Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу №4.8
Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине акча каражатын киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү гранттан Капчыгай айыл өкмөтүнүн өтүнүч катынын негизинде келип түшкөн акча каражаты 2017-жылдын 3-кварталынын бюджетине кошумча каражат катары киргизилсин.
2.Бул акча каражаты Капчыгай айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын (701)
2221 (кезектеги ремонт),
2214 (күйүүчү май)
2222 (ар түрдүү материалдар жана эмеректер) беренелерине бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражаты максаттуу өз ордуна жумшалсын.
4. Бул акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Турганбаев |