Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 21-июнь № 01-8/26
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин менчигинде турган “жер участокторун ижарага берүү келишимин”, “жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижара келишими”, “жер участогун сатып алуу- сатуунун келишимдеринин” формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрдагы
“Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомун эске алып , Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына жана Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июндагы отрумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик депрартаментинин менчигинде турган “жер участокторун ижарага берүү келишиминин”, “Жеңилдетилген типтеги обьектилер үчүн жер участогуна ижара келишими”, “Жер участогун сатып алуу-сатуунун келишимдеринин” формалары бекитилсин. (келишим формалары тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
|
|
Жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
20__ -жылдын "___"___________ Баткен шаары
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментинин атынан директор_______________________________________________________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана_________________________________________________________
(Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
______________________________________________________________атынан ___________________________________________________________________
(Кызматы, аты-жөнү)
экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө
бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, комиссиянын ___________ "____" ______ № ____ чечиминин негизинде (№ _ протокол) Ижарачыга ижаралык пайдаланууга
____________________ жылдык мөөнөткө аянты _________ чарчы метр, Баткен шаары, ______________________________________
дарегинде жайгашкан ___________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн) үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн
чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижара акылар жер участогунун ижара келишими түзүлгөн күндөн тартып саналат.
2.2. Жылдык ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен бирдей үлүштө квартал сайын айдын 1-числосуна чейин кийинки отчеттук кварталга чейин жүргүзүлөт.
2.3. Кийинки жылдар үчүн ижаралык төлөмдүн өлчөмдөрүнүн эсеби Баткен шаардык Кеңештин токтомуңа ылайык келүүчү ошол учурдагы колдонуудагы эсептерге ылайык аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
2.5. Бул келишим тарабынан белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопко тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укукка ээ:
3.1.1. Баткен шаарынын мэриясынын токтому жана бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. ижарачы тарабынан берилген жер участогунда тургузулган имараттар, курулмалар, көрктөндүрүүнүн элементтери анын менчиги болуп саналат. Жер участоктун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин аларды андан ары колдонуу жөнүндө маселе Ижарачы тарабынан чечилет;
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда жана келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин жаңы мөөнөткө бул ижара келишимди узартуу үчүн башка бирдей шарттарда башка адамдардын алдында артыкчылык укукка ээ;
3.1.4. бул келишимдин иштөө мөөнөтүнүн убагында же бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен белгиленген тартипке ылайык бул участокко менчик укукту алууга (сатып алууга).
3.1.5. Ижарачы милдеттүү:
3.1.6. ижарага берүүчүгө жер участогун түзүү менен байланышкан чыгымдарды эсептөөлөргө ылайык төлөөгө;
3.1.7. ижарага алган жер участогун максат багытына ылайык натыйжалуу пайдаланууга;
3.1.8. жер участогунун пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык пайдаланган мезгил үчүн бул келишим тузулгөнгө чейин Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик департаменти тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык төлөп-турууга;
3.1.9. бул келишим түзүлгөн күндөн тартып бир айдын ичинде Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен райондук Госрегистрге жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү жол-жоболоштурууга жана жер участогуна укугун Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө;
3.1.10. күбөлүктү жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаар курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Баткен шаардык Архитектура башкармалыгынан каттоодон өтүүгө;
3.1.11. жер участогуна укук ырастаган документти жол-жоболоштургандан кийин бир айдын ичинде Баткен шаардык Архитектура башкармалыгынан архитектуралык-пландоо шартын (АПШ) заказ кылууга;
3.1.12. бул келишим түзүлгөн учурдан тартып алты айдын ичинде бул аймактын курулуш долбоорун иштеп чыгууга жана белгиленген тартипте Баткен шаардык Архитектура башкармалыгы менен макулдашууга;
3.1.13. долбоор макулдашылгандан жана бекитилгенден, Баткен шаардык Архитектура башкармалыгынан объектти каттоодон өткөргөндөн жана курулуш-монтаждоо иштерин аткарууга уруксат алгандан кийин бир айдын ичинде белгиленген тартипте объекттин курулуш иштерине киришүүгө;
3.1.14. ченемдик мөөнөттө, бирок ____ (айда/жылда) убакытта курулушту аяктоого жана объектти эксплуатацияга тапшырууга;
3.1.15. берилген жер участогунда жана жанаша аймакта жайгашкан инженердик тармактарды техникалык тейлөө жана ремонттоо зарыл болгондо эркин өтүүнү камсыз кылууга;
3.1.16. көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну аткарууга (көкмайсаңдарды, гүлзарларды уюштуруу), ирригацияны аткарууга (арыктарды калыбына келтирүү), транспорт жолдорун асфальттоого жана тротуарларга "брусчатка" тибиндеги плиткаларды төшөөгө, сутканын түнкү мезгилинде тышкы жарыктандырууну камсыз кылууга (шам чырактарды орнотуу);
3.1.17. аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну, көрктөндүрүү элементтерин тиешелүү техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүнү камсыз кылууга.
