Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/5
«Исфана шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы “Малдарга идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө” 30/05 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
Исфана шаар мэриясынын малдарга идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-октябрындагы “Малдарга идентификация жасоо жана малдардын кулагына бирка басуу учун акылуу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитуу жөнүндө” 30/05 сандуу токтомунун 1-пунктундагы “20 сом” деген сөз “30 сом” деп өзгөртүлсүн.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |