Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 35
Сары-Талаа айылынын тургуну Аташбаев Айтбайга материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Талаа айылынын тургуну Аташбаев Айтбайдын 2018-жылдын 10-майында үйү толук күйүп кеткендиги тууралуу жазылган арызды карап жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Талаа айылынын тургуну Аташбаев Айтбайдын 2018-жылдын 10-майында үйү толук күйүп кеткендигине байланыштуу 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон акча каражатын мыйзамдуу бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов. |