Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августундагы №139
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандык абалды каттоо департаменти менен Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Чекированын билдирүүсүн угуп Кызыл-Тоо айыл кеёешинин 5-чакырылыш кезексиз 24-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ кылат:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө иштерди мындан ары жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын Жарандык абалды каттоо департаменти менен Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Кызыл-Тоо айыл кеёешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Бакирова |