3.1.18. "Баткен-Тазалык" ишканасы менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.1.19. төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.1.20. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына.
3.1.21. анык чектер белгиленгенден кийин жер участогун пайдаланууга киришүүгө жана жерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун ырастаган документтерди белгиленген тартипте алууга;
3.1.22. жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде имараттарды жана курулмаларды курууга, инженердик тармактарды жана курулмаларды тургузууга, макулдашылган долбоорго ылайык берилген жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүгө, бул берүүнүн зарыл шарты болуп саналат;
3.1.23. Баткен шаарынын мэриясынын токтому/бул келишим менен аныкталган курулуш мөөнөтүн бузган учурда, Ижарага берүүчүгө ченемдик курулуш мөөнөтү аяктаган учурдан тартып ижара акынын толук наркын төлөп берүүгө;
3.1.24. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.1.25. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.1.26. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.1.27. берилип жаткан жер участогунда объекттерди эксплуатациялоону жана курууну, жерлерди коргоону жана пайдаланууну контролдоочу тийиштүү мамлекеттик органдарга берилип жаткан жер участогуна эркин өтүүнү белгиленген тартипте камсыз кылууга;
3.1.28. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,1% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана штрафты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
3.1.29. бул келишимдин 3.2.10-пунктуна ылайык жер участогун пайдалануу үчүн ижара акы төлөнгөндүгүн, ошондой эле туумдар жана штрафтар үчүн акы төлөнгөндүгүн белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган акы төлөөчү документ түрүндө ырастоого, анын көчүрмөсү Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчик департаментине берилет;
3.1.30. жер салыгын өз убагында төлөөгө. Жер салыгын төлөө боюнча милдеттер бузулган учурда Ижарачы КР мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат;
3.1.31. эгер зарыл болсо, Ижарачынын чечими боюнча пайдалануу укугу токтогондо өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан жер участогунан убактылуу имараттарды жана курулмаларды алып таштоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.1.32. жер участогу көп кабаттуу же/жана аз кабаттуу турак үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн берилсе, Ижарага берүүчүдөн жер участогуна менчик укукту объект эксплуатацияга берилгенге чейин же 17% даярдыкта сатып алууга;
3.1.33. келишим бүткөндөн кийин Ижарага берүүчүгө жер участогун баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга;
3.1.34. бул келишимдин иштөө мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) ай калганда, Ижарага берүүчүнү жаңы мөөнөткө келишим түзүү же аны түзүүдөн баш тарткандык жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.
3.2. ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.2.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.2.2. ижарага алынган - жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.2.3. ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, Баткен шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) белгиленген мөөнөттөрдө жер участогун өздөштүрбөгөн учурда;
д) бул келишимдин шарттарын аткарбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузганда.
4.1.3. ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.5. ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
4.3. Ижарага берүүчүнүн төмөнкүгө укугу жок:
4.3.1. бул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун пайдалануу укугун же белгиленген тартипте келишимди жокко чыгаруусуз үчүнчү адамга берүүгө.
5. Тараптардын жоопкерчилиги
5.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
5.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Талаштарды чечүү тартиби
6.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
6.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
7. Башка шарттар
7.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт.
7.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө үч айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
7.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдары өзгөртүлгөн учурда бир тараптык тартипте киргизилиши мүмкүн.
7.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч экземплярда түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда жана үчүнчүсү - Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына каттоого берилет.
8. Өзгөчө шарттар
8.1. Конкурстун шарттарына ылайык Ижарачы төмөнкүгө милдетүү:
______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ ИЖАРАЧЫ
__________________________ __________________________
(колу) (колу)
М.О. М.О. |
|
Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижара КЕЛИШИМИ
Баткен шаары 20__ -жылдын "___"___________
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин атынан директор_______________________________________________________ мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталган, бир тараптан, жана
________________________________________________________________
(Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
______________________________________________________________атынан _________________________________________________________________
(Кызматы, аты-жөнү)
экинчи тараптан, мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу төмөнкүлөр жөнүндө
бул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү, Баткен шаарынын мэриясынын _________________ _________________ "___" ________ - № ___ токтомунун негизинде Ижарачыга ижаралык пайдаланууга ___________________________ жылдык мөөнөткө аянты _____________ чарчы метр, Баткен шаары, _______________________________ _______________________________________________________________________ дарегинде жайгашкан____________________________________________________
(жер участогун пайдалануунун максаттуу багыты көрсөтүлсүн)
үчүн бул келишимге тиркелүүчү участоктун чиймесинде көрсөтүлгөн
чектердеги жер участогу.
2. Ижаралык төлөм
2.1. Ижаралык төлөмдөр Баткен шаарындагы жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө комиссиянын 20 __-жылдын "_____" ______________ № ____ чечими чыккан күндөн тартып эсептелинет, ай сайын ________________________________________________________________ түзөт.
2.2. Ижаралык төлөмдү төлөө Ижарага берүүчү көрсөткөн расчеттук эсепке киргизүү жолу менен ар айдын 1-числосуна чейин жүргүзүлөт.
2.3. Ижаралык төлөмдү эсептөө Баткен шаардык кеңештин тийиштүү токтомуна ылайык аныкталат.
2.4. Жердин ижарасы боюнча ижара акыларды кайрадан карап чыгуу жыл сайын жүзөгө ашырылат.
2.5. Ижара келишими түзүлүп жаткан учурда Ижарачы Ижарага берүүчүгө үч
айлык ижара акы өлчөмүндөгү сумманы төлөйт, ал күрөө суммасы катары
________________________ (___________________________) сомду түзөт, ал
Ижарага берүүчүнүн депозитинде ижара келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейин кармалып турат. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктаган соң, сумма ижарачыга ижара акы боюнча карыздарды же жеңилдетилген типтеги объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдарды ижарачы тарабынан келтирилген зыян тартуулар суммасын чыгарып алуу менен кайтарылат.
2.6. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижаралык төлөмдөн тышкары жер салыгын төлөйт.
Салыктын жылдык көлөмү бир жылга _________________________________ _________________________________________________________ сомду түзөт.
Акы төлөөлөр кийинки отчеттук кварталга чейин бирдей үлүштө ар бир айдын 15нен кеч эмес төлөнүшү керек.
2.7. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген мөөнөттө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде белгиленген өлчөмдө айып санкциялары колдонулат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. бул келишим тарабынан белгиленген максаттарга жана шарттарга гана ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө;
3.1.2. Ижарачы ижарага алган жер участогунда тургузулган жеңилдетилген типтеги объекттер анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктагандан кийин анын андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарага берүүчү тарабынан чечилет.
3.1.3. өз милдетин тийиштүү түрдө аткарганда келишимдин мөөнөтү аяктаган учурда жаңы мөөнөткө бул ижара келишимин узартууга.
