Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4- декабрындагы №4.9
Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Капчыгай айылдык Кенеши Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги иштетилбей калган Республикалык бюджеттен өткөрүлүп берилүүчү жана атайын каражаттардан келип түшкөн акча каражаттары Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-кварталынын бюджетине өзгөртүүлөр менен киргизилип каржылансын.
2. Бул акча каражаты Капчыгай айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына,мектептерге жана балдар бакчасынын материалдык-техникалык базаларын көтөрүү максатында жумшалсын.
3. Бул акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Сатыбалдыевге жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Турганбаев |