Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/3
“Исфана шаарынын мэринин 2016-жыл ичинде аткарылган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө »
Исфана шаарынын мэри А. Д. Анарботоевдин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчетун жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнө жана Исфана шаардык Кеңешинин регламентинин 17-главасынын 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэринин 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын. (Отчет тиркелет).
2. Белгиленген кемчиликтерди четтетүү менен аткарылган иштер боюнча маалыматты 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен билдирүү берүү жагы Исфана шаарынын мэри А.Д.Анарботоевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын
2017-жылдын 20-февралындагы кезектеги
III сессиясынын №3/3 токтомуна тиркеме
Исфана шаарынын 2016-жыл ичинде социалдык-экономикалык
жактан өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча
МААЛЫМАТТАР
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. Ушул иш чарага ылайык багыт алып, Исфана шаар мэриясы жана шаар мэриясына караштуу түзүмдүк структуралар 2016-жылы бир топ иш чараларды аткарышты.
Ушул отчеттук мезгил ичинде жергиликтүү маанидеги маселелелерди чечүү, шаардын жана шаарга караштуу айылдардын ар тараптуу өсүп өнүгүшүн камсыздоо боюнча иштер алынып барылды. Айрыкча, шаардын жана айылдардын инфраструк-турасын жакшыртуу иштери колго алынды.
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2016-жыл ичинде ичинде жалпы аткарылган иштери:
Исфана шаар мэриясынын 2016-жылга карата бекитилген
социалдык -экономикалык өнүгүү программасы:
Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясынын 2016-жылдын 16-августундагы “Исфана шаарынын 2016-жылга Өнүгүү (СРС) программасынын иш чараларына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” №28/1-токтому менен бекитилген Өнүгүү программасында 27 иш-чара кабыл алынып, аларды аткаруу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Программага кирген иш чараларды аткаруу үчүн 84 954 000 сом акча каражаты керектелет. 2016-жылдын жыйынтыгы менен программага кирген 23 иш чара аткарылып, аткарылган жумуштардын суммасы 73 661 000 сом болуп, аткарылганы 87.0.% түзөт.
-Шаардын ичин түнкү жарыктандырууга 1 400 000 сом жумшалды;
-Исфана шаарынын ички көчөлөрүнө 5 км. тротуарларды курууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 294 000 сом сарпталган;
-Манас Ата көчөсүнө жергиликтүү бюджеттен 313 000 сом бөлүнүп, шагал төшөлдү;
-Ак-Булак, Токтогул, Ысык-Көл орто мектептерине жергиликтүү бюджеттен 680 000 сом бөлүнүнп, дааратканалар курулду;
-Равахана, А.Азизов (3 км.), Самат Навои (520 м.) көчөлөрүн асфальттоо иштери 12 000 000 сомго бүткөрүлгөн (а.и. жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 800 000 сом);
-Социалдык коргоого муктаж жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 512 400 сом бөлүнүп берилген;
Исфана шаарындагы Нооданек участаксына жөө адамдар өтүүчү көпрөө республикалык бюджеттин эсебинен 2 500 000 сомго курулду;
-Мырза-Патча айылын балдар бакчасын куруу иштери башталып, республикалык бюджеттен 12 100 000 сом каралган;
-Мурза-Патча айылында сугат суу түтүктөрүн курууга 335 400 сом жумшалган;
-Кара-Таш, Беш-Бала айылдарында таза суу түтүктөрүнүн курулушуна 638 700 сом сарпталган:
-“Арча-Бешик” баладар бакчасына кошумча каана курууга 507 000 сом сарпталган.
-“Алтын-Көпрөөнү” оңдоого 8 000 100 сом сарпталган;
-“Наристе” балдар бакчасынын короосу 600 000 сомго асфальттанды;
-Чынар,Жаңы-Конуш участкаларына, Ак-Булак айылына электр мамыларын орнотуу, чыбалгыларын тартуу иштерине 1 170 000 сомго аткарылды;
-Жаңы таштанды таштоочу жайды ачууга 100 000 сом бөлүнгөн,
-Исфана сайга жана Самат айылындагы сайга селге каршы дамбаларды куруу үчүн 6 600 000 сомдук иш аткарылган;
-А.Ташпулатовдун тоок фермасын ачуу үчүн жеке ишке тарабынан 760 000 сом керектелген;
-Исфана шаарындагы Додосьян көчөсүндө заманбап магазин курууга жеке ишке тарабынан 10 000 000 сом жумшалган;
-Самат айылына спорт комплексине кирген кичи фудбол аянтын курууга 2 500 000 сом сарпталган;
Исфана шаарынын СССРдин 60 жылдыгы жана Пилал көчөлөрүндө эки кичи фудбол аянтын курууга жеке ишкерлер тарабынан 5 200 000 сом сарпталган;
-Исфана шаарындагы Пионер көчөсүндөгү бассейин курууга жеке ишке тарабынан 650 000 сом жумшалган;
-Исфана шаарында суммасы 10 000 000 сомго барабар болгон тойкана курулду;
Объективдүү себебтер менен аткарууга мүмкүн болбой калган төрт пунттан турган иш чара 2017-жылдын өнүгүү программасына киргизилет.
Ошону менен бирге жыл башында бекитилген өнүгүү программасына жана айылдардын иш-чараларына кирбей калган долбоорлордун жана тартылган инвестициялардын эсебинен бир топ жумуштарды аткаруу пландалган. Бул иш чаралардын басымдуу бөлүгү калкты күнүмдүк турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу, социалдык көйгөйлөрдүн чечүү, инфраструктуранын жакшыртуу болуп саналат.
Салык тармагы боюнча:
Исфана шаар мэриясы боюнча 2016-жылга карата жергиликтүү салыктар үчүн 6 453 400 сом план түзүлгөн болуп, бул көрсөткүч 7 687 900 сомго аткарылды, пайыз менен алганда 119,1% түздү. Жергиликтүү салык боюнча 2015- жылга салыштырмалуу 779 800 сом ашыгы менен аткарылды.
Киреше салыгы боюнча 2016-жылга карата 14 615 000 сом план белгиленип, бул көрсөткүч 16 455 200 сом болуп, пайыз менен алганда 112,6 % ды түздү. Ал эми киреше салыгы 2015-жылга салыштырмалуу 2 562 200сомго ашыгы менен аткарылды.
Сатуудан түшкөн салык боюнча 2016-жыл учун план 8584,0 мин сом болсо аткарылганы 8414,7 мин сомду түздү, пайыз менен алганда 98,9 % ды түзүп, бул салыктын түрү боюнча 2015-жылга карата 5099,6 мин сомго азды түздү.
Атайын салыктар боюнча 2016-жылда 7533,1 мин сом салык жыйналды, план боюнча 6976,6 мин сом түзүлүп, ал эми аткарылганы пайыз менен алганда 108 % ды түздү . 2015-жылга салыштырмалуу 632,2 мин сомго ашыкгы менен аткарылган.
Ыктыярдуу патент боюнча 2016- жылга карата 6140,0 мин сом план белгиленип, аткарылганы 6656,6 мин сом, пайыз менен алганда 108,4% ды түздү ал эми бул салыктын түрү 2015-жылга салыштырмалуу 518,1 мин сомго ашык жыйналды.
Ал эми милдеттүү патент боюнча 460,0 мин сом план белгиленип, аткарылганы 507,6 мин сомду түзүп, пайыз менен алганда 110,3%ды түзгөн. бул көрсөткүч 2015-жылга карата 67,9 мин сомго ашыгы менен аткарылды
Автоууна салыгы боюнча 2016-жылга 2300,0 мин сом план белгиленип, аткарылганы 2734,1 мин сомду түздү, пайыз менен алганда 118,9% ды түздү. 2015-жылга салыштырмалуу автоууна салыгы 330,8 мин сомго ашыкчага аткарылган.
Жалпы салыктардын жыйналуусу боюнча 2016-жыл үчүн 36629,0 мин сом план белгиленип, аткарылганы 40090,9 мин сомду түздү. Башкача айтканда 3461,9 мин сом ашыкча жыйналып, пайыз менен алганда 109,5 %ды түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 1125,4 мин сомго аз көрсөткүчтү түздү.
2016-жыл ичинде салык төлөбөгөн атуулдарга эскертүү берилген, салыктар жыйналып, Исфана шаар мэриясынын бюджетин толтурууга арекеттер жасалды. Лейлек райондук салык кызматы менен биргеликтее рейдтер уюуштурулду жана алар менен биргеликте иш алып барылды. Милдеттүү жана Ыктыярдуу патенттерди жыйноо боюнча график түзүлүп, салык кызматкерлери участкаларга чыгып патенттер жыйноо боюнча бир топ иштер аткарылды.
Негизинен бардыгы болуп 2016-жылда жергиликтүү салыктар боюнча 7 687,9 мин сом жыйналып, пайыз менен алганда 119,1% ды түздү.
Жергиликтүү салыктын 2015-жылга карата салыштырмалуу анализи:
№ | Салыктын түрү | факт 2015-ж. | факт 2016-ж | айырмасы |
|
(+,-) сом | % 2015 | ||||
1 | Физ. жактын жер салыгы | 1841700 | 1831300 | -10400 | 99.4 |
2 | Юрид. жактын жер салыгы | 429600 | 858100 | 428500 | 199.7 |
3 | Транспорт салыгы | 2403300 | 2734100 | 330800 | 113.8 |
4 | Айыл чарбасы эмес салык | 1607500 | 1658500 | 51000 | 103.2 |
5 | “Налог на имущ 2 гр.” | 626000 | 605900 | -20100 | 96.8 |
| бардыгы: | 6908100 | 7687900 | 779800 | 111.3 |
2016-жыл ичинде Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган иштер
-Исфана шаарынын Навои, Самат көчөлөрүн асфальттоо (капиталдык куруу) жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 800 000 сом бөлүнгөн, жалпы узундугу 520 метрди түзүп, пайдаланууга берилди.
-Исфана шаарынын ички көчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен тротуарларды курууга 3.5 млн. сом каралып, курулуш иштери “Умар Кейджи” жана “Аккулов и партнеры” курулуш ишканалары тарабынан бүткөрүлдү. Узундугу жалпысынан 5 км. түзөт.
-Исфана шаарынын ички көчөлөрүн жарыктандырууга тендер жарыяланып, 1 500 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралаган. Бүгүнкү күндө 1 295 820 сомдук иштер аткарылды.
-Исфана шаарынын Чынар, Жаңы-Конуш участкаларына жана Ак- Булак айылына электр мамыларын орнотуу жана чубалгыларын тартуу үчүн 1 064 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып, курулуш иштери бүткөрүлдү.
-Күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү максатында Сүлүктү шаарындагы “Марипов” ЖЧ коому менен 2 841 639 сомду түзгөн Келишим түзүлүп, анын ичинен 1 400.0 сому которулуп берилди. Керектелүүчү көмүр 1 113. 22 т. түзөт. 24 билим берүү мекемелери көмүр менен камсыздалат. Бүгүнкү күнгө карата 918,614 т. ташылып, аткарылганы 82,52 % түздү.
-Социалдык жактан коргоого муктаждарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 1 512 360 сомдук жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам көрсөтүлдү.
-Каттуу шамалдан жапа чеккен 14 турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө жана социалдык объектилерге 70 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп, шифер алынып берилди.
-Исфана шаар мэриясынын административдик имаратын ремонттоо үчүн 145 245 сом акча каражаты бөлүнүп, тендерден “Умар Кейджи” ЖЧ коому утуп алып, оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү;
-Исфана-Тайлан-Ак-Булак автожолуна шагал төшөө жана тегиздөө иштерин аткаруу үчүн 313 723 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып, “Сапар” акционердик коому тарабынан аткарылды.
-Балдар бакчаларынын тамак ашы үчүн 600 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилди.
-А.Навои, Ысык-Көл, Токтогул, Ак-Булак, Беш-Бала мектептериндеги жаңы ажааткана куруу үчүн 1 313 148 сом бөлүнүп, курулуш иштери бүткөрүлдү.
-А.Навои атындагы орто мектебине таза суу, канализация үчүн, Наристе балдар бакчасынын короосуна асфальт төшөө, Исфана орто мектебинин навесин жана босогосун оңдоо, Жапаров атындагы орто мектебинин көмүрканасын бузуп, кайра куруу, Арча-Бешик балдар бакчасына кошумча каана куруу, Келечек балдар бакчаынын имаратын оңдоо иштерине 1 258 932 сом бөлүнүп, белгиленген жумуштар аткарылды.
-Исфана, Гагарин орто мектептерине, № 1-Гимназия мектебине, Арча-Бешик, Ынтымак, Жасмин, Жеткинчек, Ак-Шоола балдар бакчаларына ашкана жана башка эмеректери, оргтехникалар алуу үчүн 892 200 сом бөлүнүп, белгиленген эмеректер алынып берилди.
-Керемет балдар бакчасынын жана Кулунчак мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реаблитациялоо борборунун ижара акыларына 110 000 сом которулуп берилген.
-Шаардын аймагындагы беш билим берүү мекемелеринин электр жабдуулары электротехникалык лабораториядан өткөрүлдү, бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бюджеттен 74 000 сом бөлүнүп берилди.
-Билим берүү мекемелеринин өрт коопсуздугунун алдын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 632 050 сом бөлүндү, тендерге жарыя берилген.
2016-жыл ичинде Исфана шаарынын аймагында республикалык бюджеттин эсебинен аткарылган иштер:
-Исфана сай участкасында (Токтогул орто мектебинин күн чыгыш тарабында) узундугу -132 метр (1 800 000 сом), Самат айылынын күн батыш тарабындагы сайга узундугу 160 метр (4 800 000 сом) таш дамбалар, жалпы суммасы 6 600 000 сом;
-Мурза-Патча балдар бакчасынынын жаңы имаратынын курулуш иштерин жүргүзүлүп жатат, суммасы 11 844 590 сом;
-Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1814 шифер берилген, жалпы суммасы 689 320 сом;
-Равахана жана А.Азизов көчөлөрүн толук асфальттоо үчүн 10 115 857 сом жумшалган, жалпы узундугу 3 км. түзөт;
-Ош-Исфана автожолунун 337-км. “Алтын-Көпрөө” 8 000 800 сомдук капиталдык оңдоодон өткөрүлүдү:
-Ош-Исфана автожолунун 334-км. (пост ГАИ) көпрөөгө 1 500 000 сомдук капиталдык оңдоо жүргүзүлдү;
-Нооданек участкасындагы Х.Тыныбеков көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпрөөнүн курулушуна 1 200 000 сом каралган, курулуш иштери бүткөрүлдү.
Статистика жана тартылган ички жана сырткы
инвестициялар боюнча:
2016-жыл ичинде Исфана шаарынын жана караштуу айылдардын аймагына тартылган ички жана сырткы инвестициянын жалпы көлөмү 8 441 420 сомду түздү. Анын ичинен: АРИСтен 1 020 000 сом акча каражаты шаарга караштуу жайыттардын инвраструктурасын жакшыртуу жана Ала-Тамыр участкасындагы скважинаны оңдоо, ошондой эле Исфана жайыт комитетин 28 000 сомдук офистик эмеректер, жана 38 000 сомдук оргтехника берилген. АБЛИСтен 340 000 сом алты даана тигүү машинкасы, ар түрдүү мебелдер, ж.б. цех үчүн керектелүүчү шаймандар, Кызыл Ай коомунан Мурза Пачча айылына суугат суу үчүн 15 метр жерге диаметри 1000 мм., калыңдыгы 1см. труба, цемент, солярка, арматура, швеллер, пило материал, жалпы 335 420 сомго алынып берилди. Инсан-Лейлек коомдук фондусунан 70 000 сом Голбо айылындагы ФАПтын айланасын тосуу, ал эми жалпы жеке тармактардан 6 610 000 сом тартылып, социалдык объектилер оңдолду, тоок, бөдөнө багуу уюштурулду, элге кызмат көрсөтүү пункттары, тигүү цехи ачылды, жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу багытында иш аракеттер жүргүзүлдү ж.б. бир топ иштер уюштурулду.
Шаардагы базар баалары апрель, май, июль, декабрь айларына карата такталды. “Айыл” программасын толуктоо иштери улантылууда. 2016-жылы 365 шаардын тургундары “Айыл” программасына катталып, жалпы тургундардын алдынала саны 30442 адамды түздү.
Исфана шаарында жана шаарга караштуу айылдарда 2016-жылга карата төрөлгөн балдар 561, ал эми набыт болгон бир жашка чейинки балдар 7. Төрөттөн энелердин өлүмү жок. Жыл ичинде райондук статистика комитетине берилүүчү тийиштүү отчеттор өз убагында тапшыруу камсыз кылынды.
Мал жандыктар боюнча салыштырмалуу маалымат:
к/№ | Мал жандыктар, канаттуу-лар ж.б. көрсөткүчтөр | өлчөө бирди | 01.01.2015-ж. карата | 01.01.2016-ж. карата | Айырмасы (+,-) |
1 | Ири мүйүздүү малдар | баш | 5590 | 5034 | -270 |
2 | Кой-эчкилер | баш | 30105 | 29413 | -1416 |
3 | Жылкылар | баш | 424 | 424 | -16 |
4 | Үй канаттуулары | баш | 77224 | 7224 | -97 |
5 | Саалган сүт (орточо) | цт | 27580 | 21790 | -5790 |
6 | Алынган жумуртка | даана | 280 000 | 254 000 | -26 000 |
7 | Кыркылып алынган жүн | цт | 560 | 530 | -30 |
8 | Өндүрүлгөн эт | цт | 9370 | 8260 | -1110 |
9 | 2016-жылга карата дыйкан жана жеке чарба боюнча уйдан 1724 баш музоо, 15780 баш козу, 1056 баш улак, 69 баш кулун алынды. | ||||
Финансы-экономика бөлүмү
Муниципалдык башкаруу кызматына 2016-жылга аныкталган план 11271,1 мин сом каралып, 9666,1 мин сомго аткарылып, 85%ды тузду: анын ичинен айлык акыга муниципалдык кызматкерлерге 5739,2 мин сом, соц фонд толомдору 849,7 мин сом, иш сапар чыгымдарына 389,3 мин сом, суу акы толоого 38,0 мин сом,. Электр энергиясына акы 536,7 мин сом,.Байланыш кызматына 155,0 мин сом, куйуучу май,ар турдуу транспорттук чыгымдар жана кызматтарга 214,2 мин сом,башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 691,9 мин сом, резервдик фонддун эсебинен 556,7 мин сом, мулкторду,курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 178,1 мин сом жумшалган. Учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу учун 272,1 мин сом, компьютер жабдууларын сатып алууга 45,0 мин сомго аткарылган.
Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык кызматына 2016-жылга аныкталган план 1524,7 мин сом каралып, 1348,4 мин сомго аткарылып 88%ды тузду: анын ичинен айлык акыга 928,5 мин сом, соц фондко 148,5 мин сом, иш сапар чыгымдарына 20,2 мин сом, байланыш кызматына 24,7 мин сом, куйуучу май,ар турдуу транспорттук чыгымдар учун 101,7 мин сом, башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 106,8 мин сом, учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу учун 18,0 мин сомго аткарылган.
Департамент транспорт болумуно 2016-жылга аныкталган план 1944,9 мин сом каралып, 1138,1 мин сомго аткарылып58%ды тузду: анын ичинен айлык акыга 308,4 мин сом, соц фондко 46,1 мин сом, сом, куйуучу май,ар турдуу транспорттук чыгымдар учун 121,2 мин сом, тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 279,2 мин сом, курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 51,5 мин сом, имараттарды жана курулуштарды анын ичинде жол ондоого 313,7 мин сомго аткарылган.
Муниципалдык менчик департамент болумуно 2016-жылга аныкталган план 16792,7 мин сом каралып, 15527,8 мин сомго аткарылып 92%ды тузду: анын ичинен айлык акыга 743,0 мин сом, соц фондко 123,1 мин сом, иш сапар чыгымдарына 7,4 мин сом, байланыш кызматына 5,2 мин сом, куйуучу май,ар турдуу транспорттук чыгымдар учун 49,4 мин сом, имараттар жана курулуштарды ондоо учун 11806,3 мин сом, башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо,коммуналдык кызмат корсотуу максатында корсоткон чыгымдарга 2642,4 мин сом, мулкторду,курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 151,1 мин сомго аткарылган.
Лейлек Тазалык менчик ишканасы болумуно 2016-жылга аныкталган план 7784,0 мин сом каралып, 7516,9 мин сомго аткарылып 96%ды тузду: анын ичинен айлык акыга 2590,0 мин сом, соц фондко 383,0 мин сом, электр энергиясына 359,4 мин сом, имараттар жана курулуштарды ондоо учун 150,0 мин сом, куйуучу май,ар турдуу транспорттук чыгымдар учун 1254,0 мин сом,башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлөө кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо,коммуналдык кызмат корсотуу максатында корсоткон чыгымдарга 1388,3 мин сом, мулкторду,курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 359,0 мин сом, Учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу учун 699,6 мин сом, машиналарды жана жабдууларды сатып алууга 33,0 мин сом, кочотторду сатып алууга 300,0 сомго аткарылган.