3.2. Ижарачы милдеттүү:
3.2.1. "Баткен-Тазалык"ишканасы менен таштандыларды жана КТТны ташып чыгаруу келишимин түзүүгө;
3.2.2. Төмөнкүлөрдү өз эсебинен ишке ашырууга милдеттүү:
- жер участогун жана жанаша жайгашкан аймакты, керек болгон учурда короонун аймагында санитардык тазалоону;
- жер участогуна жанаша жайгашкан же ал аркылуу өткөн ирригациялык тармактарды калыбына келтирүүнү жана тазалоону;
3.2.3. максаттуу багыттарына ылайык ижарага алган жер участокту натыйжалуу пайдаланууга;
3.2.4. төмөндөгүлөргө жол бербөөгө милдеттүү:
- жанаша аймакта жайгашкан жашыл бак дарактарды бузууга, көчүрүүгө же жок кылууга;
- жер участокто, жанаша жайгашкан аймакта же короонун аймагында таштандылардын топтолушуна;
- өзүнүн чарба ишкердиги менен ижарага алган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын начарлоосуна;
- чарбалык ишкердиктин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш - аламан көчө соодасына;
3.2.5. келишим түзүлгөндөн кийин ижарага алган жер участогун пайдаланууга киришүүгө;
3.2.6. жер участогун пайдалануу учурунда көрктөндүрүүгө жана берилген жер участогун, анын ичинде арык системасын, таза кармоого;
3.2.7. өзүнүн эсебинен ижарага алынып жаткан участокто чөп-чар толуп калуудан, сазга айлануудан, өрт чыгуудан жана булгануудан коргоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды табууга;
3.2.8. башка жер пайдалануучулардын укугун, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш ресурстарын пайдалануу тартибин бузбоого;
3.2.9. өз чарбалык ишмердигинин натыйжасында, Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер колдонуучуларга ижарага алынган жер участогунун сапатынын жана өз чарба ишмердүүлүгүнүн натыйжасында экологиялык абалдын бузулушуна байланыштуу зыяндарды, чыгымдарды кошуп, толук көлөмдө төлөп берүүгө;
3.2.10. жер участогун пайдалануу үчүн ижара акыны өз убагында төлөөгө, ижара акыларын төлөө боюнча милдеттерди бузганда мөөнөтүнөн өткөн ар бир күн үчүн карыз сумманын 0,5% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынын 25% нан ашпаган туум эсептелет. Туумду жана айыпты төлөгөнү менен Ижарачы жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотулбайт;
Эгер айып (туум) негизги карыздын 25 пайызын түзсө, объект Иижарачынын эсебинен бузулат же демонтаждалат.
3.2.11. пайдалануу укугу токтогондо ижарага алган жер участогунан объектти өз эсебинен демонтаждоого жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүгө;
3.2.12. келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоого жана Ижарага берүүчүгө баштапкы абалынан начар эмес абалда кайтарууга.
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу жок төмөндөгүлөргө укугу жок:
3.3.1. бул ижара келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө;
3.3.2. ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
3.3.3. ижара укуктарды күрөөгө коюуга жана аларды менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары киргизүүгө.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. жерлерди пайдаланууну жана коргоону контролдоону ишке ашырууга;
4.1.2. келишимди бир тараптык тартипте бузууга, Баткен шаарынын мэриясынын мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүү токтомун жокко чыгарууга жана жер участогун төмөнкү учурларда алып таштоого:
а) жерди максаттуу багытта пайдаланбаган учурда;
б) топурактын түшүм берүүчү катмарын бузууга, экологиялык абалдын бузулушуна алып келген ыкмалар менен жер участогун пайдалан учурда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара төлөмүн төлөбөгөн учурда;
г) Ижарачы өз милдеттерин аткарбаганда;
д) бул аймакта пландуу курулуштун башталышы;
е) ижарага алган жер участогунда жана чарба иш-аракетинин жанаша жайгашкан аймактарында баш-аламан көчө соодасына жол берүү;
е). 5.1. пунктта көрсөтүлгөн учурларда.
4.1.3. Ижарачынын чарба ишмердигинин натыйжасында жердин сапатынын начарлашына жана экологиялык абалына тийгизген кесепеттеринин ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. колдонуудагы мыйзамдар өзгөргөн учурда келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.55. Ижарачы тарабынан жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзам бузууларда, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузганда ишти токтоттурууга.
4.2. Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга жер участогун бул келишимдин шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. Ижарачынын чарбалык ишмердигине кийлигишпөөгө, эгер мыйзамга жана бул келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участогун натыйжалуу пайдалануусуна тоскоолдук кылбоого;
4.2.3. Ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалын контролдоону ишке ашырууга;
5. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо
5.1. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
- жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырууга, уруксат берүүчү документтери тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жатса;
- жаңы курушу ишке ашырылып жатканда;
- соттун чечими боюнча;
- Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
- келишимдин шарттарын бузган учурда;
- 3 айдын ичинде ижара акыларды төлөбөгөндө;
- архитектуралык жана шаар курулушу ченемдерине ылайык келбеген учурларда;
- Баткен шаарынын турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык - шаар курулушу ченемдер кабыл алынганда.
5.2. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн чейин объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.
Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбас жана анын кайда экендигин аныктоо кийин да мүмкүн эмес болсо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана Баткен шаарынын ыйгарым укуктуу органынын кызматкерлери тарабынан кол коюлат.
