Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 34
Кан айылындагы Кочкорчу суусундагы көпүрөгө айыл тургуну Мурзаев Гаустун атын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылындагы Кочкорчу суусундагы көпүрөгө Мурзаев Гаустун атын ыйгаруу боюнча Кан айылынын тургундарынын 2018-жылдын 16-майындагы элдик чогулушунун протоколун талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылындагы Кочкорчу суусундагы көпүрөгө Мурзаев Гаустун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн соц.адиси М.Самидиновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов. |