Редакцияот 09.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 9-февралындагы №5

 

Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк объекттерин, анын ичинде жер участкаларын ижарага берүү эрежеси жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык Сейдикум айылдык Кеңеши.

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк  объекттерин, анын ичинде жер участкаларын ижарага беруу  эрежесибекитилсин.

2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлк  объекттерин, анын ичинде жер участкаларын ижарага беруу эрежеси Жалал-абад областтык жана Жалал-абад шаардык Юстиция башкармасынан каттоодон өткөрүлгөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.М. Турсункулов