5.3. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүгө тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
5.4. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти демонтаждоо жүргүзүлүүдө Баткен шаарынын мэриясынын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын, ошодой эле жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
5.5. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Баткен-Тазалык" ишканасына жөнөтүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы боюнча убактылуу сактоого өткөрүлөт. Объектти сактоо, объектти демонтаждоо боюнча кеткен бардык чыгымдарды жеңилдетилген типтеги объектин ээси төлөгөндө жана Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде объект берилет.
5.6. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментини кетирген чыгымдарын кайтаруу акча каражаттарын кассага накталай төлөө же ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш счетуна которуу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект "Баткен-Тазалык" ишканасынын аймагында 10 күнгө чейин акысыз сакталып турат. 10 күн өткөндөн кийин объекти сактоо акылуу негизде жүзөгө ашырылат.
5.8. "Баткен-Тазалык" ишканасы объекттин сакталышы жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышын үчүн жоопкерчилик албайт.
5.9. Жеңилдетилген типтеги объектти сактоо үчүн акылар акча каражаттарын кассага накталай же "Баткен-Тазалык" ишканасынын алыш-бериш счетуна которуу менен төлөнөт.
6. Тармактардын жоопкерчилиги
6.1. Бул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө 30 күн калганга чейин мыйзам тартибинде кат жүзүндөгү эскертүү боюнча токтотулушу мүмкүн.
6.2. Ар бир тарап бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
7. Талаштарды чечүү тартиби
7.1. Ижарачынын чарбалык ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштарды тараптар сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүгө тийиш.
7.2. Эгер макулдашуу менен чечилбесе, талаштар сот тартибинде чечилет.
8. Башка шарттар
8.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогун бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы кайтарууга жатпайт жана ижара мөөнөт аяктагандан кийин бөлүнбөс жакшыртуулар ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.
8.2. Ижарага берүүчүнүн макулдашуусу менен Ижарачы ал тараптан бул келишимдин шарттарын бузуулар жок болгондо, Ижарага берүүчүгө бир айда кат жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү жолу менен бул келишимди каалаган убакытта анын калоосуна ылайык жокко чыгара алат:
8.3. Бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр, толуктоолор тараптардын жазуу түрүндөгү макулдашуусу боюнча киргизилиши мүмкүн.
8.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Бир нуска Ижарага берүүчүдө, экинчиси - Ижарачыда болот.
8.5. Бул келишим 200__ -жылдын "____" ____________ тартып, 200__ -
жылдын "___" _______ чейин жарактуу.
8.6. Ижарачы жер участогун _________ тартып ___________ чейин анык
пайдалангандагы үчүн ___________ сом суммасын түзөт.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери:
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ ИЖАРАЧЫ
__________________________ __________________________
(колу) (колу)
М.О. М.О.
|
|
Жер участогун сатып алуу – сатуунун № ____ КЕЛИШИМИ
Баткен шаары 200__-жылдын "___"_______________
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти Баткен шаардык кеңештин 20__- жылдын "___" _________ № _____ токтомунун негизинде аракеттенген директор______________________________________ атынан, мындан ары "Сатуучу" деп аталган бир тараптан жана мындан ары
"Сатып алуучу" деп аталган ____________________________________________ (паспорттун номери, берилген күнү: _____ -жылдын "___"_________) экинчи тараптан төмөнкү жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Сатуучу Баткен шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын чечиминин ____-жылдын "_____" _______ № ____________ протоколунун негизинде акылуу негизде өткөрүп берет, ал эми Сатып
алуучу Баткен шаары, _________________________ аянты ___________ га жер участогунун тиркелүүчү чиймесине ылайык бардык убарасы жана сервитуттары менен жер участогун менчикке кабыл алат жана акысын төлөйт.
1.2. 1.1. пунктта көрсөтүлгөн жер участогу _________ үчүн сатылат.
2. Жер участогун сатуу баасы, мөөнөттөрү жана акы төлөө тартиби
2.1. Бул келишим боюнча жер участогунун баасы ____________________ (сан жана жазуу түрүндө) сомду түзөт жана жер участогун түзүү менен
байланышкан чыгымдар келишим түзүлүп жаткан учурда Кыргыз
Республикасынын ___________ сомун түзөт.
