Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-январындагы №9/3
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги IX сессиясынын отуруму «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын 2018-жылдын 10-январында өткөн биргелешкен отурумунун №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндөгү муниципалдык базарды башка жерге көчүрүү боюнча муниципалдык базардын администрациясы жана муниципалдык базарда иш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана муниципалдык базарды башка жерге көчүрүү максатында бир ай мөөнөт ичинде шаардын аймагынан жер табуу Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
А.Джаликов
|
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун
ПРОТОКОЛУ
Өзгөн шаары № 1 10–январь 2018-жыл.
Катышканы: – 8 депутат
Катышышты: Өзгөн шаардык «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов
Мүчөлөрү: депутаттар И. Тажибаев, А. Джакыпов, Б.Шамиева, М. Рызакулов.
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Моминов
Мүчөлөрү: депутаттар М. Мирюсупов, М. Хурулбаев,
“Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Х. Ибрагимов, инженери Н. Юлдашев, МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х.Тешебаев, адиси А. Тащматов
К/Н ТАРТИБИ:
1. Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты.
Отурумду Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Купахунов ачты: Урматтуу комиссия мүчөлөрү кворум бар болгондуктан бүгүнкү отурумду ачык деп эсептеп, отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Бүгүнкү отурумдун күн тартибинде 1 маселе каралат, күн тартибине кошумчалар жок болсо, бүгүнкү отурумдун күн тартибин бекитип койсок. Күн тартиби бир добуштан бекитилди.
Анда күн тартибиндеги маселени маселени кароого өтсөк. “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу катын кароого өтсөк.
Бул маселе боюнча кимде кандай сөз бар.
Депутат А. Джакыпов: “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын жериндеги муниципалдык базарды башка жерге көчүрүү керек. Мисалы шаардагы 9 га жерден пайдаланыш керек. Оор жүк ташуучу машиналардын кирүүсүнө ынгайлаштырып чоңураак аянт ажыратуу керек. Ал жерде “Өзгөн Тазалык” ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн толук жүргүзүү үчүн шарттарды түзүп берүү керек. Мисалы, автомойка, ремонт кылуучу жай, сварочный цехтер толокандуу иштеши керек. Жумушчуларга эс алууга шарт түзүү керек. Ал жерден “Өзгөн Таза Суу” муниципалдык ишканасы да пайдаланса болот. Базар ачууга каражат жергиликтүү бюджеттен каралсын.
Депутат К.Моминов: МММБ департаменти депутат И. Дадажановдун суроо-талабына жооп берген. Бул базар 2-3 адамдын кызыкчылыгы үчүн ачылган. Жаңы базардын чыгашаларын титулдук тизмеге киргизип, элге шарт түзүп кийин жылдыруу керек. Навестерди да өзүбүз куруп беришибиз керек.
Депутат И. Тажибаев: жаңы базар жалпы колдонууда болушу керек, дүң продукцияларды сатууга пайдалануу керек. Күнүнө 50 машина кирсе 100 сомдон төлөсө, күнүнө 5000 сомдон киреше түшөт.
Депутат М. Рызакулов: муниципалдык базар “Өзгөн Тазалык” муниципалдык ишканасынын техникаларына кирип чыгууга тоскоолдук жаратып жатат.
Депутат Р. Купахунов: мен да жогорудагы депутаттын сунушуна кошулам, “Өзгөн Тазалык” ишканасы өзүнүн жеринде калсын, муниципалдык базарды 9 га жерге көчүрүү керек. Ал базардагы жер аукциондо сатылат деген сөз жүрөт. Кээ бир жерлери сатылып кеткен экен (архитектуранын маалыматына караганда).
Депутат А. Джакыпов: мэрдин токтому менен базар ачылгандан кийин базарком болушу керек эле. “Өзгөн-Тазалыкка” кошумча эксковатор, мусоровоз сатып алуу керек, ал техникаларды кароого шарт түзүү керек.
Депутат К. Моминов: бул маселени сессияга алып чыгалы. Базарды чыгаруу ал жерден чыгаруу боюнча Муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы сессияда маалымат берсин. “Өзгөн-Тазалык” ишканасында канча техника бар.
“Өзгөн-Тазалык” м.и. директору Х. Ибрагимов: баардыгы болуп балансыбызда 18, ал эми азыркы күндө иштеп жатканы 10, “Өзгөн Таза-Суу” м.и. 2 техникасы бар.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Тешебаев: “Таза-Суу” м.и. 1 га тегерегинде жери бар.
