Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз ХXXVIII сессиясы
2016-жылдын 12-майы № 24
Cуу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айындагы салык жыйымдарынын абалы жөнүндө
Cуу-Башы айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 6 айындагы салык жыйымдарынын абалы боюнча айыл өкмөтүнүн салык инспектору К.Акматалиевдин билдирүүсүнүн негизинде Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезексиз ХXXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Cуу-Башы айыл өкмөтүнүн2016-жылдын 6 айындагы салык жыйымдары:
-Тамаркадан түшкөн салык - 57776 сом бөлүп 39%
-Улуштөн түшкөн салык - 13141 сом бөлүп. 20%
-Таштандыдан түшкөн салык - 13100 сом бөлүп. 33%
- Авто унаалардан түшкөн салык- 36186 сом бөлүп. 10%
Жалпы түшкөн салык - 120203 сом бөлүп. 20% ды түзгөндүгү белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн бардык салыктын түрлөрү боюнча жыйымдарын 2016-жылдын 9 айында толук жыйнап,100% га аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору К.Акматалиевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Рахманкулов |