Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 2
Үлүш жерлерге жана огород участкаларга кароосуз түшүп кеткен малдарга айып салуу жөнүндө
Кең-Арал айыл өкмөтү боюнча үлүш жерлерге жана огород участкаларга кароосуз түшүп кеткен малдарга айып салууну чегерүү максатында Кен-Арал айылдык аймактык Кенешинин XXXIХ -чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир баш малга төмөндөгүдөй айып белгиленсин:
Жылкы башына -500сом
Ири мүйүздүү малга -400сом
Кой-эчки башына -60сом
Мындан тышкары келтирилген зыяндын көлөмү комиссия тарабынан эсептелип тийиштүү жерге берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Укуеевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Тыныбековго жүктөлсүн.
Төрага | И. Жумабеков. |