Маданият болумуно 2016-жылга аныкталган план 914,1 мин сом каралып, 909,4 мин сомго аткарылып 99,1%ды тузду: айлык акыга 605,9 мин сом, соц фондко 104,6 мин сом,иш сапар чыгымдарына 13,3 мин сом, башка тейлоо кызматтарын алууга, мекемелердин өз керектөөлөрүн камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 185,6 мин сомго аткарылган.
Социалдык коргоо элге женилдиктерге 2016-жылдын 9 айлык сметасы 1500,0 мин сом каралып,1258,9 мин сомго аткарылып 83,0 % ды тузуп, андан сырткары элге электроэнергияга болгон 50%дык компенсацияга республикалык бюджеттен 4821,5 мин сом толонуп берилген.
Балдар бакчасы болумуно 2016-жылга аныкталган план 2665,1 мин сом каралып, 1948,3 мин сомго аткарылып 73% ды тузду: анын ичинен сапарга чыгуу кызматтары учун 60,0 мин сом, суу акы толоого 6,0мин сом, электр энергиясына акы 566,7 мин сом, башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 84,1 мин сом, Тамак аш азыктары учун 809,9 мин сом, мулкторду,курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 249,9 мин сом, машиналар жана камсыз кылууларга 178,0 мин сом,учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу учун 11,7 мин сом, имараттардын ижара акысы учун 160,0 мин сомго аткарылган.
Билим беруу тармагы орто мектептерге 2016-жылга аныкталган план 9800,1 мин сом каралып, 8930,7 мин сомго аткарылып 91%ды тузду: анын ичинен суу акы толоого 122,2 мин сом, электр энергиясына акы 1412,9 мин сом, байланыш кызматына 4,5 мин сом, башка тейлоо кызматтарын алууга,юридикалык тейлоо кызматтарына ,мекемелердин оз керектоолорун камсыздоо максатында корсоткон чыгымдарга 363,2 мин сом, мектеп жана балдар бакчаны комур менен камсыздоо учун 2841,6 мин сом, мулкторду,курулмаларды,жабдуу шаймандарды учурдагы ондоого чыгымдарга 713,6 мин сом, компютерлердин камсыз кылууларын алуу учун 273,7 мин сом, учурдагы чарбалык максаттар учун предметтерди жана материалдарды сатып алуу учун 671,3 мин сом, имараттар жана курулуштарды ондоо учун 2452,7 мин сом ижара акыга 75,0 мин сом, машиналарды жана жабдууларды сатып алууга 273,7 мин сомго аткарылган.
Социалдык жактан коргоо боюнча:
Исфана шаарынын аймагында жашаган турмуштук оор кырдаалда жашаган арыз менен кайрылган 202 (2015-жылы 101 болгон) үй-бүлөгө арыздарын канааттандыруу максатында 548 760 (2015-жылы 294 606 сом болгон) сом бөлүнгөн Ооган согушунун ардагерлерине 20 580 сом, ЧАЭСтин 5 катышуучусуна 2000 сомдон 10 000 сом акчалай жардамдар берилген.
8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 177 “Баатыр энелерге” майрамдык 88 500 сомдук акчалай жардам берилген. Энелер күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагында жашаган 60 энелерге майрамдык кече уюштурулуп, жалпысынан 63 020 сомдук белектер уюштурулуп берилген. Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүүдө Исфана шаар мэриясыннын аймагында жашаган 70 жакыр үй-булого 400 сомдон жалпысынан 28 000 сомдук акчалай жардам берилген.
Улуу Жеништин 71 жылдыгына карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 3 ардагерге 5000 сомдон, ошондой эле 66 ооруктун ардагерлерине 2000 сомдон жалпысынан 147 000сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Исфана шаарынын аймагында жашаган 14 тоголок жетим балдарга колдоо көрсөтүү максатында ар биринин эсебине 3000 сомдон, жалпысынан 42 000 сом которулуп берилген, ошондой эле «Кулунчак» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды калыбына келтирүү борборуна ар бир балага бирден белек даярдалып, жалпысынан 11 000 сом акча каражаты жумшалган, бардыгы болуп 53000 сомдү түзөт.
Онкологиялык ооруу менен ооруган 28 жаранга дарыланып келген жол чыгымдары үчүн 166 777 сом, ал эми кургак учук ооруу менен оруган 7 жаранга 28 483 сом төлөнүп берилген. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 44 жаранга 111 100 сом акчалай берилген.
Турмуш шарты начар 76 үй-бүлөгө 228 800 сом, багуучусун жоготкон (СПК) 10 үй-бүлөгө 21 600 сом акчалай жардамдар көрсөтүлгөн.
“Курбан айт” майрамына карата Исфана шаарынын аймагында жашаган тоголок жана жарым жетим, жалгыз бой карыя, турмуш шарты оор 98 үй-бүлөгө 500 сомдон 49 000 сом, ал эми 2016-жылдын майында “Баатыр Эне” орденин алган 26 энелерге белектер алынып, ага 10 000 сом жумшалган.
1-октябрь-карыялар күнүнө карата Сүлүктү шаардык кары-картаңдар үйүнө 10 000 сом жана Исфана шаарынын аймагында жашаган 125 карыяга ар бирине 1 000 сомдон, жалпы 125 000 сом бөлүнүп берилген.
3-декабрь-майыптар күнүнө карата 152 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 76 000 сомдук белек, сый тамагына 11 500 сом, жалпы 87 500 сом жумшалды.
Кыш мезгилине карата 88 үй бүлөгө 500 кг., жалпы 44 т. Көмүр таркатылып берилди, жалпы суммасы 264 000 сомду түзөт.
Исфана шаар мэриясынын социалдык коргоо статьясынын эсебинен жалпысынан 1 512 360 сом 2016-жыл ичинде жумшалган (2015-ж 760 432 сом, ).
№ | Категориялардын аталышы | Адам саны | Сом менен | ||
2015-ж
| 2016-ж
| айырмасы | |||
1 | Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери | 3 | 36 000 | 15 000 | -21 000 |
2 | ЧАЭС катышуучулары | 5 | 12 000 | 10 000 | -2 000 |
3 | КОС и КОГ | 2 | 4 000 | 4 000 | - |
4 | Жалгыз бой карыялар | 7 | 11 000 | 11 000 | - |
5 | Баатыр энелер | 177 | 72 520 | 88 500 | +15 980 |
6 | Жалпы оорунун майыптары | 44 | 111 000 | 111 100 | +100 |
7 | Кургак учук менен ооругандар | 7 | 47 376 | 28 483 | -18 893 |
8 | Онкологиялык оорукчандар | 36 | 153 806 | 166 777 | +12 971 |
9 | Ото жакыр уй-булолор | 76 | 126 890 | 228 800 | +101 900 |
10 | ДРА (Афган согуш. Ардагер ж-а жесирлери) | 22 | 31 820 | 20 580 | -11 240 |
11 | Ооруктун ардагерлери | 66 | 105 000 | 132000 | +27 000 |
12 | СПК (багуучусуну жоготкон уй-булолор) | 18 | 24 000 | 50 000 | +26 000 |
13 | Башка чыгымдар (даталуу кундор ) 1-июнь, соцадилеттуулук, энелер куну,курбан айт. | - | 419 020 | 646 120 | +227 100 |
| Бардыгы |
| 1 154 432 | 1 512 360 | + 357 928
|
Социалдык тармак боюнча:
Билим берүү мекемелери боюнча:
Балдар бакчаларында тамак-аш берүүнү уюштуруу үчүн азык-түлүктөрүдү сатып алууга тендер өткөрүлдү.
Билим берүү мекемелериндеги коопсуздук чаралары боюнча Исфана шаар мэриясынын буйругу даярдалды, ар бир билим берүү мекемесине жеткирилди. Бул маселе боюнча 2016-жылдын 21-апрель күнү билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен чогулуш өткөрүлдү.
Электр энергиясы боюнча ар бир мекемеге лимиттер бөлүштүрүлүп жеткирилди. Мындан сырткары Райондук СЭСге кат жебирилип, бардык билим берүү мекемелирндеги тамак-аш берүүнүн абалы текшерүүдөн өткөрүлдү.
Голбо айылында жаңы бала бакча ачылып иш жүргүзө баштады. Бүгүнкү күндө облустук юстиция башкармалыгынан расмий түрдө мамлекеттик бала бакча болуп катталган.
Окуучулардын республикалык предметтик олимпиадасына катышкан №1-Гимназия жатак-интернатынын окуучуларына жана аларды даярдаган мугалимдерине колдоо көрсөтүү, олимпиаданын республикалык туруна катышып келүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында Исфана шаарынын мэринин резервдик фондунун эсебинен 10 000 сом акча каражаты болүнүп берилди.
Кышка карата даярдык боюнча шаардын аймагындагы мектептердеги электр жабдууларын жана электр чубалгыларын электротехникалык лабораториядан өткөрүү үчүн 74 000 сом каражат бөлүнүп өткөрүлдү.
Жаңы окуу жылына карата мектеп жашындагы балдардын тизмеси, о.э. ар бир ББ мекемеси боюнча социалдык категориядагы балдардын саны жана тизмеси такталды.
Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренеси боюнча каржылоого тизмеге кирген Голбо айылына курулуучу мектеп жана балдар бакчасы боюнча тийиштүү документтери даярдалып, облустук капиталдык курулуш башкармалыгына жиберилди. Бүгүнкү күндө долбоордук документтерин даярдоого тендер өткөрүлүп жаңы мектептин жана балдар бакчасынын курулушунун долбоору даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү иш-чарасына кирген Мурза-Патча айылына курулуучу балдар бакчасы боюнча долбоордук-сметалык документтер толук бүткөрүлүп облустук капиталдык курулуш башкармалыгына (УКС) жиберилди. Тендердин жыйынтыгында “Нур траффик” ЖЧК жеңип, бүгүнкү күндө жалпы суммасы 11844590 сомдук балдар бакчасынын курулушу башталды. 2016-жылдын октябрь айынын 1-декадасында Мырза-Патча айылында 2 кабаттуу 34 орундуу балдар бакчасынын курулуш иштери башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери субподрядчы “Илек Строй Групп” ЖЧК тарабынан аткарылып балдар бакчасынын имаратынын 1-кабаты бүткөрүлүп, 2-кабатынын курулушу жүрүүдө
-Капиталдык оңдоолорго 2 мектеп жана 2 балдар бакчасынын документтери даярдалып сунушталган. А.и. Ю.Гагарин атындагы орто мектеби тизмеге киргизилип, бүгүнкү күндө мектепти толук ремонттон өткөрүүгө Билим берүү министрлиги тарабынан 17431322 сомго тендер жарыяланган. Жыйынтыгында “Делта лот” ЖЧК 13 248 110 сом менен утуучу деп табылган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери башталуу алдында турат.