2.2. Жер участогунун сатуу баасы сатып алуучу тарабынан акча каражатын которуу жолу менен же накталай төлөнүшү керек:
_____________ (банктык реквизиттер) ___________________________________
Акы төлөө жер участогун сатып алуу - сатуу келишими түзүлгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. бул келишимде каралган мөөнөттө жана өлчөмдө жер участогунун наркын төлөөгө.
3.1.2. сатуучуга бул келишимдин шарттарын аткаруу жөнүндө керектүү материалдарды, маалыматтарды, башка документтерди берүүгө.
3.1.3. сатып алган жер участогуна менчик укуктар жаралган учурдан тартып Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган өлчөмдө жана тартипте жер салыгын төлөп турууга.
3.1.4. жер участогун максаттык дайындалышы боюнча пайдаланууга.
3.1.5.бул келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде аны
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Баткен шаардык башкармалыгында каттоодон өткөрүүгө жана 3 иш күндүн ичинде жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга;
3.1.6. жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жол-жоболоштургандан кийин үч күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезмектик планга киргизүү үчүн Баткен шаардык Архитектура башкармылыгына каттоодон өтүүгө;
3.2. Сатуучу төмөнкүгө милдеттүү:
3.2.1. сатып алуучудан бул келишимде каралган өлчөмдө жана мөөнөттө жер участогунун наркын төлөөнү кабыл алууга.
4. Тараптардын жоопкерчилиги
4.1. Сатып алуучу тарабынан бул келишимдин шарттары аткарылбаган учурда, Сатуучу Сатып алуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле милдеттерин аткарбагандыгы менен же тийиштүү аткарбагандыгы менен кетирген чыгымдарын кайтартууну талап кылууга укуктуу же бул келишимди белгиленген тартипте бузууга жана анын бузулушу менен байланышкан чыгымдарды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.2. Жер участогу үчүн төлөө мөөнөттөрү бузулганда Сатып алуучу Сатуучуга ар бир кечиктирген күнү үчүн төлөнө элек сумманын 0,3 % өлчөмдө туум төлөйт, бирок ал төлөө суммасынан 20% нан ашпашы керек.
4.3. Эгер Сатып алуучу түз сатууларды өткөргөн датадан тартып 30 календарлык күндүн аралыгында келишимде белгиленген бааны төлөбөсө же сатып алган жер участокту кабыл алуудан баш тартса, Сатуучу бул келишимди бузуу жөнүндө маселе коюуга жана зыян тартууларды кайтарууну талап кылууга укуктуу.
4.4. Сатып алуучу тарабынан келишим бузулуп жатса, алар төлөгөн акча каражаттар Сатуучу тарабынан Сатып алуучуга келишимди жол-жоболоштуруу жана жер участогун бөлүштүрүү (бөлүштүрүү долбоорун даярдоо, маалымат пакетин даярдоо, техникалык шарттардын, адистердин жана башка ыйгарым укуктуу органдардын кызмат көрсөтүүлөр наркын төлөө) менен байланышкан зыян тартууларды чыгарып салуу менен кайтарылып берилет.
4.5. Келишимди бузуу менен Сатып алуучу бул келишимдин 4.2. пунктунда каралган туумду төлөөдөн бошотулбайт.
4.6. Айып санкцияларын төлөө Сатып алуучуну бул сатып алуу-сатуу келишиминин шарттары иштеп турган учурдагы келишимдик милдеттердин аткаруудан бошотпойт.
4.7. Сатуучу тарабынан бул келишимдин шарттары бузулган учурда, Сатып алуучу Сатуучу өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарууну, ошондой эле аткаруунун кечиктирилиши менен байланышкан зыян келтирүүлөрдү кайтарууну талап кылууга укуктуу же белгиленген тартипте бул келишимди бир тараптык тартипте бузууга жана аны бузуу менен байланышкан зыян тартууларды талап кылууга укуктуу.
4.8. Сатуучунун күнөөсү боюнча бул келишим бузулуп жатса, Сатып алуучу тарабынан Сатуучуга төлөнгөн суммалар ага Сатуучу тарабынан толук көлөмдө кайтарылат.
4.9. Бул келишимде каралбаган тараптардын жоопкерчиликтери жана укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
5. Кепилдиктер жана талаптар
5.1. Сатуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатыла турган жерлердин категориясына кирээрине, үчүнчү жактардын мүлк жана мүлк эмес укуктарынан жана талап кылууларынан бош экендигине жана бул келишимге кол коюлуп жаткан учурда Сатуучу же Сатып алуучу бул келишимдин предмети болуп саналган жер участогу арестте же тыюу салынууда тургандыгын билбөөгө мүмкүн эместигине кепилдик берет.
5.2. Сатып алуучу бул келишимдин тиркемелери менен таанышып чыкты, жер участогу жайгашкан жеринде барып көрдү, анын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, жер алдындагы жана жер үстүндөгү курулмалар жана объекттер менен таанышып чыкты.
6. Жер участогуна менчик укуктардын өтүшү
6.1. Сатып алуучуга жер участогуна менчик укук бул жер участогунун наркын толук төлөгөндөн,Баткен райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында келишимди Мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн, бул жер участогу боюнча келишим түзүлгөндөн кийин жана белгиленген тартипте жер участогуна жеке менчик укук жөнүндө Мамлекеттик актыны алгандан кийин өтөт.
Жогоруда саналган шарттардын жок дегенде бирөө аткарылбаса, жер участогуна менчик укук жаралбайт.
6.2. Натурадагы (жериндеги) чек аралар такталганга, жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ченемдерди алганга чейин жер участогун пайдаланууга киришүүгө тыюу салынат.
6.3. Сатып алуучуда жер участогуна жеке менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, мурда аныкталган укуктук режим жана бул жер участогуна укук ырастаган бардык документтер өз таасирин жоготушат.
7. Жер участогун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтары
7.1. Сатып алуучу жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын ага менчик укугу өткөн учурдан тартып алып жүрөт.
7.2. Эгер Сатуучу бул келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер участогун бербесе же белгиленген мөөнөттөрдө Сатып алуучу жер участогун кабыл албаса, жер участогунун кокустан начарлаш жана кокустан бузулуш коркунучтарын өткөрүп берүүнү же кабыл алууну кечиктирген тарап алат.
8. Талаштардын чечилиши
8.1. Бул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
8.2. Бул келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн (жер участогу үчүн акыны өз убагында төлөбөгөндө, өз убагында өздөштүрбөгөндө, максат багытын жана башка талаптарды бузганда) тараптардын ар кимиси келишимди бир тараптык тартипте бузуу укугуна ээ, эгер ал тараптан бул келишимдин жана колдонуудагы жер мыйзамдарынын шарттарын бузуулар жок болсо, башка тарапты кат түрүндө алдан-ала 30 календарлык күнгө чейин билдирип, бузуу укугуна ээ болот.
8.3. Эгер тараптар 30 календарлык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе же келишим бир тараптык тартипте бузулса, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет. Мындай учурда сот чыгымдарын келишимдин шарттарын аткарбаган же аларды тийиштүү тартипте аткарбаган тарап алат.
9. Келишимдин шарттары өзгөртүү жана аны бузуу
9.1. Тараптардын макулдашуусу менен гана келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү мүмкүн.
9.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор кийин мындай өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Мамкаттоо органдарында ырастоо менен жазуу түрүндө гана жүзөгө ашырылат, бул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
9.3. Бул келишимдин шарттарын тараптардын бири аткарбаган учурда, ал өзгөртүлүшү мүмкүн же экинчи тараптын талабы боюнча же сот тартибинде бузулушу мүмкүн.
10. Чыгымдар
10.1. Сатып алуучу бул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды өзүнө алат.
11. Кошумча шарттар
11.1. Бул келишим ага кол коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып тараптар үчүн түзүлдү деп эсептелет.
11.2. Бул келишим тараптар тарабынан бардык өз милдеттери аткарылганга чейин жарактуу.
11.3. Келишим 3 нускада түзүлөт, алар бирдей юридикалык күчкө ээ. Бир нуска Баткен райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгында, тараптарда бирден нуска сакталат.
11.4. Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Жер участогунун көлөмдөрүн жана чек араларын көрсөтүү менен чиймеси;
2. Комиссиянын катчысынын колу бар комиссиянын протоколунан көчүрмө;
11.5. Жер участогун натурадан (жеринен) бөлүп берүү жана жерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны берүү үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
- бул сатып алуу - сатуу келишими;
- Комиссиянын төрагасынын жана катчысынын колдору бар комиссиянын протоколу;
- жер участогунун чиймелери.
12. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
Сатуучу: Сатып алуучу:
___________________________ ____________________________
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти