Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-декабры №47
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн бюджетин бекитүү жана 2019-2020 жылдар үчүн бюджетин болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Суу-Башы айылдык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2018-жылга бюджети жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин кирешеси 8054,0 миң сом, чыгаша бөлүгү 8054,0 миё сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй болжолу жактырылсын.
2019-жылга кирешелер боюнча болжол- 8134,1 миё сом суммасында, чыгашалары 8134,1 миё сом суммасында:
2020-жылга кирешелер боюнча болжол- 8121,5 миё сом суммасында, чыгашалары 8121,5 миё сом суммасында.
3. Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2019-2020-жылдарга болжолу 2-3 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Р. Артыкбаев |