Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январындагы №2/3
«Исфана шаардык Кеңешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө»
Исфана шаардык Кеңешинин Регламентинин 10-главасына ылайык Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кенешинин 2017-жылга карата түзүлгөн иш-планы өзгөртүү жана толуктоолору менен тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын
кезексиз II сессиясынын 2017-жылдын 23-январындагы
№2/3 токтомуна тиркеме
№ | Аткарылуучу жумуштун мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1. | Исфана шаарынын мэринин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету | I квартал 2017-жылдын февраль айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
2. | Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | I квартал 2017-жылдын март айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
3. | Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын Өнүгүү программасынын (СРС) жана индикативдик планынын аткарылышы, 2017-жылдын Өнүгүү программасын (СРС) жана индикативдик планын бекитүү жөнүндө | I квартал 2017-жылдын март айы | Бюджет, экономика, өнөр жай, жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
4. | Исфана шаарынын аксакалдар соту, аялдар жана жаштар кеңештеринин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө | II квартал 2017-жылдын июнь айы | Мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясы |
5. | Исфана шаарынын аймагында үрп-адаттар, каада-салттарды жөнгө салуу боюнча кабыл алынган Жобонун аткарылышы боюнча Исфана шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | II квартал 2017-жылдын июнь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада- салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
6. | «Лейлек–Тазалык» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө отчету | II квартал 2017-жылдын июнь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
7. | Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | II квартал 2017-жылдын июнь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
8. | Исфана шаарынын мэринин 2017-жылдын жарым жылдыгында аткарган иштери жөнүндө отчету | III квартал 2017-жылдын август айы | Исфана шаар мэриясы, депутаттык фракциялар |
9. | Исфана шаар мэриясына караштуу билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө | III квартал 2017-жылдын август айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада- салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
10. | Исфана шаар мэриясынын транспорт, коммуникация жана акылуу кызмат көрсөтүү боюнча департаментинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | IV квартал 2017-жылдын октябрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
11. | Исфана шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кыш мезгилине карата даярдыгы жана жарандарды социалдык жактан коргоо иштеринин абалы жөнүндө | IV квартал 2017-жылдын октябрь айы | Билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада- салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясы |
12. | Жайыт комитетинин жана Исфана шаар мэриясынын айыл чарба тармагы боюнча башкы адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө отчету | IV квартал 2017-жылдын декабрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |
13. | “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө отчету | IV квартал 2017-жылдын декабрь айы | Муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясы |