Загрузка документа…
СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 9-февралындагы №3
Сейдикум айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин,кайрабөлүштүрүү фондунун жерлеринижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламентин бекитүү жөнүндө
АКФнын жер участокторун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №234-токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген, АКФнын жерлерин берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Сейдикум айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сейдикум айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин регламенти бекитилсин. (Регламент тиркелет).
2. Сейдикум айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана башка айыл чарбасына пайдаланып жүргөн жерлердин пайдалануу аянтын тактоо учун комиссия тузулсун.
3. Сейдикум айыл өкмөтүндөгү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын ишинин регламенти Жалал-абад областтык жана Жалал-абад шаардык Юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырам.
Төрага | Б.М. Турсункулов |