Билим берүү мекемелерине берилген жардамдар боюнча:
№ | Аталышы | Каржы бөлүнгөн жумуштар | сумма | эскертүү |
1 | А.Наваи а.о. м. | Ашканага таза суу киргизүү, канализация | 103000 | бүткөрүлдү |
2 | Исфана о/м | Мектептин босогосун жана маңдайкы навесин оңдоо Ашкана эмеректери, +100 стульчик | 191710
171000 | бүткөрүлдү |
3 | Ысык-Кол о/м | 8 очколуу ажаткананын курулушу | 272000 | бүткөрүлдү |
4 | Токтогул о/м | 8 очколуу ажаткананын курулушу | 272000 | --//-- |
5 | Гагарин ат. о/м | Ашкана эмеректери жана ремонту | 259200 | бүткөрүлдү |
6 | №4- Гимназия | 4 комплект компьютер, 3в1 принтер Ашканага печка, муздаткыч | 100000 40000 | берилген -//- |
7 | Ак-Булак н.о.м | 4 очколуу ажаткана куруу | 224882 | жүрүп жатат |
8 | Т.Жапаров ат о/м | Көмүр кампаны бузуп кайрадан курууга | 114642 | --//-- |
9 | Беш-Бала б/м | 4 очколуу ажаткана куруу |
|
|
10 | Наристе б/б | Асфальт жаткырууга | 212827 | бүткөрүлдү |
11 | Арча-Бешик б/б | Кошумча 2 каана куруу Ашкана эмеректери, печка, муздаткыч | 533753 78000 | берилген |
12 | Келечек б/б | Ремонт иштерине | 103000 | берилген |
13 | Ынтымак б/б | Ашкананын ремонтуна жана эмеректер | 70000 | берилген |
14 | Жасмин | Ашкана эмеректери, печка, кир машине | 47000 | берилген |
15 | Жеткинчек | Ашкана эмеректери, печка, муздаткыч | 78000 | берилген |
16 | Ак-Шоола | Ашкана эмеректери, печка, муздаткыч | 50000 | берилген |
17 | Керемет | Имараттын ижара акысы 3 айга | 60000 | төлөнгөн |
18 | Кулунчак | Имараттын ижара акысы | 50000 | төлөнгөн |
Бардыгы 3 041 014 сом | ||||
Мындан сырткары билим берүү мекемелерин кышка карата көмүр менен камсыздоо үчүн - 2841639 сом, электр шаймандары менен камсыздоого (а.и. эл.тех. лаборатория) – 269814 сом, жана концелярдык буюмдар менен камсыздоо үчүн 302500 сом акча кражаты бөлүнүп берилгенң
Маданият тармагында өткөрүлгөн иш-чаралар төмөнкүлөр:
Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата Исфана шаар мэриясынын аймагындагы мырзалар арасында “Мырза жигит” кароо-сынак өткөрүлүп, шаар мэриясынан 5 000 сом, 8-март Аялдардын Эл аралык күнүнө карата кыз-келиндер арасында «Аруу зат – 2016» кароо-сынагы өткөрүлүп шаар мэриясынан 5 000 сом, 21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш чарага 43 000 сом акча каражаты сарпталды. Орун алган командаларга шаар мэриясынын акчалай сыйлыктары берилди.
Кыргыз Республикасыны Президенти тарабынан жарыяланган “2016-жыл тарых жана маданият жылына” карата рееспубликалык акындардын “Айтыш” конкурсу өткөрүлүп, шаар мэриясы тарабынан уюштуруу иштерине 40 000 сом бөлүнүп берилди.
2016-жылдын 17-апрелинде Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Курбаналы Сабыровдун туулган күнүнө арналган “Лейлек поэзия күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн Исфана шаарынын мэринин резервдик фондунун эсебинен 10 000 сом акча каражаты берилди.
1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата шаар мэриясына караштуу “Кулунчак” калыптандыруу борундагы 22 балага ар бирине 500 сомдук жалпы 11 000 сомдук азык-түлүк пакеттери берилди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишти майрамдоого арналган, жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын арасында аскер-атуулдук ырларын мыкты аткаруучулардын 3-Республикалык “Жоокер ыры” кароо-сынагына катышуучу Исфана шаар мэриясына караштуу Ысык-Көл орто мектебинин окуучуларына жана мугалимине Бишкек шаарында өтүлүүчү мелдешке барып келүүсү үчүн 10 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
“Эл ичи - өнөр кенчи” аттуу ыр кесе майрамын өтөкөрүүгө - 10 000 сом, көчмөндөр оюндарына баруучу комузчу кыздарга 7 000 сом берилди.
- Көчмөндөр оюндарына баруучу комузчу кыздарга 7000 сом.
- ЛРМАнын 12.10.2016-ж. буйругун негизинде жаштар уюму менен биргеликте “Баңгиликке каршы күрөшүү” аттуу конкурс өткөрүлүп, сыйлыктарына 10000 сом бөлүнүп берилди.
- Мугалимдердин кесиптик майрамына карата кече өткөрүлүп, ардагер мугалимдер жана ББ мекемелеринин директорлору жалпы суммасы 28500 сомдук баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
- жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Тамашоу” конкурсу өткөрүлүп 10000 сомдык сыйлыктар берилди.
- Исфана шаар мэриясынын имаратында Советтер Союзунун баатыры С.Садыковдун бюсту жана ага арналган бурч ачылды. Салтанаттуу аземди уюштуруп өткөрүүгө 12800 сомакча каражаты сарпталды.
- жаңы жыл майрамына карата Исфана шаарынын мэринин балаты майрамы турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү балдары үчүн өткөрүлдү, шаарга караштуу 15 мектептен 40 окуучу катышып, жалпы суммасы 32400 сом акча каражаты сарпталды.
- Жаңы жыл майрамына карата 31-декабрь күнү Раззаков аянтында карнавалдык оюн-зоок кече өткөрүлдү, бардыгы болуп 28000 сом акча каражаты сарпталды.
Бардыгы болуп маданият тармагына 262 700 сом каражаты сарпталды.
Спорт тармагында:
23-февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата элдик улак-тартыш оюнун уюштурууга шаар мэриясынын эсебинен 60 000 сом акча каражаты сарпталды
21-Март «Нооруз» майрамына карата Исфана шаар мэриясынын аймагындагы мекеме-уюмдар жана ишканалар ортосунда, ошондой эле кыз-келиндер волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, 21 500 сомдук акчалай сыйлыктар жана шаар мэриясынын дипломдору берилген.
7-апрель бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата Лейлек үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан уюштурулуп өткөрүлгөн акцияга жана спорттук иш-чараларга шаар мэриясы тарабынан 1000 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
9-Май майрамына карата борбордук стадиондо улуттук күрөш оюну өткөрүлүп шаар мэриясынын эсебинен 60 000 сом акча каражаты сарпталды.
Мурза-Патча айылында коңшулаш тажик элдери менен биргеликте спорттук иш-чараларды уюштуруп өткөрүү үчүн Исфана шаар мэриясынын эсебинен 16 000 сом бөлүнүп берилди.
Бардыгы болуп спорттук иш-чараларга 158 500 сом каражат бөлүнгөн.
Айыл чарба тармагы боюнча:
2016-жылга карата айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жарандарга 1101,0 га жер ижарага берилген, ижара акысынан түшө турган сумма 773 900 сомду түзсө, 2016-жылы 876 600 сом өндүрүлүп алынды, пайыз менен алганда 113.2%га аткарылган. Ал эми 2015-жылга карата жыйналган сумма 650 500 сомду түзгөн болсо, быйылкы жылы ага салыштырмалуу 226 100 сомго көп жыйналган.
жылы | План (сом менен) | Жыйналганы (сом менен) | Соцвзнос (сом менен) | Жер салыгы (сом менне) | эскертүү
|
2015 | 580 00 | 650 500 | - | 64 600 |
|
2016 | 773 900 | 876 600 | 89 606 | 129 267 |
|
Исфана шаарына караштуу айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин эффективдүү пайдалануу боюнча бир топ иш аракеттер жүргүзүлдү. 164 га. суулуу айдоо жерлер толук ижарага берилген, 917 га кайрак айдоо жердин 757.0 га. ижарага берилген (берилбей калганы 160 га.), 232 га. чөп чабынды жерден 95 га. жер ижарага берилген (берилбей калганы 137 га.), 85 га. алма бак толугу менен ижарага берилген.
2016-жылдын түшүмү үчүн орум-жыйымдын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
Жалпы 4029 га. жерге кылкандуу дан эгиндери себилген болсо, 18.6 цн. түшүм алынып, 3923 т. буудай камдалды, 14.6 цн. түшүм алынып 2765 т. арпа кырманга түшүрүлдү, ошону менен бирге 999 т. дандык жүгөрү, 10 т. май өсүмдүктөрү жана башка жер-жемиштери өз убагында жыйналып алынды.
Ал эми 2016-жылга карата 12 000 т. кесек тоют даярдоо пландалган болсо, 12 052 т. камдалды. Бул көрсөткүч 2015-жылы 12 100 т. кесек тоют даярдоо керек болсо, 7464 т. даярдалган.
2016-жылдын айдап-себүү, оруп-жыйноо өнүктүгүндө шаар боюнча 52 айыл чарба техникалары, а. и. 10 комбайн ишетди.
Жарандар тарабынан үлүш жерлерин тактап берүү тууралуу койгон маселесин чечүү, ижарага берилген мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акыларын бюджетке түшүрүү боюнча жарандар менен такай иш алып баруу зарыл.
Ветеринардык тармак боюнча:
2016-жыл ичинде ичинде Исфана шаар мэриясынын ветинспектру жана ветсервистер тарабынан Исфана шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы жергиликтүү калктын малдарын, үй канатууларын ар кандай жугуштуу ооруларга (бруцеллез, кара-сан, ичеги курттар, шарп, чума, кутурма ж.б.) каршы эмдөө иштери белгиленген тартипте жүргүзүлдү. Ошону менен бирге үй жаныбарларынын кутурма оорусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерине негизги көңүл бурулуп, бул багытта бир топ жумуштар аткарылды.
Малдардын ооруларын алдын алуу боюнча эмдөө иштери боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу жалпылагнан анализи.
к/№ | Малдар, үй жандыктары | 2015-ж. | 2016-ж. | айырмасы |
1 | Жылкы | 915 | 781 | +134 |
2 | Ири мүйүздүү малдар | 28 781 | 37 494 | -8 713 |
3 | Кой-эчкилер | 58 121 | 94 111 | +35 990 |
4 | Үй канаттуулары | 4974 | 5440 | +466 |
5 | Ит жана мышыктар | 3959 | 4653 | +694 |
2016-жылга карата 496 баш ит атылып жок кылынды, Ал эми былтыркы ушул отчеттук мезгилде 450 баш ит атылган (+46).
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана милеорация министрлиги тарабынан мал жандыктарды идентификациялоо максатында жалпы суммасы 84 176 сом болгон 4 комплект компьтютерлер алынды.
Курулуш, коммуналдык, суу чарба жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча
Исфана шаар мэриясынын иш-планынын негизинде иш-пландар түзүлүп, ошонун негизинде иш алынып барылат. 2016-жылы Исфана-1,2,3,4,5 Голбо, Тайлан, Ак-Булак, Чимген, Беш-Бала, Кара-Таш, Самат жана Мурза-Пачча айыл, кыштактардын кооптуу 23 (жыйырма үч) участкаларына карта-схемалары, чиймелери чийилип, фото сүрөттөрү алынды жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине, областтык, райондук бөлүмдөрүнө каттар жиберилди.
Аталган тармакка жыл ичинде 56 арыздар аткаруу үчүн жиберилген. Өз убагында жообу берилген. 2015-жылы 58 арыз каттар катталган.
Сел кырсыгынын алдын алуу максатында сайлардын жээктерин сүрүп, тазалап, сайлардын жээктерине тал-теректерди отургузуп, бекемдөө иштерин жүргүздү, шаарга караштуу баардык айыл, кыштактардын ички-тышкы көчөлөрүнө грейдр жүргүзүлүп, жолдордун четине кувейттер ачылды.
2016-жылдын апрель айында болгон табыгый кырсыктан (шамалдан) жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүлүп, Исфана шаар мэриясы тарабынан соц имараттарга – 56 даана, турмуш шарты оор 14 кожолука жана 1 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине болуп, жалпы 198 даана шифер жардамга берилди.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 2016-жылдын 30-мартында 550 даана жана 2016-жылдын 8-майында 1264 даана шифер, жалпы- 1814 даана шифер, 166 кожолука жардамга берилди.
2016-жылдын май, июнь айларында болгон табыгый кырсыктан (селден) жабыр тарткан шаардын, айылдардын ички- тышкы 17 км көчөлөрү, арыктардын баштары шаар мэриясы тарабынан калыбына келтирилди.
Ошондой эле сел суулары жүрүүчү жерлерди, сайларды тосуп, селдин жолуна терек отургузуп алган атуулдарга Исфана шаар мэриясы тарабынан 11 атуулга ооз эки түрүндө эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Тайлан, Ак-Булак айылдарында 270 м. селара механикалык тазаланып, 340 даана габион торчолорун берилди. Исфана шаарынын “Алтын көпүрө” участкасына 60 даана габион торчолору бөлүндү. Исфана шаар мэриясы тарабынан “зуб” жасаганга эксковатор берди, эл өзү орнотушууда.
Мурза-Пачча, айылында жалпы 500 метр сайдын ичи механикалык тазалоо иштери жүрдү. Самат айылындагы сайдын ичинин 400 метр жери механикалык тазалоо жүрүп, 400 даана габион торчолору берилди.
АВР менен Исфана шаар мэриясынын Исфана сай участкасында (Токтогул орто мектебинин күн чыгыш тарабында) узундугу -132 метр, Самат айылынын күн батыш тарабындагы сайга узундугу 160 метр таш дамбаларды Жалал-Абад СМУтт ишканасы тарабынан жасалды..
Исфана шаарынын Додосьян көчөсүндөгү “Алтын көпүрө” табыгый кырсыктан селден жабыр тарткан, Жалал Абад СМУтту ишканасы капиталдык ремонттолууда.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Х. Тыныбеков атындагы көчөсүнө адамдар өтүүчү жөө көпүрө курулууда, Чимген айлына 10 т. цемент, 390 кг. арматура берилди.
Кызыл Ай коомунан Мурза Пачча айылына суугат суу үчүн 15 метр жерге диаметри 1000 мм., калыңдыгы 1см. труба, цемент, солярка, арматура, швеллер, пило материал, жалпы 335 420 сомго алынып берилди.
2015-жылга салыштырмалуу Исфана шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Өзгөчө кырдаалдарга 40% га көп акча сарптаган.
Аскердик каттоо жана мобилизациялык
даярдык боюнча:
Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 18-декабрындагы №89-токтомун аткаруу боюнча 2016-жылдын 4-январынан 31-мартына чейин 2000-жылы төрөлгөн уландарды аскердик эсепке алгачкы каттоо иштери өткөрүлдү. Шаардын аймагында жашаган 2000-жылы туулган 246 улан аскердик эсепке алгачкы каттоодон өтүштү.
Жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш пландарынын алкагында Советтик Куралдуу Күчтөрдүн Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 27 жылдыгына карата жоокер-интернационалисттерди урматтап сыйлоо иш-чаралары түзүлүп, мектеп окуучулары, окуу жайларынын студенттери менен Ооган согушунун жана башка согуштук аракеттердин ардагерлеринин жолугушуулары өткөрүлдү.
23-февраль – Мекен Коргоочусу Күнүнө жана Улуу Жеңиш Күнүнүн 71 жылдыгына арналган иш-чаралардын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин урматтап-сыйлоо боюнча иш-чаралары уюшкандыкта өткөрүлдү, бул иш чараларга мектептердин, окуу жайларынын эмгек жамааттары, окуучулар жана студенттер активдүү катышышты. Ар бир ардагер боюнча өзүнчө иш-чара алып барылды.
504 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 27 чакырылуучу аскердик кызматка, 18 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. Кыска мөөнөттүү аскердик кызматка 14 улан, альтернативдик кызматка 35 улан чакырылып, аскер комиссариаты тарабынан коюлган наряд толук аткарылды.
2016-жылдын сентябрь - ноябрь айларында жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча аскер комиссариатынан алынган нарядды аткаруу үчүн 632 чакырылуучунун аскердик каттоо маалыматтары такталып, 32 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, 26 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылуу үчүн алдын ала тандалып алынды. 26 чакырылуучу кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, 54 чакырылуучу альтернативдик кызматка чакырылып, аскер комиссарияты тарабынан коюулган наряд 130%га аткарылды..
2016-жылда шаардын аймагындагы альтернативдик кызмат өтөөчүлөрдөн Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин эсебине 3 323 680 сом, Кыргыз Республикасынын Чек ара Кызматынын эсебине 830 920 сом, жалпы 4 154 600 сом өткөрүү камсыз кылынып, көрсөтүлгөн план 152%га аткарылды.
Исфана шаар мэриясынын ВУС инспекторлору тарабынан аткарылган иштеринин 2015-жылдын карата салыштырмалуу таблицасы:
к/ № | Иш чаралардын аталышы | 2015-ж
| 2016-ж.
| айырмасы |
1 | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин эсебине | 2 228 696 | 3 323 680 | +1 094 984 |
2 | Кыргыз Республикасынын Чек ара Кызматынын эсебине | 557 174 | 830 920 | + 273 746 |
3 | Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакырууларды тактоо | 631 | 632 | +1 |
4 | Альтернативдик кызматка чакы-рылган уландар | 174 | 89 | -85 |
5 | Кыска мөөнөтүү аскер кызматына чакырылган уландар | 26 | 40 | +14 |
8 | 1999-2000-жылдары туулган уландардын аскер-дик эсепке алгачкы каттоонун жүрүшү | 218 | 246 | +28 |
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары
жана уюштуруу иштери боюнча:
Исфана шаар мэриясы тарабынан 2016- жыл ичинде 127 токтом (2015-жылы 141, -14) кабыл алынды, 369 (2015-жылы 295, +74) буйрук чыгарылды. Шаар мэриясы тарабынан жарандардын үй бүлөсүнүн курамы жана жашагандыгы тууралуу 21087 жаранга, ал эми көзү өткөн 103 (2015-жылы 176, -73) жаранга форма 50 маалымдамасы берилди. 857 (2015-жылы 393, +464) чет өлкөлүк жана башка облустун жарандары убактылуу каттоого алынды. 1742 (2015-жылы 1569, +173) жарандын ички паспорту катталды, 232 (2015-жылы 204, +28) жаран каттоодон чыгарылган. 1440 (2015-жылы 2093 болуп -653) жарандын ар түрдүү маанидеги жазуу жүзүндөгү арыздары катталган, жогорку органдардан 853 (69 буйрук, 36 токтом, 748 каттар, бул көрсөткүч 2015-жылы 493 түзгөн + 360) иш кагаздары катталган жана өз убагында аткарууга алынып, жазуу түрүндө жооптору берилген. Исфана шаарына караштуу ишканалардан 680 (2015-жылы 751, +71) каттар жана башка иш кагаздары катталган. 1390 (2015-жылы 1446, -56) ар кандай маанидеги каттар тийиштүү жогорку органдарга, юридикалык жана жеке тараптарга жөнөтүлгөн. Исфана шаарынын мэринин кабыл алуусунда 223 (2015-жылы 1185 +38 жаранга көп) жаран катталган.
Исфана шаар мэриясында 24 негизги штаттык бирдиктер, 2 аскердик эсеп кызматкери, 14 айыл башчы, 6 маданият тармагын тейлоочу кызматкерлер эмгектенишет. Муниципалдык менчик департаментинин башкы эсепчиси, “Исфана таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси. Юрист жетектөөчү адиси бош ваканттык административдик кызмат ордуна конкурс жарыяланган.
Бардык муниципалдык кызматкерлердин өздүк делолору уюштурулду. 2016-жылы 13 кызматкер жаныдан кызматка алынып, өздүк делолору уюштурулду. Кызматкерлердин эмгек өргүүгө чыгаруу боюнча Исфана шаар мэриясынын профсоюз комитетинин чогулушу өткөрүлүп, эмгек өргүүгө чыгуу боюнча ар бир кызматкерге график түзүлүдү.
Аппараттык чогулуштар 45 жолу өткөрүлүп, ар бир чогулушка катышкан кызматкерлердин колу менен тастыкталган аппараттык чогулуштун протоколу түзүлгөн. Исфана шаар мэриясынын 2016-жыл учун аппараттык окууларды өткөрүүнүн программасы бекитилип, 18 жолу окуу өткөрүлгөн.
2016-жылда биринчи жарым жылдыгында 4 муниципалдык бош кызмат орундарына (юрист, кирешелер боюнча эки жетектөөчү адис, муниципалдык менчик департаментинин башчысы, айыл чарба, жер боюнча башкы адис) конкурс жарыяланып өткөрүлдү жана ушул кызмат орундарында кызматкерлер иштеп жатышат.
Шаар мэриясынын кызматкерлеринин билим жана квалификациялык денгээлин которуу үчүн 7 кызматкер атайын окууга Ош, Баткен, Жалал-Абад шаарларына барып окуп келишти.
2016-жылы Исфана шаар мэриясынын 166 өздүк буйрук кабыл алынды, салыштырмалуу 2015-жылга 174 болгон, иш сапарга чыгуу боюнча 62 буйрук кабыл алынган, салыштырмалуу 2015-жылы 49 болгон, 12 айга табель жүргүзүлүп эсепканага өз убагында тапшырылган.
Исфана шаар мэриясынын иш-кагаздары жана уюштуруу иштери боюнча 2016-жылга карта салыштырмалуу маалымат:
Аткарылуучу иштердин аталышы | 2015
| 2016-
| айырмасы |
Кабыл алынган токтомдор | 141 | 127 | -14 |
Чыгарылган буйруктар | 295 | 369 | +74 |
Жарандарга берилген маалымдамалар | - |
| - |
Көзү өткөн жарандарга берилген справка | 176 | 103 | -73 |
Убактылуу каттоого алынган жарандар | 393 | 857 | +464 |
Катталаган жарандардын ички паспорттору | 1569 | 1742 | +173 |
Каттоодон чыгарылган жарандар | 204 | 232 | +28 |
Шаар мэриясында катталаган жарандардын арызы | 2093 | 1440 | -653 |
Жогорку органдардан келген иш кагаздары | 493 | 853 | +360 |
Чыгыш каттар | 1446 | 1390 | -56 |
Оозеки арыздар менен кабылдамада болгондор | 185 | 223 | +38 |
Чыгарылган өздүк буйруктар | 174 | 166 | -8 |
Иш сапарга чыгуу боюнча буйруктар | 49 | 62 | +13 |
Квалификациясын жогорулатууга окууга барган. | 6 | 7 | +1 |
“Баатыр Эне” орденин жана “Эне Даңкы” медалын алуу үчүн 22 эненин документтери даярдалды. 2016-жыл ичинде 20 энеге “Баатыр Эне” ордени, 8 энеге “Эне Даңкы” медалы шаар мэриясында салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясы боюнча иш-чара түзүлүп, иш-чаранын негизинде жер жерлерде чогулуштар өткөрүлдү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Коррупцияга каршы иш-чараларынын планы түзүлүп, анын негизинде жер-жерлерде чогулуштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бекитилген программа менен аппараттын кызматкерлерине атайын кыргыз тилин үйрөтүү боюнча окуулар уюштурулуп, өткөрүлдү.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык
менчик департаменти:
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинде штат боюнча 8 киши иштеп жатат, башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу келишим негизинде иштеп жаткандыгына байланыштуу, 1 башкы эсепчи бош кызмат ордуна ачык конкурс жарыяланган.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине 2016-жыл ичинде жогорку орган жана мекеме уюмдардан 187 кат, атуулдар тарабынан 781 арыздар түшкөн. Алардан 294 арыз турак жай куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө, 487 арыз жер тилкелерин түз сатуу жолу менен берүү, жер тилкелерин ижарага алуу жана башка ар түрдүү маселелер жөнүндө. Арыз жана каттарга өз убагында жооп берилген.
Бөлүмдүн негизги аткаруучу функциясы- муниципалдык менчикти эксплуатациялоо, башкаруу, сактоо, көбөйтүү жана жергиликтүү бюджетти толтуруу болуп саналат.
Муниципалдык менчик департаментинде муниципалдык менчиктеги жерлерди ижарага берүүдөн план 225 000 сом болсо, 225 000 сом кириштелип, аткарылышы 100 % түзгөн, (бул көрсөткүч 2015-жылдын план 225 000 сом болуп, түшүрүлгөнү 225 000 сомду түзгөн, же 100%га аткарылган)
Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке сатуудан план 1 559 000 сом болсо, 1 338 000 сом кириштелип, аткарылышы 85,8% ды түзгөн. (бул көрсөткүч 2015-жыл план 1 500 000 сом болуп, түшүрүлгөнү 1 425 100 сомду түзгөн, же 95% аткарылган) Бул багытта иштерди жандандыруу талап кылынат.
2015-2016-жылга карата салыштырмалуу ижара боюнча түшкөн кирешелер:
2015-жыл | 2016-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
225000 | 225000 | 100% | 225000 | 225000 | 100% |
2015-2016-жылга карата салыштырмалуу сатуудан түшкөн кирешелер:
2015-жыл | 2016-жыл | ||||
план | аткарылды | % | план | аткарылды | % |
1,5млн | 1425100 | 95% | 1500 000 | 1 038 800 | 86% |
Жалпысынан алганда 2016-жыл ичинде Исфана шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине суммасы 1 263 800 сомду түзгөн киреше түшкөн.
Муниципалдык менчик департаментинин 2016 –жылга карата чыгаша бөлүгү боюнча төмөнкүдөй болгон: Эмгек акы жана соц.фонд 944926,01 сом, сапар чыгымдары 13227, ар түрдүү чыгымдар 11231862,54 сомду түзгөн.
Муниципалдык менчик департаменти аркылуу болгон чыгымдар боюнча:
№ | Түрү | 2016-жыл
|
1 | Эмгек акы жана соц.фонд | 944926,01 |
2 | Сапар чыгымдары | 13227 |
4 | Ар түрдүү чыгымдар | 11231862,54 |
| Баардыгы | 12190015,55 |
Иш-чараларда көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча:
Исфана шаарына Мурза Патча айылына балдар бакчасы куруу үчүн 0,70 га. жана Кара-Таш айылына балдар бакчасын куруу учун 0.50 га. жер тилкелери ажыратылып, тийиштүү документтери даярдалып берилип, Мурза-Патча балдар бакчасыны ОсОО “НУР Трафик” 11 844 590 сомго жеңип алып, бүгүнкү күндө курулуш иштерин баштады.
Исфана шаарына караштуу Самат айылындагы эски мектеп буздурулуп, ордуна спорт зал жана кичи футбол аянтчасына жана мончого тиещелуу болгон жер тилкелерин муниципалдык менчике катталып спорт зал жана кичи футбол аянтчасыны куруу боюнча тийиштүү документтери даярдалып берилди. Кичи футбол аянтчасы курулуп бүткөрүлдү.
Исфана щаарынын түнкү жарыктандыруу тротуарларды, аялдамаларды куруу боюнча керектүү болгон иш кагаздары даярдалып конкурс өткөзүүгө жарыя берилип, бүгүнкү күндө тротуарлар жана түнкү жарыктандыруулар бүтүү алдында турат.
Исфана шаарына каращтуу мектептер жана балдар бакчаларына кошумча имараттары жана ажатканаларды куруу боюнча берилген билдирүүлөрдүн негизинде керектүү мекеме уюмдардан тийиштүү болгон иш кагаздары даярдалып берилди.
Исфана шаарынын көчөлөрүндө автоунаа токтоочу жана соода точкаларын тартипке келтирүү максатында Додосьян көчөсүнө автоунаалар коюучу жайлар уюштурулуп, бүгүнкү күндө иштеп жатат.
Исфана шаарынын Манас-Ата жана Додосьян көчөлөрүндө мыйзамсыз тротуарларга чыгып кеткен имараттардын ээлерине билдирүүлөр берилип, экотех инспекцияга өткөрүлдү. Мыйзамсыз курулган курулуштар алынды. Кара-Таш - Беш-Бала таза суу түтүкчөлөрү бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
2016-жыл “Тарых жана маданият жылына” карата Авган согушунун катышуучуларынын арыздарынын негизинде, эстелик куруу үчүн Исфана шаарынын Раззаков көчөсүнөн жер тилкеси ажыратылып берилди. Исфана шаар мэриясынын административдик имаратында Советтер Союзунун Баатыры С.Садыковдун бюсту орнотулду. Бул иш чарага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 сом бөлүнгөн.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине укуктарды беруу боюнча тузулгон комиссия курамдары менен тыгыз байланышта иш алып барылып, чогулуштар өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571-токтомунун негизинде муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага беруу жана сатуу боюнча аукцион өткөрүлдү.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы турак жай куруу учун жер участогун болуп беруу боюнча түзүлгөн комиссия курамдары менен чогуу иш алып барылып, трансформация болуп келген 57 га жер участогунын башкы планы түзүлүп, жарандарга жер участогун бөлүп берүү боюнча тизмелери такталды.
Андан тышкары 2016-жыл ичинде атуулдар тарабынан түшкөн арыздарынын негизинде тийиштүү документтери даярдалып, өздөрүнүн менчигиндеги жер тилкелерине ар түрдүү курулуштарды куруу боюнча токтомдору даярдалып берилди.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин аппарат кызматкерлери 2016-жыл “Тарых жана маданият жылын” ыйгиликтуу аяктап, 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылын” жаны пландар менен баштоо аракетинде турат.
Исфана шаар мэриясынын алдындагы транспорт,
коммуникация, соода жана кызмат көрсөтүү департаменти:
2016-жыл ичинде төмөнкүдөй жумуштар аткарылды жана аткарууга көмөк көрсөтүлдү: Алсак:
Ушул жылдын март-апрель айларында Чеш-Дөбө, Серпая участкаларынын жолу оңдолуп, айыл чарба техникаларынын жана автотранспорттун жүрүшүнө шарт түзүлдү, бул жумуштарды аткаруу үчүн 36 900 сом акча каражаты сарпталды, Серпая участкасына кошумча грейдер менен тегиздөө иштери аткарылып, 30 000 сом жумшалды. Исфана-Тайлан-Ак-Булак автожолунун 550 м. участогуна шагал төшөө, тегиздөө жана 40 м. труба жаткыруу иштерин аткаруу үчүн 313 723 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди. Исфана шаарынын Навои, Самат көчөлөрүн 520 м. участогун асфальттоо (капиталдык куруу) жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1.8 млн сом бөлүнүп, пайдаланууга берилди. Ал эми шаардын Равахана көчөсүнүн 1 км. жолуна, жалпы суммасы 5 423 193 сомду түзгөн асфальт төшөлдү, ошону менен бирге А.Азизов көчөсүнүн 1 км. аралыгына толук асфальт төшөлүп, бул жумушту аткаруу үчүн 4 692 664 сом сарпталды. Исфана шаарынын К.Тыныбеков кочосундогу сайга жоо адамдар отуучу копуро курулуп, 1 800 000 акча каражаты сарпталды. Голбо айылын 1 км. аралык жолу асфальттанды. Асфальтоо иштери республикалык капталдык курулуштан каржыланды. Исфана шаарынын ички көчөлөрүндөгү жол коопсуздугун сактоону эске алуу менен шаарды айланып өтүү жолунун негизи ашар ыкмасы менен курулду, бул жолдун жалпы узундугу 2200 м. түзүп, жолдун курулушу үчүн жалпысынан алганда 1 250 000 сомдук жумуш аткарылган.
2015-жылга карата салыштырмалуу, жалпыланган анализ:
к/ № | Аткарылган иштердин аталышы | өлчөмү | 2015-ж.
| 2016-ж.
| Айырма (+,-) |
1 | Шаардын жана айылдардын ички жолдоруна төшөлгөн шагыл | рейс | 295 | 560 | +265 |
2 | Шаарга караштуу эгин талаа жолдорун оңдоо, тегиздөө | км | 8 | 25 | +17 |
3 | Шаардын жана айылдардын жолдорун асфальттоо (капиталдык оңдоо) так маалымат | м | 2500 | 3520 | +1020 |
4 | Курулган тротуарлар | м | 150 | 5000 | +4850 |
5 | Жол коопсуздугун сактоо үчүн орнотулган жол белгилери | даана | 14 | 28 | +14 |
6 | Сел кесепетинен бузулган жолдорду калы- бына келтирүү | м | 4100 | 5200 | +600 |
Исфана-Кайрагач автожолунун курулушу боюнча элдер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Исфана шаарын айланып өтүүчү жол курулуп, Кытайлык жол куруу компаниясынын, Сүлүктү шаарынын шахталарынын автоунаалары менен 200 “рейс” шагал төшөлүп тегизделди.
2016-жылдын май-июнь айларында болгон жаандан катуу селден бузулган Исфана шаарынын “Алтын-Көпрөөдөн” Ай-Көл АЗСна чейинки сайдын ички жолдору оңдолду, ошону менен бирге сайдагы эки тарапка өтүүчү ички көчөлөр да тегизделип, автоунаанын жүрүүсүнө шарт түзүлдү, Равахана, Тайлан участкаларындагы арыктарды баш тарабы оңдолуп, сугат суу жүрүүсүнө шарт түзүлдү, аталган участкалардын ички жолдору тегизделди, Темичколдон, Каптарханадан баштап сел бузган жолдор жана арыктар оңдолду.
Өрттөн жабыркаган “Лейлек” борбордук базарын калыбына келтирүүгө жана ал жердеги соода-сатыктын жүрушүнө жакындан жардам берилди, базардын алдындагы автоунаа коюучу жер убактынча токтолуп, куруш жана оңдоп-түзөө иштерине шарт түзүлдү, шаардын ички маршруттук каттамы көзөмөлгө алынып, тартипке келтирилди, шаардын ички көчөлөрүн орнотуу үчүн 20 даана жол белгилери даярдалды.
Борбордук базардын үстү жагынан дыйкандар үчүн коон-дарбыз сатууга атайын жай уюштурулуп берилди, соода кылган жана аларман жарандарга жагымдуу шарт түзүлдү, шаардын борбордук базарында сооданын жүрүшү көзөмөлгө алынды. Ар күнкү департамент тарабынан жумуш ошол жерден башталып, көзөмөл иштери аткарылууда.
Бүгүнкү күндө Исфана-Ак-Булак маршруту боюнча күнүнө үч жолудан кичиавтобустардын каттамы уюштурулду.
2016-жылда Исфана шаарынын аймагында жеке ишкерлер жана донорлор тарабынан 11 ишкана ачылып, бугунку кундо иштеп жатат. 63 адам жумуш менен камсыз болуп ишканаларда эмгектенип келатат.
Исфана жайыт комитети боюнча:
Мал каттоонун жыйынтыктары менен 2016-жылга кабыл ала турган бюджеттин жана иш пландарын шаардык Кенештин сессиясына сунушталды жана бекитилди.
Исфана жайыт комитетинин шаардык Кенештин сессиясында бекитип берген бюджети 2016-жылга 691 000 сомду түздү.
2016-жыл ичинде жайыт жерлеринде жайгашкан короо жайларда жайгашкан малдардын санын так алынды. Ошондой эле малчылар менен жайытты үнөмдүү пайдалануу боюнча келишимдерди түзүп, Ак-Булак, Тайлан, Каптархана, Беш-Кудук, Темич-Кол, Шор-Булак, Тоо- Жайлоо, Кутчу, Шапкырт жайыттары боюнча мониторинг жүргүзүлдү.
Зыгылык жайыт участкасындагы булакттар тазаланып, диаметри 100 мм болгон үч даана наркы 5 400 сомдук 12 метр суу түтүкттөрү булак көздөрүнө орнотулуп, 240 метрлик транщея жайыт пайдалануучулардын жардамы менен казылды жана 240 метрилик диаметри 50 мм суу түтүктөрү орнотулду, баасы 12 000 сом, жалпы баасы 17 400 сомду түзөт. .
Каптархана жайыт участкасынын мал өтүүчу жолдорунун кооптуу селден бузулуп кеткен жерлерин техниканын жардамы менен ондолуп түзөтүлдү, техниканы иштетүү үчүн чыгымдар 6000 сомду түздү.
Серпая жайыт участкасында селдин кесепетинен бузулуп кетткен жайыт жолдору техниканын жардамы менен тегизделип.жакшы абалга келтирилди. Техника чыгымы 75 литр солярка баасы 2500 сом.
АРИСтин программасы менен проектер иштелип 1 000 020 сомдук грант менен Ала-Тамыр жайыт участкасындагы скажинаны капремонттом оңдоо үчүн 476 930 сомдук смета долбоору даярдалды. Стрижка жайыт участкасына малдарды дарылоо үчүн купканын долбооруна 776 356 сомдук сметанын долбоору даярдалды.
2016-жылга карата бюджеттин аткарылышы 590 000 сомду түздү. Жайыттардын инфраструктурасын оңдоого 103 400 сом жумшалган. Жайыттарга барып малчыларга жайыт пайдалануунун графиктерин түшүндүрүп, малдын сандарын тактап мониторинг жүргүзүлдү.
Жайыт комитети тарабынан аткарылган иштердин жалпы финансалык абалы боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу анализи:
к/ № | Аткарылган иштердин аталышы | 2015-ж. (сом менен) | 2016-ж. (сом менен) | Айырма (+,-) |
кирешеси | ||||
1 | Жайыт пайдалануучулардан түшкөнү | 408 000 | 420 000 | +12 000 |
Тартылган инвестициясы | ||||
2 | 2016-жылга жайыттарды жакшыртууга | 60 000 | 1 020 000 | +960 000 |
3 | Алынган мебель, оргтехникалар | - | 66 000 | +66 000 |
| Кирешелер бардыгы | 468 000 | 1 506 000 |
|
чыгашасы | ||||
1 | Эмгек акыга | 243 000 | 286 000 | +43 000 |
2 | Соцфондго которулганы | 28 700 | 34 500 | +5 800 |
3 | Салыкка котурганы | 125 400 | 125 400 | 0 |
4 | Подоход салыгына | 9 500 | 12 200 | +2 700 |
5 | Кызматтык сапар чыгымына | 10 000 | 7 000 | -3000 |
6 | Концтовар үчүн | 5 000 | 7 000 | +2000 |
4 | Транспорттук чыгашалар | 7 000 | 7 500 | +500 |
5 | Жайыттын инфраструктурасын жакшыр- тууга жумшалган акча каражаты | 157 000 | 103 400 | -53 600 |
6 | Башка чыгашалар | 5 000 | 7 000 | +2 000 |
7 | Гранттык эсепке 5% салым | - | 72 000 | +72 000 |
| Чыгашалар бардыгы | 591 000 | 590 000 | -1000 |
АРИСтен Жайыт комитетине 28 000 сомдук офистик эмеректер жана 38 000 сомдук оргтехникалар (компьтер, принтер, интернет байланышы үчүн модем ж.б.), (жалпы 66 000 сом) алынып, бүгүнкү күндө иштетилип жатат.
Исфана шаар мэриясынын денгелинде өткөрүлүп туруучу коомдук иштерге жайыт комитети да салымын кошуп, активтүү катышууда.
“Исфана таза суу” муниципалдык ишканасы боюнча:
Аталган мекеме тарабынан бир топ иш аракеттер жүргүзүлгөн. Алсак:
Салам Бава, Восточная- 1, 2, 4, Додосьян, Эгембердиев, Кошмуратов, Туракулбай Ата, Манас Ата, Тоголок Молдо, К.Баратов, Раззаков, Госспецхоз көчөлөрүндөгү таза суу линияларында, Райондук мечит, ГААК, РСК, биринчи кичирайонунун ПМК, борбордук базар, Стадион, Самат Садыков атындагы парк, Рузахун, Прокуратура, “Кулунчак”, Алмазар, аэропорт таза суу түтүктөрүндө трубаларды алмаштыруу, “утечкаларды” токтотуу, винтилдердерди алмаштыруу, суу түтүктөрүн киргизүү иштери аткарылды.
Бозогул участкасындагы 32 кожолукка таза суу киргизилип берилди. Ошону менен бирге селден жабаркаган Подхоз-Голбо, Чынар, Чулгон линиялары аталган ишкана тарабынан оңдолду.
Шаар калкын таза суу менен камсыздоо бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлөт. Райондук СЭС менен биргеликте белгиленген тартипте суу кампалары жана суу түтүктөрү хлор менен “промывка” кылынат.
Ишкана 2016-жылга карата 3 289 661 сом кириштеп, 2015-жылга карата 3 445 348 сом болуп, 74 552 сомго көп чогултурулган.
Аткарылган иштердин финансалык абалы боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу анализи:
к/ № | Аткарылып жаткан иштердин аталышы | 2015-ж. (сом менен) | 2016-ж. (сом менен) | Айырма (+,-) |
киреше | ||||
1 | Кожолуктардын түшкөнү | 2 102 883 | 2 177 435 | +74 552 |
2 | Коммерциялык “точкалардан” түшкөнү | 204 365 | 173 480 | -30 885 |
3 | Бюджеттик мекеме, ишканалардан | 645 810 | 466 779 | -179 031 |
4 | Башка кирешелер | 480 283 | 393 867 | -86 416 |
5 | Адашып которулган сумма РайОО |
| 78 100 | +78 100 |
| бардыгы | 3 445 348 | 3 289 661 | -233 787 |
Чыгаша | ||||
1 | Эмгек акыга | 1 158 495 | 1 264 335 | +105 840 |
2 | Соцфондго которулганы | 371 658 | 320 270 | -51 388 |
3 | Салыкка которулганы | 188 159 | 233 648 | +45 489 |
4 | Коммуналдык чыгашалар | 158 271 | 241 133 | +82 862 |
5 | Транспорттук чыашалар | 93 660 | 137 271 | +43 661 |
6 | Оңдоого ж.б. жумшалган чыгашалар | 310 462 | 277 235 | -33 227 |
7 | Административдик чыашалар | 79 463 | 67 612 | - 11 851 |
8 | Башка чыгашалар | 95 115 | 80 305 | - 14 810 |
9 | Кредит (5%) төлөмүнө | 315 000 | 250 000 | -65 000 |
10 | Жаңы суу түтүктөрүн курууга | 282 968 | 89 250 | -193 718 |
11 | Материалдарды, тетиктерди сатып алуу | 211 555 | 119 600 | -91 955 |
12 | Хлор сатып алууга | 62 000 | 117 000 | +55 000 |
13 | Профсоюздук мүчөлүккө |
| 11 000 | +11 000 |
14 | Монополияга каршы... ишканасына | 6 240 | 18 100 | +11 860 |
15 | СЭЦ | 16 320 |
| -16 320 |
16 | Контораны ондоого | 51 900 |
| -51 900 |
17 | Лесхоз | 7 184 |
| -7 184 |
18 | Адашып которулган сумма РайОО |
| 63 100 | +63 100 |
| бардыгы | 3 404 450 | 3 289 859 | - 114 591 |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы “Лейлек-Тазалык”
муниципалдык ишканасы боюнча:
Аталган ишканада 22 кызматкер эмгектенет, анын ичинне 4 жооптуу кызматкер, 5 айдоочу, 7 жумушчу 4, тейлоочу кызматкер, 2 багбан эмгетенишет.
Ишкана Исфана шаарынын санитардык абалын кароо, шаардын көрктөндүрүү жагы шаардын түнкү жарыктарын жана келишим түзгөн мекеме ишканаларын тейлейт. Бүгүнкү күндө 9 даана техникасы бар. Алардын жардамында шаардын ички жолдоруна шагал төшөө, сайларды тазалоо, арыктарды ондоо, таштандыларды тазалоо жумуштарын аткарылат.
2016 жыл ичинде төмөнкүдөй жумуштарды аткарылды:
Кыш күндөрү шаардын ички жолдоруна кар коп жаап тайгак болгон убактарда жол коопсуздугун сактоо максатында өз убагында шлак жана туз материалдарын себилди. Ал үчүн 51 рейс шлак, 1600 кг. Туз себилип, тазалоо иштери аткарылды, бардыгы болуп 325 750 сом акча каражаты жумшалган. Март айынан жалпы пайдалуудагы жерлерди крөктөдүрүү жана жашылдандыруу максатында бак-дарактарды актоо жумуштарына 1500 кг. айыл башчыларына тапшырылды жана шаардын көчөлөрүндөгү бак-дарактарга 200 килограмм аки таш сарпталды. Бардыгы болуп 1700 кг. жалпы суммасы 30 000 сом акча каражаты сарпталды. Шаардын борбордук көчөлөрүнө майрам жана даталуу күндөргө байланышкан маалыматтарды, ураандарды чагылдырган лозунгдар үчүн 481 м2 банер алынып, ал үчүн 168 350 сом акча каражаты сарпталды. Тазалыкты сактоо максатында шаардын борбордук көчөлөрунө суу себуу иштери үстүбүздөгү жылдын март айынан башталды. Жыл ичинде 352 рейс, ар бири 6 500 литрден суу себилип, жалпы 494 912 сомдук акчпа каражаты сарпталды. 2016- жылга 1 232 жеке кожолуктар менен келишим түзүлгөн, мындан сырткары 56 мекеме уюмдар менен келишим түзүлүп, белгиленген график боюнча күнүгө 4 рейстен таштанды алынып чыгылууда. Бардыгы болуп, жыл ичинде 2455 рейс 9820 м3 таштанды ташылды.
Исфана шаарынын борбордук аянтынын айланасына 24 даана жаңыдан орнотулган түнкү жарыктандырууга, ошону менен бирге шаардын ички көчөлөрүндөгү эскирген түнкү жарык берүүчү “кобраларды” алмаштыруу жана тетиктерди алуу жана МАИ постунан “Сыймык” май куючу жайга чейин 117 даана трубадан мамылар орнотулуп, сым чубалгылары тартылды жана түнкү жарык берүү үчүн жалпысынан 1 464 563 сом акча каражаты жумшалды.
2015-жылга салыштырмалуу көрсөткүчтөрү:
К № | Аткарылган иштердин аталышы | өлчө- мү | 2015-ж. карата | 2016-ж. карата | Айырма (+,-) |
1 | Тейленген жеке кожолуктар | саны | 787 | 1 232 | +445 |
2 | Тейленген мекеме, ишканалар | саны | 32 | 56 | +24 |
3 | Даталуу күндөргө лозунг чыгаруу | сом | 122 200 | 168 350 | +46 150 |
4 | Шаардын көчөлөрүнө суу себүү | сом | 177 156 | 494 942 | +317 756 |
5 | Чыгарылган таштандылар | м3 рейс | 3 420 (1140 рейс) | 9 820 (2455 рейс) | +6 400 (+1 315) |
6 | Түнкү жарыктандыруу | сом | 345 000 | 2 760 383 | +2 415 383 |
7 | Кыш мезгилинде туз, шлак себүү | сом | 152 300 | 325 750 | +173 450 |
8 | Бак-дарактарды актоого акиташка | сом кг. | 35 400 (1770 кг.) | 30 000 (1700 кг.) | -4 500 (-70 кг.) |
9 | Айлык акыга | сом | 1 596 000 | 2 590 000 | +994 000 |
10 | Транспорт, күйүүчү май, тетиктер | сом | 1 121 700 | 1 215 000 | +3 300 |
11 | Ар түрдүү чыгымдарга | сом | 1 764 900 | 3 656 000 | +1 891 100 |
12 | Соцфондко чегерүүлөр | сом | 319 500 | 383 600 | +64 100 |
13 | Салыктар үчүн | сом | 106 300 | 153 400 | +47 100 |
Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү айылдагы орнотулган түнкү жарыктарды дайыма көзөмөл кылып иштебеген жерин өз мезгилинде оңдолуп турулду. Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында Саркент жаратылыш паркы менен келишим түзүлүп, март айында 300 түп можжевельник көчөтү, 200 түп роза көчөтөрү алынып , шаардын борбордук көчөлөрүнө отургузулду.
“Төө-Жайлоо” СПАсы боюнча:
“Төө-Жайлоо” СПАсынын 2016-жылга карата бюджети 655 112 миң сомго түзүлгөн. (2015-жылы да ушул эле сумма болгон). Лейлек райондук суу чарба башкармалыгы менен 2 516 000м3 суугат суу үчүн келишим түзүлгөн.
2016-жылга карата алынган суу 1 976 00 м3 болсо, элге жеткирилгени 961 752 м3ту түзөт. 1 014 248 м3 сугат суу жоготууга учураган. “Алма бак” кооперативи СПА менен келишим түзгөндүгүнө карабастан, алынган суугат суу үчүн акча которгон эмес. (2015-жылы суугат суу үчүн карызы 34665 сом болгон). Элге жеткирилген суугат суунун суммасы 250 055 сомду түзөт. Жыл ичинде канал, латокторду оңдоого 23 650 сом, Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына 11 000 сом, тамак-ашка 19 900 сом, кредиттин төлөмүнө 7 000, эмгек акыга 63 590 сом ал эми башка чыгымдар үчүн 79 525 сом сарпталган.
Бүгүнкү күнгө карата өндүрүлбөгөн карызы “Алма бак” кооперативин кошпогондо 77 859 сомду түзөт.
Суугат сууну пайдалануу боюнча 2015-жылга карата салыштырмалуу анализ:
К/ № | Жалпы иш-чаралардын аталышы | өлчөмү | 2015-жыл | 2016-жыл | айырмасы (+, -) |
1 | СПАнын бюджети | сом | 655 112 | 655 112 | 0 |
2 | РСЧБ менен түзүлгөн икелишим | м3 | 2 516 000 | 2 516 000 | 0 |
3 | Алынган суугат суу | м3 | 2 395 000 | 1 976 000 | -419 000 м3 аз |
4 | Элге жеткирилген суугат суу | м3 | 1 583 327 | 961 752 | -621 645 м3 аз |
5 | Жоготууга учураган суугат суу | м3 | 811 603 | 1 014 248 | -202 645 м3 аз |
6 | Жеткирилген суугат суунун суммасы | сом | 411 683 | 250 055 | - 161 628 с аз |
7 | Казынага түшеөн сумма | сом | 263 243 | 172 193 | - 91 047 с аз |
8 | Насыяга төлөө ( кредитке) | сом | 39 105 | 17 000 | -22 105с аз |
9 | Мүчөлүк төлөм | сом | 6500 | 900 | -5 600 с аз |
10 | Каналдарды жана латокторду оңдоо | сом | 45 113 | 23 650 | - 21 463 с аз |
11 | Эмгек акынын төлөнүшү | сом | 101 210 | 63 590 | -37 620 с аз |
12 | Өндүрүлбөгөн карыздар | сом | 141 316 | 112 524 | +28 792 с көп. |
Бул тармактын иштерин оңдоо үчүн 2017-жылдын суугат суу сезонунда талапка ылайык, уюштуруу менен иш аракеттер жандандырылат..
Исфана шаарынын мэри Анарботоев А.Д