Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябрындагы №145
Айыл Өкмөтүнүн Кызыл-Кыя участкасынан Кедеев Чыныбекке мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл аймагындагы Ак-Кыя айлынын тургуну Кедеев Чыныбектин арызынын негизинде айыл чарбасына жараксыз пайдаланылбай бош жаткан жерден мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя участкасынан жер участкасына болгон арызды угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык Кенештин 5 шайланган кезектеги 25 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл аймагынын Ак-кыя айлынын туругуну Кедеев Чыныбекке мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы айыл чарбасына жараксыз пайдаланылбай жаткан жер участкасынан сарай салууга 0,50 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду мыйзамдаштыруу жагы Өзгөн райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кенештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | А. Бакирова |