Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 31
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн жылдык сметасын, иш-планын, жайыт акы жана инвестициялык планын бекитүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз ХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата түзүлгөн жылдык планы 169400 (бир жүз алтымыш тогуз миң төрт жүз ) сомго жана иш-планы бекитилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата жайыт акыларынын тарифи уйга 100сом, музоого 70сом, жылкыга 120сом, кой-эчкиге 20 сом, дары-чөптөрдү чогултууга 0,01га 50сомго, кургак отунду пайдалануу үчүн 1м3-400сомго, жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу келишимдин негизинде 0,01га-25 сомго жана Госкомстрой иштеп чыгарылган тарифке ылайык трактор 1 саатка 2654 (эки миң алты жүз элүү төрт) сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов. |