МММБ департаментинин адиси А. Ташматов: 2016-жылды мэр тарабынан Хаятиллого базарды өткөрүп берген.
Депутат М. Рызакулов: муниципалдык базар “Өзгөн Тазалык” м.и. канча ижара төлөгөн.
“Өзгөн-Тазалык” м.и. директору Х. Ибрагимов: айына 5,0 миң сомдон аренда төлөп келген.
МММБ департаментинин адиси А. Ташматов: башында базар 5,0 миң сомдон аренда төлөп келген, бирок прокуратура текшергенде ал туура эмес деп токтотуп койгон.
Депутат К. Моминов: 9 га жерге убактылуу базар ачса болобу.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Тешебаев: ал жер мамлекеттин менчигинде турат. Муниципалдык менчикке өткөндөн кийин базар ачса болот. Акимдин уруксаты менен ошол жерден кээ бир курулуштарга уруксат берилген.
Депутат К. Моминов: анда эмесе муниципалдык базар ачууга акимден уруксат сурасак.
Депутат Р. Купахунов: ал 9 га жерден кимдерге жер берилген.
МММБ департаментинин адиси А. Ташматов: 15 адамга 49 жылга дүкөн куруу үчүн берилген. ФАП куруу үчүнда МММБ департаменти акимге кат берип уруксат алган. Жеке турак үй куруу үчүн жер да акимдин уруксаты менен берилген.
Депутат А. Джакыпов: биз 9 га жерге муниципалдык базар ачуу боюнча мэрге тапшырма берсек, ал маселени чечет.
Депутат К. Моминов: азыркы күндө базарда иш жүргүзүп жаткандарды да эске алышыбыз керек.
Депутат Р. Купахунов: “Өзгөн Тазалык” м.и. боюнча силер иш жүргүзүп жатасыздарбы.
МММБ департаментинин адиси А. Ташматов: базардан жакшы киреше түшөт, 1 миллион сом тегерегинде, бирок “Өзгөн Тазалык” м.и. 1 жылда 240,0 миң сом аренда төлөйт.
Депутат А. Джакыпов: “Таза Суу” м.и. менен “Өзгөн Тазалык” м.и. өз ордунда калсын, муниципалдык базар 9 га жерге көчүрүлсүн деп мэрге тапшырма берели. Мэриянын башка сунуштары болсо берсин. Бул маселе сессияга киргизилсин.
Сунуш бир добуштан колдоо тапты.
“Өзгөн-Тазалык” м.и. директору Х. Ибрагимов: биздин техникага кыйын болуп жатат. Бизге база түзүлөт, техникаларды сактоого шарт жок. Бир эле яма бар, сварочный цех бар, жумушчуларга шарт жок.
МММБ департаментинин адиси А. Ташматов: базарга 12,6 сотых жерге мэрдин токтому чыккан.
МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Х. Тешебаев: базарды убактылуу уюштуруу кыйын.
Депутат К. Моминов: шаардык кеңештин токтому менен мэрдин буйругун жокко чыгаруу керек. Жогорудагы маселени сессиянын күн тартибине киргизип кароону сунуштайм.
Сунуш комиссия мүчөлөрү тарабынан бир добуштан колдоого алынды.
Депутат Р. Купахунов: убактылуу пайдаланууга берилген автопарковкалар боюнча карап чыксаңар, арендаторлор келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткарбай жатышат, бул боюнча мыйзам чегинде чара көрсөңөр.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн Тазалык муниципалдык ишканасынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы муниципалдык базардагы ишкана пайдаланып жаткан жерден ишкананын ишмердүүлүгүн толук жана жетиштүү даражада жүргүзүү үчүн пайдалануу жөнүндөгү №80 кайрылуу каты Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү комиссия тарабынан сунушталсын.
2. Өзгөн шаарындагы 9 га жерге муниципалдык базар ачуу маселеси Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановко тапшырылсын.
3. Токтомду бекитип берүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
«Муниципалдык менчик, жер
маселелери, курулуш жана архитектура,
акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча»
туруктуу комиссиянын төрагасы Р. Купахунов
«Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык
мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер,
мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар
менен иштөө боюнча» туруктуу
комиссиянын төрагасы К. Моминов