Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу №2
Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн 244870 сом акча каражаты түшкөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн түшкөн 244870 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын жол чыгымдар статьясына 18600 сом.
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына 155470 сом.
Айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө 24800 сом.
Анын ичинен :
-жол чыгымдар статьясына 16800 сом.
-ар кандай чыгымдар статьясына 8000 сом.
Билим берүү бөлүмүнүн мүлктү учурдагы оңдоо статьясына 20000 сом.
Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына 26000 сом.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү КРнын финансы министрлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунуш кылынсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Койчубаев |