Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/23
Баткен шаарындагы ишкерлердин укуктарынын корголушу жана жасап жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин укуктарын коргоо учун Кыргыз Республикасынын 2001 ж 1 февралында №15 сандуу «Ишкерлердин укуктарын коргоо» жонундогу мыйзамын жетекчиликке алып шаар мэриясы шаар аймагындагы ишкерлердин иштерин алдыга жылдыруу чараларын камсыздап келет. Мыйзамдын негизинде шаардын аймагында жеке ишкерлерди колдоо максатында семинар окуу жана кенешмелер өткөрүлүп турат. Жеке ишкерлерди колдоо максатында Баткен шаардык кенешинин токтому менен айыл чарба багытындагы 176 га жерди «өнөр жай багытына» өткөрүү максатында токтом кабыл алынган. Баткен шаар аймагындагы жеке ишкерлер ошол жерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жерди трансфармациялоого токтом менен бекитип берсе жеке ишкерлердин айтуусунда сүт цехи, мал союу цехи, логистикалык борбор,мебелдер цехи жана ушуга окшогон завод цехтерди куруу максатын билдиришти. Баткен шаарындагы жеке ишкерди колдоо максатында Айыл Банк жана РСК Банк тарабынан жеке ишкерлер өндүрүш тармагын өндүрүү жолуна Банк тарабынан 6 % чен менен 36 айга насыя берилет.КР Президентинин буйругу менен 2016 ж июнь айында орто жана чакан бизнести колдоо максатында мамлекеттик акциясы 100 пайызы бар «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коому тузулуп азыркы учурда шаардын аймагында жеке ишкерлерди колдоо максатында иш алып барылып жатат жана мындан аары «ГФ» «Бир район бир ишкана» алкагында ишкана курамын деген ишкерлерди колдоого алуу милдети коюлган.
Жеке ишкерлерди кезексиз текшерүүлөр жарандын же органдын арызы негизинде гана мыйзамдын чегинде текшерилет жана салык кызматынын бирдиктуу терезеси иштеп салык кызматы тарабынан жылына бир жолу мыйзамдын чегинде пландык текшеруу жүргүзүлөт.Баткен шаарынын аймагында Баткен шаардык салык инпекциясынан маалыматы менен 1074 жеке ишкер катталган алардын 150 жеке ишкерлери ЖИА га (жеке ишкерлер ассоцациясы) катталып мүчө болуп кызматташат ЖИА менен кызматташкан жеке ишкерлер тарабынан быйылкы жыл ичинде «ДАНЕКО» компаниясы өрук шербети чыгарганы жана өрүктүн данегинин май чыгарганы шаардын элине жанылык болду. Мындан сырткары япониялык долбоордун негизинде «Бир айыл бир продукт» ишке ашырылышы жана ишкерлердин денгеелин көтөрүү максатында окууларды өткөрүүсү. Шаардын аймагындагы ЖИА га мүчө болгон ишкерлердин айтымында жакынкы арада өрүктүн данегин кайра иштетип печенье чыгаруу пландашып ишке ашыруу алдында тургандыгы да жакшы жанылык болот.
Ишканалары электр жарыгын такай колдонулган ишкерлер үчүн электр энергиясын колдонуудагы «уруксат кагазын» кабыл алуусу кыйынчылык туудургандыгы өкүнүчтүү.
Шаардагы ачык базардан башка орундарда М: жеке менчик ишканасында, дүкөнүндө, цехтеринде жалпы эле ишкерлердин ишкердик жүргүзгөн жайларында мамлекетке тиешелүү болгон жардамдарды толугу менен ишкерлер алышып келе жатат.
Мыйзам чегинде жүргүзүлүүчү ишкерликтин бардык формаларына жол берилип жатат.
-жеке эмгектин негизинде ишкерлик жүргүзүү;
-Жалданма эмгекти пайдалануу менен ишкердик жүргүзүүгө
-юридикалык жакты түзбөстөн жана башка ишкердик жүргүзүү
Жогорудагыларды угуп талкуулап чыгып Баткен Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын аймагындагы ишкерлердин ишмердүүлүгүндө укуктарынын корголушу жана колдоо көрсөтүү боюнча Баткен шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери канаатандыраарлык экендиги белгиленсин.
-шаардагы жеке ишкерлердин ишкердигинде мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын мүмкүн болгондой тартипте кызмат көрсөтүүлөрдү алуу менен шаарда шкердикти өнүктүрүү жылдан жылга өсүп жаткандыгы белгиленсин.
-ишкердикти өнүктүрүү жылдан жылга шаар аймагында өсүп жаткандыгы
2.КР нормативдик мыйзамдарын эске алып шаардагы ишкерлердин иштерин өнүктүрүү үчүн мындан ары да керектүү болгон иш чараларды июштуруп туруу жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |