Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз ХXXVIII сессиясы
2016-жылдын 12-майы № 26
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Айгүл-Таш айылынан жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
“Муниципалдык менчик жөнүндөгу” мыйзамынын 19 статьясынын жана Жер кодексинин 13, 18- статьяларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аймагына социалдык маданий обьектилерди куруп инфраструктураны жакшыртуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айылдык
Кенештин V чакырылышынын кезексиз ХXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын инвентаризациялоо материалында көрсөтүлгөн Айгүл-Таш айылынан Ош-Баткен авто жолунун түштүк тарабынан асылдуулугу төмөн 0,30 га таштуу жайыт жер аянтын курулуш материалдарын сатуучу дүкөн жана жыгачты кайра иштетүүчү цех куруу учун айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өңөр жай,транспорт байланыш, курулуш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Маркаев |