Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январындагы №1/5
«Исфана шаардык Кенешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесинин 1–пунктунун жана Исфана шаардык Кеңешинин Регламентинин 8.1 пунктунун негизинде Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин төрагасынын орун басарлары болуп көпчүлүк “Биримдик” коалициясынан Халилов Адилжон Ахматович жана “Өнүгүү-Прогресс ” фракциясынан Амиров Абдирашит Жоробекович шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |