Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январындагы №2/1
«Исфана шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 1-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №285 сандуу токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосунун 1 бөлүмүнүн 2-пунктуна жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын мэри болуп Анарботоев Абдулмуктар Дастанович шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |