Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январындагы №1/3
«Исфана шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык Кеңешинин Регламентинин долбоорун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 11-пунктунун негизинде Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин Регламенти өзгөртүү жана толуктоолор менен бекитилсин (Регламент тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерлерине жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин
Vчакырылышынын I сессиясынын 2017-жылдын
4-январындагы №1/3 токтомуна тиркеме.
Исфана шаардык Кеңешинин
РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛYM. Жалпы жоболор
1-глава. Исфана шаардык Кеңеши (мындан ары шаардык Кеңеш)
2-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясы
II БӨЛYM. Шаардык Кеңешинин түзүмү жана органдары
3-глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары
4-глава. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
5-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III БӨЛYM. Депутаттык фракциялар
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
IV БӨЛYM. Шаардык Кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-глава. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясы
10-глава. Шаардык Кеңештин ишин пландоо
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
12-глава. Шаардык Кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
13-глава. Депутаттык мандат
14-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
15-глава. Шаардык Кеңештин сессияларынын отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
16-глава. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
17-глава. Шаардык Кеңештин шаардык мэрия, өзүн-өзү башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттери.
V БӨЛYM. Шаардык Кеңештин регламенти
18-глава. Шаардык Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
тартиби.
19-глава. Корутунду.
I БӨЛYM Жалпы жоболор
1-глава. Исфана шаардык Кеңеши
1.1.Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Исфана шаардык Кеңеши шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык Кеңеш сессиялык иштеген, шаардын тийиштүү аймагында жашаган жарандары жалпы, бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө жашыруун добуш берүү менен шайлаган депутаттардан турат.
1.2.Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусу менен анын компетенциясына киргизилген маселелерди өз алдынча чечет, алардын чыгарган чечимдерин аткарууну камсыздайт, чечимдердин иш жүзүнө ашырылышына контрол жүргүзөт жана юридикалык жак статуска ээ.
1.3. Шаардык Кеңештин анын ыйгарым укуктарынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келбеген кабыл алынган чечими шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар жана менчик түрүнө карабай алардын бирикмелеринин, шаардык өз алдынча башкаруусунун кызматтык жактарынын, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок жактардын аткаруусу үчүн сөзсүз.
1.4. Шаардык Кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары, шаардын Уставы жана ушул Регламент менен аныкталат.
Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруу – укуктук түрү– сессия болуп саналат.
1.5. Шаардык Кеңештин регламенти шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартибин, анын ишин уюштуруу маселелерин, сессияларды чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык Кеңештин органдарынын калыптануу тартибин белгилейт, ошондой эле анын контролдоо ишинин жолун жана тартибин аныктайт.
1.6. Шаардык Кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялык, саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук, обьективдүүлүк, депутаттардын маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет. Маселелерди талкуулоого чакырылган жактар да катыша алышат. Шаардык Кеңештин сессиялары ачык өткөрүлөт. Жабык сессиялар эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда гана өткөрүлөт.
1.7. Шаардык Кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Регламент белгилеген кепилдиктердин негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин тоскоолсуз ишке ашыра алышат.
2-глава. Шаардык Кеңештин компетенциясы
2.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөнкү маселелерди карайт жана чечим кабыл алат:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттик эмес фонддордун пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык–экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитүү жана аларды аткарууну контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган учурларда алар боюнча чендерди белгилөө;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын муниципалдык менчигин пайдалануу жана башкаруу тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен, муниципалдык менчикти аткарууга контрол жүргүзүү;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчет угуу;
7) мыйзам чыгарууда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттардын уставын бекитүү;
9) мамлекеттик бийликтин тийиштүү органына киргизүү максатында административдик – аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтан бошотуу, шаардык Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
11) шаардык Кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өзүнүн чечимдерин аткарууну контролдоо;
13) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүн жана штаттык санын Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууну пайдаланууга, ошондой эле катуу тиричилик таштандыларды чогултуу, алып чыгуу жана жок кылууга Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык тарифтерди бекитүү;
15) алкогол ичимдиктерин жана тамеки түрлөрүн сатуунун убактысы жана орду боюнча аларга тыюу салууга чейин чектөөлөрдү, каада – салттык иш чараларды өткөрүү тартиптерин аныктоо;
16) ирригациялык тарамдарды, үйдүн жана үй алдындагы участокторду тартипте кармоону аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттардын Уставы жана Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусуна ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Шаардык Кеңештин сессияларында ылайыгына карап төмөнкү маселелер кошумча чечилет:
- шаардын мэрин шайлоо;
- ушул Мыйзамда белгиленген тартипте шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
- мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкалардын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларды белгилөө.
- шаардын вице-мерин, шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерин дайындоого макулдук берүү
- шаардын вице-мерлерин, шаардын турмуш тиричилигин камсыз кылуучу бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилерине ишенбестик көрсөтүү жөнүндө депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси менен чечимдерди кабыл алуу, бул аларды ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет
II БӨЛҮМ. Шаардык Кеңештин түзүмү жана органдары
3-глава. Шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин
төрагасынын орун басарлары
3.1. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясында шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө фракция жана фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция жана фракциялардын коалициясы бирден талапкерди көрсөтүүгө укуктуу
Шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер, шаардык Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Шаардык Кеңештин төрагасынын шайланышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
Шаардык Кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү Кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча, депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин жашыруун добушу менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3.3. Шаардык Кеңештин төрагасы:
– шаардык Кеңештин сессиясын чакырат жана алардын отурумун өткөрөт;
- шаардык Кеңештин сессиясын жана шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт;
- шаардык Кеңештин токтомуна кол коет жана алардын аткарылышын контролдооону уюштурат;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык Кеңештин аппаратынын ишин контролдойт;
- шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын алардын кызматтык милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депуттартарга алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууларына, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөк көрсөтөт, аларды маалымат менен камсыздайт, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- шаардык Кеңештин жана анын органдарынын иши жөнүндө коомдук пикирдин айкындуулугун жана эсепке алынышын камсыздайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар жана жарандар менен болгон мамиледе шаардык Кеңешти сунуштайт;
- шаардык Кеңештин аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйрук чыгарат;
- шаардык Кеңешке бөлүнгөн каражаттарды шаардык Кеңештин бекитилген бюджетине жана чыгаша сметасына ылайык башкарат;
Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин сессиясына отчет берет.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары
3.4. Шаардык Кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары шаардык Кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен көпчүлүк жана азчылык коалициядан бирден, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен шайланат.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштагы негизде жүргүзөт.
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарларынын шайланышы тууралуу шаардык Кеңештин токтому кабыл алынат.
3.5. Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары:
- шаардык Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
- депутаттык фракциялар менен өз ара аракеттенет жана фракциялардын ишмердүүлүгү боюнча Кеңешке отчет берип турат;
Шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан шаардык Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча сессияга катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк ачык добуш берүү менен бошотулушу мүмкүн.
4-глава. Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы
Шаардык Кеңештин жооптуу катчысы Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
Жооптуу катчы:
4.1. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда депутаттарды тийиштүү маалымат менен камсыздайт;
4.2. Шаардык Кеңештин ишинин келечектүү планын иштеп чыгуу жана аткарылышын камсыздайт;
4.3. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш аракетин координациялайт жана кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугун камсыз кылат;
4.4. Шаардык Кеңешке келген документтерди аткарууну эсепке алат жана контролдойт;
4.5. Шаардык Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды шаардык Кеңештин депутаттарына жеткирүүнү контролдойт;
4.6. Сессиянын ишине катышууга депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, өз алдынча башкаруунун коомдук органдарынын өкүлдөрүн жана башка жактарды чакырууну уюштурат;
4.7. Шаардык Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдоону, документтерди аткарууну контролдоону жана текшерүүнү уюштурат;
4.8. Шаардык Кеңештин аппаратынын ишин уюштурат жана иш-кагаздарын мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүүнү камсыздайт.
4.9. Шаардык Кеңештин сессияларына маселелерди даярдоого жардам көрсөтөт, анын ичинде шаардык Кеңештин депутаттарынын заманбап өз ара мамилесин уюштуруу жолу менен;
- шаардык Кеңештин депутаттарынын сунушу боюнча сессияда каралуучу маселелерди талкуулоого зарыл болгон жактарды шаардык Кеңештин сессиясына чакырат;
- депутаттарды каттоо жүргүзөт;
- төрагалыкка сессияны өткөрүүгө керектүү иш-кагаздарды даярдайт;
- шаардык Кеңеш кабыл алган документтерди жол жоболоштурат жана аларды чыгарат;
5-глава. Шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
5.1. Шаардык Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл учурда шаардык Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле шаардык Кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аларды аткарууну контролдоо үчүн убактылуу комиссияларды калыптантат.
5.2. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңеш менен шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө калыптанат. Комиссиянын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби шаардык Кеңеш менен аныкталат. Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде эгер зарыл болсо, жаңы туруктуу же убактылуу комиссияларды түзө алат, мурун түзүлгөндөрдү жое алат жана кайра түзө алат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат,
- Туруктуу комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32,33,34 - беренелерине ылайык жүргүзөт.
- Шаардык Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсу боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
- Туруктуу комиссиялардын курамына шаардык Кеңештин төрагасы жана шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарлары шайлана албайт.
- Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өзүлөрүнүн курамынан төраганы жана төраганын орун басарын ачык добуш берүү менен шайлайт,
- Туруктуу комиссиялардын курамы 3 депутаттан кем болбойт,
- Туруктуу комиссиялардын иши мыйзамдуулук, коллегиялык, обьективдүүлүк, маселени эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
- Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына таандык маселелер боюнча тийиштүү чечим жана корутунду чыгарышат.
- Туруктуу комиссиялар өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды тартууга укуктуу.
5.3. Туруктуу комиссияларды жетектөөнү тийиштүү комиссиялардын төрагасы ишке ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык Кеңештин алдында жооптуу жана ага баш ийет. Туруктуу комиссиялардын чечими шаардык Кеңештин сессиясында жокко чыгарылышы мүмкүн.
5.4. Депутат себеби болбостон пландуу жыйналыштарды үч жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылат жана депутаттын партиялуулугун кароо жагы партиянын райондук координаторуна сунуштайт. (жүйөлүү себептер болуп ооруу, өргүү, иш-сапар саналат).
5.5. Шаардык Кеңеш зарыл учурда анын компетенциясына кирген маселелерди иштеп чыгуу жана алдын ала кароо, ошондой эле таанышуу же изилдөө үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссия дайыма ал даярдоо үчүн түзүлгөн маселе боюнча негизги комиссия болуп саналат.
Убактылуу комиссия шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясы үчүн белгиленген тартипке ылайык өз ишин жүргүзөт.
III БӨЛҮМ. Депутаттык фракциялар
6-глава. Депутаттык фракциялар жөнүндө жалпы жоболор
6.1. Шаардык Кеңештин депутаттары депутаттык фракцияларларга биригишет.
6.2. Депутаттык фракция (мындан ары - факция) партиялык тизменин негизинде калыптанат жана шаардык Кеңеш тарабынан каттоого алынат.
6.3. Фракция анын түзүлгөндүгү, аталышы, тизмелик курамы, лидердин жана анын орун басарынын аты – жөнү жөнүндө жазуу түрүндө кулактандырылган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
Фракция башка фракцияларга өткөн депутаттарды өзүнүн курамына киргизүүгө укугу жок.
Мөөнөтүнөн мурда чыгарылган депутаттын ордун алмаштырган депутат тийиштүү фракциянын мүчөсү болот.
Депутаттын өзү шайланган партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.4. Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык Кеңештин өзүн-өзү таркатышында.
Партиянын ишин токтотуу же токтото туруу шаардык Кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасир этпейт.
6.5. Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
- фракцияны шаардык Кеңеште жана анын сыртында сунуштайт;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимине кол коет;
- фракциянын ичинде тартипти контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча шаардык Кеңештин органына кандидаттарды сунуштайт;
- фракциянын чечимдерин аткарууну контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча сессияда талкууланган маселе боюнча анын саясий көз карашын, ошондой эле фракциянын коалицияга киргендиги жөнүндө жарыялайт.
- фракциянын шаардык Кеңештин түзүмдүк бөлүктөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт;
- катчылыктын жана эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуштайт;
- фракциянын мүчөлөрүнүн шаардык Кеңештин сессияларынын, туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишине, ошондой эле шаардык Кеңештин иш чараларына катышуусун камсыздайт;
Фракциянын лидери төраганын, төраганын орун басарынын, туруктуу комиссиянын төрагасынын кызматын бир убакта ээлей албайт.
7-глава. Депутаттык фракциялардын ишмердүүлүгү
7.1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
- шаардык Кеңеште каралган маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
- башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
- шаардык Кеңештин төрагасына шаардык Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- фракциянын отурумуна кызыктар жактарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен Кеңешүүгө;
- шаардык Кеңештин жылдык иш планы боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардык Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына кандидаттарды сунуштоого жана аларды чакырып алуу боюнча сунуш киргизүүгө;
- шаардын мэри кызматына кандидаттарды сунуштоого;
- өзүнчө маселелер менен таанышуу боюнча жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- бул же тигил маселе боюнча угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда каралган негиздер боюнча фракциянын мүчөлөрүнөн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуш киргизүүгө жана сессияга себепсиз катышпаган депутаттардын (кеминде жыл ичинде 4 жолу) партиялуулугун чечүү маселесин коет;
- шаардык Кеңештин сессияларында протоколго киргизүү үчүн ар кандай талкуулануучу маселе боюнча фракциянын өзгөчө оюн берүүгө;
- фракциянын материалдарын жана документерин жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле шаардык Кеңештин сайтында жарыялоого;
- фракциянын иш аракеттерине болгон шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциянын тартибин күчөтүү максатында тийиштүү чараларды көрүүгө;
7.2. Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) коалициялык келишимдин негизинде иш жүргүзгөн фракциялардын ыктыярдуу биригүүсү болуп саналат.
Коалицияны коалицияга кирген фракциянын лидери же коалициянын жетекчиси көрсөтөт, эгер бул коалициялык келишимде аныкталса.
7.3. Фракциялар фракциялардын коалициясына бириге алышат. Каалаган фракциялар шаардык Кеңештин көпчүлүк же шаардык Кеңештин азчылык коалициясына биригүүсү үчүн бул жөнүндө шаардык Кеңештин сессиясында жазуу түрүндө жарыялайт, мындан кийин ал расмий статуска ээ болот.
7.4. Коалициялык келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- коалициянын түзүлүшүнө негиз болгон макулдашылган саясий көз караштар;
- коалициянын саясий багыты;
- коалициянын ишинин принциптери;
- коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
- коалициянын ишин токтотуу шарттары;
- коалициянын лидеринин аты-жөнү;
Коалициялык келишимге фракциялардын коалицияга киргендиги жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алган отурумдардын протоколдору тиркелет.
7.5. Коалиция өзүнүн ишин төмөнкүнү жарыялоодон баштап токтотот:
- фракция же фракциялар андан чыккандыгын билдиргенде, анын жыйынтыгында шаардык Кеңештин көпчүлүк статусу жоюлат;
- коалицияны таркатууда.
8-глава. Фракциялардын шайлоочулар менен өз ара мамилеси.
Шайлоочулардын суроо-талаптары
8.1. Шаардык Кеңештин фракциялары шаардын социалдык, экономикалык, маданий өнүгүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана бюджетин түзүүдө шайлоочулар менен туруктуу байланыш жүргүзөт, алардын кызыкчылыктарын жана сурамдарын көрсөтөт жана эске алат.
8.2. Шаардык Кеңеш белгилеген тартипке ылайык шаардык Кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, шаардык Кеңештердин туруктуу комиссияларынын төрагалары дайыма шайлоочулар менен кабыл алууларды жана жолугушууларды өткөрүп турат.
8.3. Шаардык Кеңештин фракциялары шайлоочулар менен байланышта болуп турат. Шайлоочулардын фракцияларга, депутаттарга суроо-талаптарды берүү мүмкүнчүлүгү бар.
8.4. Шаардык Кеңештин фракциялары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүлөрүнүн иши жөнүндө отчет берип турууга милдеттүү.
Фракциянын отчету каалаган убакта шайлоочулардын жыйындарында жүргүзүлөт.
Фракциянын отчет берүүсү жөнүндө белгиленген тартипте шаардык Кеңеш же анын органы маалымдайт.
8.5. Шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүктөрү фракциянын мүчөлөрүн отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуу үчүн зарыл шарттар транспорт, техникалык каражаттар менен камсыздайт жана шайлоочуларды уюштуруу жагын камсыз кылат.
Шаардык Кеңеш фракция мүчөлөрүн отчет үчүн зарыл болгон тийиштүү сурап билүү жана маалымдоо материалдары менен өз убагында камсыздайт.
Отчеттор жана шайлоочулар менен жолугушуулар жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндалат.
8.6. Шайлоочулардын суроо-талаптарын жалпылоо, аларды алдын ала макулдашуу жана шаардык Кеңештин сессиясына кароого берүү фракциянын жетекчиси аркылуу жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планынын даярдалган долбоору шаардык Кеңештин сессиясына кароого берилет.
8.7. Шаардык Кеңештин сессиясы бул чакырылыштагы шайлоочулардын суроо-талаптары жөнүндө токтом кабыл алат жана аларды ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын бекитет.
Шаардык Кеңештин сессиясы кээ бир суроо-талаптарды аткаруунун максатсыздыгы жөнүндө жүйөлүү чечим кабыл алууга укуктуу.
8.8. Аймакты экономикалык жана социалдык өнүктүрүү жана шаардын калкын социалдык коргоо, бюджетти калыптандыруу пландарын жана программаларын иштеп чыгууда, ошондой эле башка маселелер боюнча чечим даярдоодо шайлоочулардын суроо-талаптары эске алынат.
8.9. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну шаардын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүгү ишке ашырат.
Шайлоочулардын суроо-талаптарын аткарууну контролдоону шаардык Кеңештин аппаратынын бөлүмдөрү менен бирге фракциялар жана туруктуу комиссиялар жүргүзөт.
8.10. Шайлоочулардын суроо-талаптарын ишке ашырууну камсыздаган органдар сөзсүз түрдө, шаардык Кеңештин токтому менен белгиленген мөөнөттөрдө суроо-талаптарды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
Шаардык Кеңештин фракцияларынын жетекчилери шайлоочуларды суроо-талаптардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турушат.
IV БӨЛҮМ. Шаардык Кеңештин ишинин жалпы тартиби
9-глава. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясы
9.1. Шаардык Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнөн тартиби жана мезгили шаардык Кеңештин ушул Регламенти менен аныкталат.
9.2. Жаңы шайланган шаардык Кеңештин биринчи сессиясы шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясын шаардык Кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат. Шаардык Кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык Кеңештин Регламентин бекитүү, Кеңештин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо маселелери, ошондой эле шаардык Кеңештин ишин уюштуруунун башка маанилүү маселелери кирет.
9.3. Шаардык Кеңештин сессиясы кварталда бир жолудан кем эмес жана зарыл учурларда кезексиз сессияларды шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
10-глава. Шаардык Кеңештин ишин пландоо
10.1. Шаардык Кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык Кеңештин иш планын даярдоо шаардык Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
10.2. Шаардык Кеңештин иш планына маселелерди киргизүүгө шаардык Кеңештин депутаты, шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары, депутаттык фракциялар жана шаардын мэри укуктуу.
Шаардык Кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин мазмунун өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык Кеңештин сессиясынын токтому менен жол жоболоштурулат.
10.3. Шаардык Кеңештин иш планын бекитүү учурунда сунушталган маселелер боюнча документтердин долбоорлорунун болушу талап кылынбайт.
Шаардык Кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруусунда белгиленген тартипте пландан тышкары документтердин долбоорлорун даярдоо жана шаардык Кеңешке киргизүү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
11-глава. Маселелерди даярдоо жана сессияда кароо тартиби
11.1.Шаардык Кеңешке кароого берилген документтердин топтомунда ушул Регламентте белгиленген тартипте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу жактын колу коюлган коштомо кат. Эгер документ шаардык Кеңештин мурун кабыл алынган токтомун аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катта тийиштүү шилтеме көрсөтүлөт;
-кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору), суроо талаптар, кайрылуулар сессияга 7 күндөн кечиктирбестен Кеңештин жооптуу катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) Кеңештин чечимдери мамлекеттик тилде кабыл алынгандыктан мамлекеттик тилде берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат же сунуш берген тарапка кайтарылууга жатат.
- шаардык Кеңештин токтом долбоору;
Эгер шаардык Кеңештин токтом долбоору материалдык жана финансы ресурстарды алып келүүнү же сарптоону караштырган сунушту камтыган учурда, иштеп чыгуучулар тийиштүү эсебин да көрсөтөт (экономикалык негиздеме).
11.2. Шаардык Кеңештин токтом долбоору шаардык Кеңештин аппараты тарабынан шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык Кеңештин төрагасы токтом долбоорун алдын ала талкуулоону шаардык Кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына сунуштоого укуктуу.
Токтом долбоорун шаардык Кеңештин сессиясында кароого чейин аны жалпы шаардык талкуулоо, элдин алдына же депутаттык угуулар түрүндө алдын ала талкуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
11.3. Шаардык Кеңештин сессиясында маселелерди кароонун негизги жол – жоболору:
- баяндама, азыркы Регламентте каралган тартипте кошумча баяндамалар;
- баяндамачыларга жана кошумча баяндамачыларга суроолор жана суроонун жооптору;
- талкуулануучу маселе боюнча жарыш сөз;
- баяндамачылардын жана кошумча баяндамачылардын жыйынтыктоо сөзү;
- добуш берүү себеби боюнча чыгып сүйлөө;
- документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу;
- негиз катары кабыл алынган документке оңдоолорду киргизүү;
- документти толук кабыл алуу боюнча добуш берүү.
11.4. Токтом долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча шаардык Кеңеш төмөнкү чечимдердин бирөөнү кабыл алат:
1) токтом долбоорун толук кабыл алуу;
2) анын жоболорун талкуулоо менен токтом долбоорун кабыл алуу;
3) токтом долбоорун айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эсепке алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу.
11.5. Токтом долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кароодо талкуулануучу жана добуш берүүгө коюулуучу жазуу түрүндө келген сунуштар угулат.
Кабыл алынбаган сунуштар шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясына жеткире иштөөгө жөнөтүлөт, эгер ал буга кошулбаса, ал өзүнүн сунушун берет.
Добуш берүүгө депутаттардын сунуштары биринчи коюлат, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары. Эгер шаардык Кеңеш бир да сунушту жактырбаса, пункт кабыл алынган жок деп эсептелинет.
11.6 Шаардык Кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде аны контролдогон жак (шаардык Кеңештин түзүмдүк капыптануусу) көрсөтүлөт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүү пунктунда аткаруучу (бирөө же бир нече) жана аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
11.7. Токтомду аткаруунун жүрүшү жөнүндө билдирүү угулгандан кийин шаардык Кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткарылган катары токтомду контролдон алып салууга;
- аткарылган катары токтомдун кээ бир пунктарын контролдон алып салууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды узартууга;
- контролдук ыйгарым укуктарды башка жакка же органга жүктөөгө;
- токтомду жокко чыгарууга;
- кошумча токтом кабыл алууга.
11.8. Көзөмөл боюнча отчеттуулук мөөнөтү токтомдун өзүндө же шаардык Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет, ал токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөчү жакка (органга) шаардык Кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
12 Шаардык Кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
12.1. Шаардык Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда өткөрүлүүгө укуктуу болот. Жергиликтүү Кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
12.2. Шаардык Кеңештин сессиялары ачык түрдө өткөрүлөт жана зарыл учурда депутаттардын макулдугу менен жабык түрүндө өткөрүлөт
12.2. Шаардык Кеңештин депутаттары Кеңештин сессияларына төш белгиси жана мандаты менен катышууга милдеттүү. Кеңештин сессияларына катышууну эсепке алууну Кеңештин жооптуу катчысы уюштурат. Сессияга келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда депутат бул жөнүндө Кеңештин төрагасына күн мурунтан билдүүгө тийиш..
12.3. Депутат сессияга кечикпей келүүгө милдеттүү, гимн ойнолуп сессия расмий түрдө ачык деп жарыяланган кийин кечигип келген депутаттар сессияга себепсиз катышпады деп эсептелинет жана сессияга катышууга укугу жок.
12.4.Сессияны өткөрүү мезгилинде депутаттардын ичинен ачык добуш берүү менен сессиянын катчысы көрсөтүлөт.
12.5. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер, докладдар билдирүүлөр жана алар боюнча чыгып сүйлөөлөр, дем алыштар сессияны алып баруу тартибинде белгиленип депутаттардын макулдугу менен бекитилет.
12.6.Шаардык Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын ченеминде аныкталат.
12.7. Сессияга катышкан шаардык Кеңештин депутаттарынын саны каттоонун жыйынтыгы боюнча гана аныкталат.
12.8. Бир жылдын ичиндеги жүйөөлүү себептерсиз сессияга катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык Кеңештин чечими менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн жана жоопкерчилиги суралат.
Шаардык Кеңештин сессияларын жүйөөлүү себептерсиз калтырганы, ошондой эле шаардык Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаганы үчүн Кеңештин депутаттары жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардык Кеңештин депутатын чакыртып алуу тууралуу маселесин көтөрүүгө укуктуу.
Депутаттын шаардык Кеңештин сессиясын калтыруунун жүйөөлүү себептери документ менен тастыкталган оору, иш сапар, өргүү жана башка жүйөлүү себептер эсептелинет.
12.9. Шаардык Кеңештин протоколдук чечими менен шаардык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык, эсептөө комисиясы, зарыл учурларда башка комиссиялар) түзүлөт.
12.10. Шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибинде сессиянын күн тартибинин кезектеги маселелери жана аларды кароо тартиби камтылышы керек.
12.11. Шаардык Кеңештин төрагасы шаардык Кеңештин аппараты менен бирге даярдаган шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тарибинин долбоору депутаттарга таратылат.
12.12. Шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тариби шаардык Кеңештин аппараты тарабынан кезектеги сессиянын башталышына эки жума калганда кечиктирилбестен, шаардык Кеңештин аппаратынын сунуштарын эсепке алуу менен жана ушул Регламентке ылайык аныкталат.
Myну менен бирге шаардык Кеңештин аппараты шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына үч күн калганда кечиктирилбестен (эгер ушул Регламентте башка каралбаса) бардык депутаттарга кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдарды жеткирет.
Кезексиз сессия өткөрүү учурунда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароо үчүн зарыл болгон материалдар депутаттарга сессиянын алдында каттоо жүргүзүүдө таратылат.
12.13. Шаардык Кеңештин сессиясын шаардык Кеңештин төрагасы алып барат. Анын жогунда сессияда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары тапшырган же шаардык Кеңештин протоколдук чечими менен башка депутат (өзүнөн-өзү баш тартпаган) төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылган ал баяндамачы (кошумча баяндамачы) болгон маселени кароодо сессияны алып барууну өткөрүп берүүсү керек.
12.14. Шаардык Кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө укуктуу:
- эгер сөз сүйлөп жаткан Регламентти бузса, күн тартибинен тышкары сөз сүйлөсө, жүрүш – туруш этика эрежелерин сактабаса, ага сөз берилбейт;
- шаардык Кеңештин аппаратынын кызматкерин сессиянын өтүшүн камсыздоо үчүн чакырууга;
- депутаттарга жана кызматтык жактарга маалым кат алуу үчүн кайрылууга;
- пландалбаган кайым айтыштарды токтотууга;
- депутатты тартипке чакыруу, азыркы Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык Кеңешке сунуштоого;
- сессиянын жыйындар залында өзгөчө жагдайлар пайда болгон учурда, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулганда сессияны токтотууга;
12.15. Шаардык Кеңештин сессиясынын учурунда төрагалыктын уруксатысыз сессияда бир да сессиянын катышуучусунун сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок.
12.16. Шаардык Кеңештин сессиясында төрагалык кылган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Регламентти сактоого жана сессиянын күн тартибин карманууга;
- сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыздоого;
- сессиянын жыйындар залында тартипти сактоону камсыздоого;
- сөз сүйлөө регламентинин убактысын сактоого, сөз сүйлөп жатканга белгиленген убакыттын өтүшү тууралуу өз убагында эскертүүгө контрол жүргүзүүгө;
- бардык келип түшкөн сунуштарды белгилөө жана келип түшкөн тартиби боюнча добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирүүгө;
- кезеги менен сөз берүүгө;
- сессияны өткөрүүнүн тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын угууга (окуу) жана добушка кезексиз коюуга, анын ичинде өзүнүн альтернативалуу сунуштарын;
- сессиянын катышуучуларына сый – урмат көрсөтүүгө, сессиянын катышуучуларынын сөз сүйлөгөндөрүнө жеке эскертүү жана баа берүүдөн өзүн-өзү тыюуга, сөз сүйлөөдөн кийин түшүндүрмө берүүгө;
- эреже жана жол жобо боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн жана түшүндүрмөлөрүн эске алууга;
- аталыш боюнча добуш берүүгө коюлган сунуштарды редакциялоого жана аталыш боюнча добуш берүүнүн бланктарын толтурууну жетектөөгө.
13-глава. Депутаттык мандат
13.1. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
13.2. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
2-1) өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
3) ушул Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда;
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) катары менен төрт жолудан ашык жүйөөлүү себептерсиз шаардык Кеңештин сессиясына катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) Кеңеш таркатылганда.
14-глава. Добуш берүү жана чечим кабыл алуу тартиби
14.1. Азыркы Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн пайдалануучу төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы саны Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамы менен аныкталат.
- отурумда катышкандардын саны - добуш берүүнүн алдындагы акыркы каттоо учурунда катталган шаардык Кеңештин депутаттарынын саны.
14.2. Шаардык Кеңеш чечимдерди сессияда ачык же жашырын добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Ушул Регламентте белгиленген добуш берүүнүн түрүн өзгөртүү (ачык же жабык) тууралуу шаардык Кеңештин чечими шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүлүк добушу менен кабы л алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүү шаардык Кеңештин отурумунун протоколуна киргизилет.
14.3. Бир маселе боюнча добуш берүүдө, чечим чыгарууга «Макул», «Каршы» же «Чечим кабыл алууда калыс калуу» менен шаардык Кеңештин депутаты бир добушка ээ.
14.4. Ачык добуш берүүнүн алдында төрагалык сессияда добуш берүүгө канча сунуш коюларын, канчалык көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынарын (шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан, сессияда катышкан депутаттардын санынан) билдирет. Добуш берүү жарыялангандан кийин аны бузууга эч кимдин укугу жок.
Добуштарды эсептөөдөн кийин сессиядагы төрагалык чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын (четке кагылгандыгын) билдирет.
Кворум жок болсо, сессиядагы төрагалык добуш берүүнү шаардык Кеңештин сессиясынын кийинки отурумуна жылдырат.
14.5. Жашырын добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
Жашырын добуш берүүнү өткөрүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык Кеңеш шаардык Кеңештин депутаттарынын ичинен эсептөө комиссиясынын курамын аныктайт. Шайлоочу органдардын курамына көрсөтүлгөн депутаттар эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин добуш берүү учурунда токтото турушат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт. Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын сунушу жана шаардык Кеңештин чечими менен бекитилген формада жана санда шаардык Кеңештин депутаттарынын тийиштүү саны боюнча эсептөө комиссиясынын контролунда даярдалат. Добуш берүү бюллетендеринде чечимдин долбоору боюнча «Макул», «Каршы» жооптордун түрлөрү каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда анын төрагасы тарабынан жок кылынат. Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүү тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссия тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
14.6. Шаардык Кеңештин ар бир депутатына анын депутаттык күбөлүгүнүн көрсөтүүсүндө депутаттардын тизмесине ылайык, жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги аты-жөнүнүн тушуна кол коет. Ар бир бюллетендин арткы бети эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү менен кол коюлууга тийиш.
Жашырын добуш берүү үчүн бюллетень эсептөө комиссиясы печаттаган атайын ящикке салынат.
Эсептөө комиссиясы депутаттардын жашырын оюн билдирүүгө шарттарды түзүп берүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добушун эсептөөдө белгисиз түрдөгү, депутаттардын ою аныкталбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелинет. Добуштарды эсептөөнү бюллетенге кошумча киргизүү эсептелбейт.
Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү менен кол коюулат. Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиянын төрагалыгы чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт. Жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык Кеңештин токтому менен жол жоболоштурулат.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө каталыктар аныкталса, шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими менен добуш берүү кайрадан өткөрүлөт.
14.7. Тартиптик маселелер боюнча чечим добуш берүүдө катышкан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, эгер ушул Регламентте башка тартип каралбаса.
14.8. Добушка коюлуучу сунуштар жана оңдоолор жарыяланат жана алардын демилгечилери аталат.
15-глава. Шаардык Кеңештин сессияларынын
отурумдарынын протоколдору жана стенограммалары
15.1. Шаардык Кеңештин сессияларында протокол жүргүзүлөт. Сессиялардын отурумдарынын протоколдорун жол жоболоштуруу шаардык Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык Кеңештин отурумдарынын протоколдорунда төмөнкүлөр чагылдырылат: отурумду өткөрүү датасы, убактысы, орду; отурумда катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибиндеги маселелер; бул сессия үчүн депутаттардын арасына таркатылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессиянын төрагалыгынын жана сөз сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, алардын чечилиши; добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Протокол сессиянын отурумунун төрагалыгы менен кол коюлат.
15.2. Шаардык Кеңештин сессиясында стенограмма үчүн жазуу жүргүзүлөт. Стенограмманы шаардык Кеңештин аппараты жүргүзөт. Сессиянын ачык отурумунун стенограммасы атайын чыгарылыш менен жарыяланышы мүмкүн.
Сессиянын стенограммасы талкуунун жана чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүн, ошондой эле сессиянын отурумун өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду; сессиянын күн тартибин; сессиянын төрагалыгынын аты-жөнүн толук чагылдырышы керек.
16-глава. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары
16.1. Шаардык Кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө кабыл алынат.
16.2. Шаардык Кеңештин токтомдору сессияда шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ушул Регламентте каралган учурлардан башкасы.
16.3. Шаардык Кеңештин токтомдору шаардык Кеңештин төрагасы менен кол коюлат. Шаардык Кеңештин төрагасы жок болгон учурларда, шаардык Кеңештин токтомдоруна, арыздарына жана кайрылууларына шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
16.4. Шаардык Кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелерин кароонун жыйынтыгы, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте аларды жол жоболоштуруунун тартиби белгиленбесе, токтом менен жол жоболоштурулат.
16.5. Кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды шаардык Кеңештин аппараты каттайт.
16.6. Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын көчүрмөлөрү шаардык Кеңештин аппараты тарабынан мамлекеттик тилде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Баткен областындагы бөлүмүнө укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт.
17-глава Шаардык Кеңештин шаардык мэрия, өзүн-өзү башкаруу органдары, коомдук уюмдар менен өз ара аракеттери.
17.1. Шаардык Кеңеш шаардык мэрияга көз каранды эмес. Мамлекеттик бийлик органдары шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.
17.2. Бийликтин жогорку органдары шаардык Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигише албайт.
17.3. Шаардык Кеңеш шаардык мэриянын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
17.4. Аймактын таламдарына тиешеси бар маселелер боюнча шаардык Кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйындарына катышуу үчүн тиешелуу министрликтердин, мамлекеттик компетенттердин, административдик ведомстволордун ж.б. бийлик органдарынын өкүлдөрүн чакыра алат.
17.5. Шаардык Кеңеш жылына кеминде эки жолу шаардын мэринин шаардын аймагында аткарылган иштер жөнүндө отчетун угат жана ачык добуш берүү жолу менен баа берилет.
17.6. Шаардык Кенештин жооптуу катчысы, жоопкерчиликтүү адистер жана шаардын өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, мекеме-уюм, ишканалардын жетекчилери, менчигинин түрүнө карабастан шаардык Кенештин токтомдорун, чечимдерин аткарбагандыгы үчүн мыйзам ченеминде белгиленген тартипте жооп берет.
V БӨЛҮМ. Шаардык Кеңештин регламенти.
18-глава. Шаардык Кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
18.1. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен киргизилген шаардык Кеңештин Регламентине өзгөтүүлөрдү жана толуктоолоду киргизүү тууралуу сунуштары шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана биринчи кезекте каралат.
18.2. Шаардык Кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана анын сакталышын контролдоо шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык Кеңештин Регламентатинин жоболорун түшүндүрүү шаардык Кеңештин сессияларында берилет жана зарыл учурда шаардык Кеңештин токтому менен бекитилиши мүмкүн.
18.3. Шаардык Кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер аларды кабыл алган учурдан тартып жараксыз деп эсептелинет.
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Исфана шаардык Кеңешинин иш тартибин аныктайт.
19-глава. Корутунду.
19.1.Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлиги жөнүндөгү Жобого ылайык шаардык Кеңештин имаратынын үстүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги орнотулат.
19.2.Шаардык Кеңештин төрагасына, жооптуу катчысына жана адистерине берилүүчү айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү нормативдик актыларынын негизинде аныкталат.
19.3.Шаардык Кеңешти тейлөө үчүн кызматтык унаага кетүүчү лимиттер, техникалык кызматтарга кетүүчү каражаттар жергиликтүү бюджеттен жана башка жергиликтүү кирешелердин өлчөмүндө аныкталат.
Исфана шаардык
Кеңешинин жооптуу катчысы:- З.Туяков