Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-декабрындагы № 5.1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 3,4-пунктуна ылайык «Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдын бюджетин бекитүү»жөнүндө Капчыгай айыл өкмөтүнүн Финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кадырованын,Капчыгай айылдык Кенешинин туруктуу комиссиянын жыйналышынын берген сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер менен чыгашалары 2017-жылга аткарылышы 5 472.0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2018-жылга карата Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 3711,2 сом, атайын каражаттан 40.0 сом, жергиликтүү кирешеден 1004,2мин сом өлчөмүндө жалпы 4755,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Капчыгай айыл өкмөтүнө тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде,ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрдүн бааларынын денгээлин,инфляциянын болуп жаткан башка процесстеринин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен,бул өзгөртүүлөр айылдык округдук кенештин сессиясында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.
4. Айылдык Кенештин төрагасына «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат» боюнча ченемдик укуктук актынын №33 беренесине ылайык компенсация төлөмү бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Кадыровага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык округдук Кенешинин социалдык-маданий,билим берүү,спорт,миграция,туризм,саламаттыкты сактоо,коммуналдык менчик,маалымдуулук,жаштардын иштери,социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо,экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
Төрага |
Ж. Турганбаев |