Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-июну № 36
Кан айылынын тургуну Б.Жалаловага материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын тургуну Жалалова Буркуянын турмуш шартынын оордугу тууралуу депутат Бабаев Метимдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз ХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын тургуну Жалалова Буркуяга 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты материалдык жардам катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон акча каражатын мыйзамдуу бөлүп берүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов. |