Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-августу №4
2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ТЖК бөлүмүнүн 2215( ар кандай чыгымдар) статьясынан 60000 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин.
Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппарат бөлүмүнүн 3112 (машиналар жана жабдуулар) статьясына 20000 сом.
Билим берүү бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына 40000 сом.
Анын ичинен:
-Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасына кошумча корпус курууга смета түздүрүү үчүн 30000 сом ;
-Архитектурага 10000 сом .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык акмактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Койчубаев |