Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу №1
Миң-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он жетинчи сессиясы, жогорудагы айтылган Миң-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча аткарылган иштер жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүдө жүргүзгөн иш аракеттери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Т. Койчубаев |