Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну № 01-8/29
Баткен шаарынын жергиликтүү бюджеттинин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2015-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2;3 пункуттарын эске алып жана Баткен шаардык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 18-июндгы отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинин төмөнкү бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.:
2.Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин IV кварталынын 2231 “Электр энергияга толөө” статьясынан 750,0 мин сомго кыскартып, II кварталына 2231 “Электр энергияга толөө” статьясына 750,0 мин сомго кобойтулуп берилсин, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынын II-кварталы 450,0 мин сомго кыскартылып, 3112 “Машина жана эмеректер” статьясынын II-кварталы 300,0 мин сомго кыскартылып, IV-кварталынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясы 450,0 мин сомго кобойтулуп, IV-кварталынын 3111 «Имараттар жана курулмалар» статьясы 300,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
3.Баткен шаардынын билим берүү бөлүмүнүн балдар бакчаларынын атайын эсебининн 2221 “Оңдоп түзөө иштери” статьясынын III-кварталы 141,0 мин сомго кыскартылып , 2215 “Ар кандай кызматтар” статьясынын III-кварталы 141,0 мин сом көбөйтүлүп берилсин.
4.Кызыл-Жол орто мектебинин спорт залынын айланасын тосуу, аянтчасына цемент төшөө долбоорунун алкагында жергиликтүү бюджеттин колдоосуна тийиш болгон 238,2 мин сом акча каражаты, шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык мечик департаментинин 2018-жылга каралган сметасынын III –кварталынын 3111-имараттар жана курулмалар статьясынан бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
5.Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган 3111 “имараттар жана курулмалар” статьясынын III кварталынан 2,5 миллион сомго кыскартылып, 2215 “башка товарларды жана буюмдарды сатып алуу” статьясына III квартал үчүн 2,5 миллион сомго, 3111 “имараттар жана курулмалар” статьясынын IV кварталынан 1 миллион сомго кыскартып, 2215 башка товарларды жана жумуштарды сатып алуу статьясынын IV кварталынын 1 миллион сомго көбөйтүлүп берилсин.
6.Шаар мэриясынын алдындгы муниципалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралаган II кварталынын 3111 «имараттар жана курулмалар» статьясынан 1420,0 мин сом кыскартылып, II кварталынын 2222 “Предметтерди жана материалдарды сатып алуу” статьясына 1420,0 мин сомго көбөйтүлүп, II кварталынын 3111 “имараттар жана курулмалар” статьясынан 300,0мин сом кыскартылып, II кварталынын 2214 “Транспорттук чыгымдар” статьясына 300,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
7.Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 3111 “ Имараттар жана курулмалар” статьясынын II кварталынан 26,5 мин сом кыскартылып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк акыны төлөө үчүн Баткен шаарынын мэриясынын II кварталынын 2215-ар турдуу чыгымдар статьясы 26,5 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
8.Баткен шаарынын билим берүү мекемелерине кезектеги оңдоп түзөө иштери комок корсотуу максатында, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган III-кварталынын 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 200,0 мин сом кыскартылып, 2221 “Оңдоп түзөө иштери” статьясынын III-кварталы 200,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
9.2018-жылга дем берүүчү гранттын эсебинен каралган иш чараларды өз убагында аткаруу максатында, Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган II-кварталынын 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясынан 1797,6 мин сом кыскартылып, Баткен шаарынын мэриясынын 2018-жылга каралган II-кварталынын 3111 “Имараттар жана курулмалар” статьясына 1797,6 мин сом көбөйтүлүп берилсин.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /З.Ахмедова/ тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |