Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/24
Баткен шаарынын аймагында “жеңилдетилген типтеги обьектилер үчүн шаардын муниципалдык менчигинин карамагындагы жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002–жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 4; 19; 21-статьяларына ылайык, шаар аймагындагы муниципалдык менчиктин карамагындагы жер участокторун жеңил типтеги обьектилерди ижаралык ыкмада орнотуунун тартибин жана шарттары жөнүндө иштелип чыгылган жобосун бекитүү максатындагы шаардык Кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июндагы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын аймагында «жеңилдетилген типтеги обьектилер үчүн шаардын муниципалдык менчигинин карамагындагы жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Бекитилген жобо шаар калкына шаардык “Өрүкзар” газетасы аркылуу жеткирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |