ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын I сессиясы
2017-жылдын 4-январындагы №1/4
«Исфана шаардык Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 37- беренесинин 1 - пунктунун жана Исфана шаардык Кеңешинин Регламентинин 2.2 пунктунун жана эсептөө комиссиясынын 2017-жылдын 4-январындагы №1 токтомунун негизинде Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Тагаев Бактыбек Исманалиевич шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |