Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 32
Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитети 2018-жыл ичинде АРИС уюму менен биргеликте “Жайыттарды жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун ишке ашыруу жөнүндө
Дара жайыт комитети 2018-жыл ичинде АРИС уюму менен биргеликте “Жайыттарды жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун алкагында мал чарбалыгына керектүү ар-түрдүү обьектилерди куруу үчүн долбоор түзүлүп, долбоорду ишке ашыруу үчүн жер аянттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезексиз ХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине мал чарбалыгын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу үчүн Кайыңды айылынын Кара-Арча жайытынын Тегирмен-Жылга жылгасына мал суу ичүү үчүн 0,05га жер аянтын, Терек-Мазар жылгасындагы эски короонун ордуна короо курууга, Жаңырык айылындагы Тамчы жайытына мал суу ичүүчү жай курууга 0,50га жер аянтын, Тунук-Суу айылындагы Бордун-Башы жайытындагы эски короонун ордуна короо куруу учун 0,50 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жыл ичинде АРИС уюму менен биргеликте “Жайыттарды жана базарды өнүктүрүү” долбоорунун ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы К.Нуридиновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов. |