Загрузка документа…
ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №27/18
Уч-Коргон айылдык аймагына караштуу Уч-Коргон айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Уч-Коргон айылдык аймагына караштуу Уч-Коргон айылынын тургундарынан кайрылуусун карап чыгып . Уч-Коргон айылынын Кадырбаев Абдырахман көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкеси жөнүндө айылдык кеңештин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылындагы А.Кадырбаев атындагы көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчиктеги спорт аянтчасына бөлүнгөн 1,20 га жердин ичинен бала бакча курууга 0,50га жер бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Жакыпбековго милдеттендирилсин
Төрага | М. Уметалиев. |