Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январындагы №1/1
«Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын сессияларында кабыл алынуучу токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы №743 – токтому менен кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жургузүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын сессияларында кабыл алынуучу токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |