Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябрындагы №146
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишимди бекитүү жөнүндө
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Чекированын маалыматын угуп Кызыл-Тоо айыл кеёешинин 5-чакырылыш кезектеги 25-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Нотариат жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамалекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамына ылайык нотариалдык каттоо жөнүндө иштерди мындан ары жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгы менен Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Кызыл-Тоо айыл кеёешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Бакирова |