Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/22
Баткен шаарынын ичинде жол эрежелеринин сакталышы жана шаардык жол кайгуул кызматынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Баткен шаар аймагында шаардын аймагында жол кайгуул кызматкерлери 3 кызматкерлерден турат. Шаардын аймагындагы 9 мектепте жол кайгуул кызматкерлери тарабынан окууну жургузуп окуучулар арасында мелдештер өткөрүлүп келет.Жол кайгуул кызматкерлеринин жетишсиздигине байланыштуу шаардын кээ бир көчөлөрүндөгү жол эрежелери сакталбай калышы көрүлүп турат.
Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын Баткен ШИИБ жанындагы светофордун жанындагы жолдогу жөө журучулорго атайын жолдон өтүү үчүн зебранын жоктугу жол эрежесин бузулуп тургандыгы, Т.Садыков, И.Раззаков, М.Нургазыев көчөсүнүн кесилишиндеги жолдогу жөө жүргүнчүлөрдүн жолундагы зебранын өчүп кеткендиги, М Нургазыев, Ж.Бөкөнбаев көчөсүндөгү кесилиште жөө жүрүчүлөрдүн жолундагы зебранын өчүп кеткендиги, Т.Садыков, М.Салихов, К.Турмаматов көчөлөрүндөгү кесилиштеги жөө жүрүчүлөрдүн жолундагы зебранын жоктугу, М.Салихов,Сайдиман ажы кочосундогу кесилиштеги зебранын очуп кеткендиги жана светофордун бир тарабындагы жоктугу жол эрежелерин бузуулуда.
2015-2016 жылдары 236 даана жол белгилери коюлгандыгын шаар мэриясы белгилеп отту бирок кээ бир кочолорго коюлган белгилер кайрадан жок болуп ошол аймакта авариялык абалды жаратып жаткандагы билинип турат.Атап айтсак шаардын аймагындагы Муса Кадыр менен ж Боконбаев кочосунун кесилишиндеги жол эрежелери жоктугуна байланыштуу кочонунун бурчундагы изгород менен тосулган тосмо жол кырсыгына автоунааларга авариялык абалды пайда кылып турат ошол кочолорду тардыгынан. Тургунбай Садыков кочосунундогу токтоого мумкун эмес белгилери орнотулуп турса дагы автоунаалар коюлуп жолдун эки бетине авариялык абалды пайда кылып турат жана кичи базардын айланасындагы Самаркандек жана Кызылжол тарапка кетчу автоунааларга шаар тарабынан автоунаа токтоочу жайга уруксат берилсе да жолдо автоунаа тыгынынын пайда кылып жол эрежелерин бузулуп жаткандыгын корунуп турат.Шаардын М. Нургазыев кочосунун Асылбек соода борборунун он жагындагы автоунаа токтоого уруксат жок деген белги коюлган болсо азыркы учурда ошол белги жок болуп баш аламан машинелер коюлуп тургандыгы билинип турат.Шаардын чон базарындагы Сайдиман ажы кочосундогу жолго сатуучулар чыгып жол эрежелери бузулуп автоунаалардын ары бери отуусуно тоскоолдук болууда жана тыгынга алып келип жол эрежелери сакталбай авариялык абалды жаратып жатат.Базардын эки тарабы М Нургазыев жана М Салихов кочолорундо да жол белгилери турсада жол эрежелери сакталбай келе жатат.Абдувалиева Калбубу кочосунун Дыйкан базарына чейинки аралыкта да жолдун тардыгы жол эрежелерин бузууга алып келип жаткандыгы белгилеп кетсек болот жана ошол эле дыйкан базарын жанындагы Ж Боконбаев кочосунун тардыгы жол эрежелери сакталбай жаткандыгы жана тратуар жоктугу жол коопсуздугун бузуп турат. М Салихов кочосундогу биримдик базарынын жанындагы чоон автоуналар жол боюнда цемент жана ушуга окшогон курулуш материалдарын саткан соодагерлер атайын жол боюнда жол эрежелерин сактабай тыгынды пайда кылып жол эрежелери бузуулуда. Баткен шаарындагы М.Салихов жана Т.Садыков кочолорундогу кичи футбол аянтчалары жайгашкандыгы жана аларга атайлап автоунаа токтогонуна жайдын жоктугу жолдогу тыгынды жаратып бара жаткан автоуналарга жол эрежелерин сакталышына тоскоолдук кылып жатат.Т.Садыков кочосундогу Бужум жана Кара-Булак айылдарына кетчу аялдаманын жанындагы тыгында жол эрежелерин бузуп коопту жаратып турат. Шаардын аймагындагы М.Салихов кочосундогу бириккен оорукананын уй булолук дарыгер борборунун жанындагы жайгашкан Детсад жана поликлиниканын жанында жолдун эки тарабынан автоуналарды атайын токтоочу жай жоктугуна байланыштуу автоуналар тарабынан жол эрежелери сакталбай келет.К Турмаматов кочосунун тургундарын айтымында туну оор жук ташуучу чоон машинелер отууго уруксаты жок кочоого салышып элдин тынчын алып жол эрежелерин бузуп жол коопсуздугу бузулуп жатат деп айтылууда.Баткен шаарынын светофорлорунун бузулуп калышы да жол эрежелери жол коопсуздугун бузулуда деп айтылууда.
Баткен шаарынын жол эрежелеринин сакталышына жол кайгуул менен мэрия биргеликте шаар ичинде атайын автоунаа токтоочу жайларды уюштуруп шаардын бюджетине акча тушууру максатын коюу шаардын кээ бир кочолоруну кенейтуу тратуарларды уюштуруп жол коопсуздугун сактоо.
Баткен шаардык ШИИБ алдындагы ЖККК болумчосу кызматкерлери тарабынан жургузгон иштери боюнча Баткен шаарындагы кээ бир тыгын пайда кылган кочоолорго катуу козомолго алып иш алып баруусу жеткиликсиз. Жол кырсыктарын алдын алуу жана профилактикалык иштерди жургузуу жана атайын рейддерди дайыма откоруу. Шаардын ичиндеги оор жук ташуучу чон автоунааларды шаардын ичинен сырта жургуузууну колго алуу жана оор жук ташуучу кум,шагал,топурак ташыган чоон машиналар ташыган жукторун устун жабып ташууну козомолго алуу жагы эскертүүлүүсү менен Баткен Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык ШИИБнын алдындагы жол кайгуул кызматынын жүргүзүп жаткан иштери эске алынуу менен жол эрежелеринин сакталышы жеткиликсиз экендиги белгиленсин.
2.Шаар ичиндеги жолдордо автоуналардын жүрүү тартибин сактоо жагы шаардык жол кайгуул кызматы тарбынан күчөтүү жагы эскертилсин.
-шаардын ички жолдорунда оор жүк ташуучу автоунаалардын, топурак, шагал, таштанды ташыган автоунаалардын үстүлөрүн жаап ташуусу эскертилсин жана көзөмөлгө алуу жагы жол кайгуул кызматына тапшырылсын.
3.Шаардын ички жолдорундагы жол белгилерин толуктоо жана ар дайым оң абалда кармат туруу, аялдамаларды уюштуруу жагы шаар мэриясына жана шаардык жол кайгуул кызатына эскертилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шаардык Кенештин укук коргоо,мыйзамдуулук,чек ара кылмыштуулук,депутаттык мандат,этика жана регламент маселелер боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |