июль 2017-жылындагы чечими менен энелик укуктан ажыратылган. Бүгүнкү күндө Мукарамованын жашы жетелек 3 баласы чоңата-чоңэнесинин карамагында жашап келишет.
Баткен шаарынын тургуну Каримбердиева Замиранын жашы жетелек 2 баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүгү алынган эмес. Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо секторунун кызматкерлери Баткен райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы менен тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүп, Каримбердиева Замиранын эки жашы жетелек балдарына туулгандыгы жөнүдөгү күбөлүктөрү алынып берилди.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуштук оор кырдаалга кабылган Курбаналиева Токтокандын 2 баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Өзү балдары менен биргеликте мамлекет тарабынан социалык жөлөк пул алат. Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Эрмамат уулу Алмазбек менен биргеликте иш чаралар жүргүзүлүп, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык ишканасынын балансында турган бир бөлмөлүү квартира убактылуу Курбаналиева Токтоканга берилген. Бүгүнкү күндө балдары менен ошол квартирада жашайт. Жашы жетелек баласы Джумалинов Дилшатка 16 жашка толгондугуна байланыштуу паспорт алууга көмөк көрсөтүлгөн. Мэрия тарабынан жергиликтүү бюджеттен жыл сайын 3000 сомдон акча каражаты берилет.
Баткен шаарынын тургуну 1980-жылы туулган, ДМЧ Сидикова Бахор күйөөсү Бердикулов Авазбек менен ажырашып кеткен. Күйөөсү балдарыны карабай койгондуктан, сот аркылуу алимент өндүрүлгөн, эки кызы Баткен шаарынын “Нур” балдарды калыптандыруу борборуна жайгаштырылды. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Сидикованын 28.01.2014-жылы туулган Таштемиров Үсөн “Алтын-Бешик” балдар бакчасына жайгаштырылган. Жыл сайын мэрия тарабынан 3000 сомдон акча жана 200 кг. көмүр берилет.
Сулайманова Махабат Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлө болуп каттоодо турат. Өзү 2 топтогу майып 2200 сом соц.пенсия алат, карамагында 5 жашы жетелек балдары бар, мамлекет тарабынан 4455 сом балдарына жөлөк пул алат. Жыл сайын Баткен шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттен 3000 сомдон материалдык жардам алып келет. 2012-2018-жылы 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата балдарына 500 сом акчалай жардам алат. Жыл сайын Орозо айт, Курбан айт майрамдарына карата демөөрчүлөр тарабынан акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардамдар берилет. 2015-жылы 16-апрелинде Баткен райондук сотунун чечиминин негизинде 17.02.2002-ж.т. Имамали у.Искендер, 16.09.2007-ж.т. Джулдыбаев Ильяз үй-бүлөдөн тышкары Чүй областынын Панфилов районундагы Тилебалиев атындагы жетим балдар интернатына жайгаштырылган.
Момунов Ыктыяр ДМЧ, 2 топтогу майып, аялы менен ажырашып кеткен, карамагында 2005-жылы туулган Иматалиева Элнура аттуу кызы бар. Апасы кичине кезинде карабай кетип калган. Момунов Ыктыяр өзү карайт, эч жерде иштебейт, жашаган үйү бүткөн эмес, бир бөлмөсүндө эптеп жашап келишет. Момунов майыптыгы боюнча 2200 сом соц.пенсия алат. Үй-бүлө жана балдарды колдоо сектору тарабынан тийиштүү иш чара жүргүзүлүп, Момунов “Тазалык” ишканасына кароолчу болуп ишке жайгаштырылды. 3-декабрь ДМЧ күнүнө карата 2017-жылы 500 сом акча каражаты берилди. “Жаңырык” КФ тарабынан 500 сомдук белек кызы Эльнурага берилди. 2016-2017-жылы Иматалиева Эльнура Баткен шаарынын мэринин жаңы жылдык “Балаты” майрамдарына чакырылып, белектер берилген.
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну ДМЧ Сейдахматов Айбектин жашы жетелек баласы мектепте окуп журуп, бир нече жолу өзүнү билбей жыгылган. Жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Баткен шаарынын мэриясынын 03.11.2017-жылы № 03-24/296 токтомунун негизинде 4000 сом акча каражаты бөлүнгөн. Алган акчаны жашы жетелек 2002-жылы туулган Айбек уулу Анварды Ош психиатриялык ооруканага текшерүү жана майыптыгын аныктоо үчүн жумшаган. Баланы коргоо үчүн иш пландар түзүлүп, балдар менен иштөө комиссиясында бекитилип, тийиштүү иш чаралар жүргүзүлгөн.
Баткен шаарынын тургуну Турат Байзаков аялы Айдарова Сайкалбүбү менен ажырашкан, ортодо төрт баласы бар, экөө жашы жетелек балдар. Бүгүнкү күндо Айдарова Сайкалбүбү балдарыны карабай, белгисиз жакка кетип калган. Байзаковтун айтымында Айдарованын ден соолугу жакшы эмес, эмне иш жасаганын түшүнбөйт, ошондуктан балдарыны карабай жүрөт. Айдаровага карата соттук-психиатриялык экспертизаны дайындоо үчүн сотко кайрылган. Бул үй-бүлөнүн жашы жетелек балдарыны кароого тийиштуу иш чаралар жүргүзүлүүдө. Ар бир сот отурумга катышуу менен балдардын кызыкчылыгы корголуп жатат. Бүгүнкү күндө Байзаковтун балдары энесинин мээримине муктаж болуп турат, бирок балдардын апалары Айдарова Сайкалбүбү дайынсыз жоголуп кеткен.
2018-жылдын июнь айына карата Баткен шаарынын аймагында 18-=жашка чейинки балдардын саны 10817 түзөт. Тоголок жетим 6, жарым жетим 394, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 172 бала жашап келет.
2018-жылы 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 16.000 сом акча бөлүнүп, шаардын аймагында жашаган 32 балага (тоголок жана жарым жетим, ДМЧ балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына) ар бирине 500 сомдон акчалай жардам берилди.
2018-жыл 1-июнь күнү “Балдар – биздин жаркын келечегибиз” аттуу марафон өткөрүлду. Марафонго Баткен областтык жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып өздөрүнүн салымдарын кошту. Марафондон түшкөн акча 61.270 сом 1-июнга карата өткөрүлгөн иш чаранын жасалгасына, балдар бакчанын балдарына белектерге, өткөрүлгөн конкурстар үчүн белектер үчүн жана тоголок жетим балдардын эсеп китепчелерине салынган (бул жөнүндө бардык документтер папкага тиркелген.)
Шаардын аймагындагы 6 тоголок жетим балдардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү такталган. Тийиштүү жүргүзүлгөн иш чаралардын негизинде Мусаева Даткайым жана Мусаева Айдананын каза болгон ата-энесинин кыймылсыз мүлкү калган кыздарына башкача айтканда Даткайым менен Айданага нотариус аркылуу мыйзамдуу катталган.
Шайдулла уулу Ысмайылдын каза болгон ата-энесинен 600,0 м2 жер участогу калган, нотариус аркылуу кыймылсыз мүлк Шайдулла уулу Ысмайылга катталган.
Жогорудагыларды угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы Токтом кылат :
1.Баткен шаарынын аймагындагы жетим, жарым жетим балдар үчүн шаардык социалдык коргоо башкармасы тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар жетишеерлик экендиги белгиленсин.
2.Шаардагы жетим,жарым жетим балдардын келечеги үчүн камкордуктарды көрүү менен алардын турмуштан өз ордуларын таап кетишине ар дайым көзөмөлдү үзгүлтүксүз жургузүү жагы шаар мэриянын тийиштүү бөлүмдөрүнө жана шаардык социалдык өнүгүү башкармасына эскертилсин.
-жетим, жарым жетим балдардын бош убактыларында маданий эс алуу жана интелектуалдык деңгелин көтөрүү үчүн переспективалуу иш пландары иштеп чыгып сунуштоо жагы шаар мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө тапшырылсын.
-жыл сайын жашы 18 ге чыгып жашоодон өз орундарын табууга жашы жеткен жетим жана жарым жетим балдардын тагдырлары боюнча маалыматтар уктурулуп турулсун.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин жаштар, спорт, туризм, медицина, маданият жана социалдык жактан өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергенов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |