Загрузка документа…
ИСФАНА ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралындагы №3/7
«Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө»
Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин (Тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gаmsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын
2017-жылдын 20-февралындагы кезектеги
III сессиясынын №3/7 токтомуна тиркеме
“Макулдашылды” “Макулдашылды” “Бекитемин”
Кыргыз Республикасынын Исфана шаардык Кенешинин “Лейлек-Тазалык”
Өкмөтүнө караштуу төрагасы муниципалдык ишкансынын
монополияга каршы жөнгө салуу _____________ Б.Тагаев башчысы
мамлекеттик агентигинин Баткен ____________А.Касымов
облустук бөлүмүнүн
начальниги
________________ Э.Мажитов
“___” ___________ 2017-ж. “___” ___________ 2017-ж. “___” ___________ 2017-ж
“Лейлек-Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата коммуналдык кызмат көрсөтүү тарифтери
№ | Кызматтын түрлөрү | Өлчөө бирдиги | Сумма |
1 | Калктуу конуштагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн бир айлык баа | 1 киши | 16,52 |
2 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу баасы: МТЗ-82 | 1 рейс | 2147,81 |
3 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча суюк саркындыларды ташып чыгаруу баасы: ГАЗ-33-09 | 1 рейс | 2195 |
4 | Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча телескопикалык машинанын кызмат көрсөтүү баасы: ГАЗ-53 | 1 саат | 323,51 |
5 | Жеке жана юридикалык жактарга шагыл жана топурак ташуу үчүн баа: МАЗ Самосвал | 1 рейс | 1400 |
6 | Жеке жана юридикалык жактарга экскватор кызматтары үчүн баа: МТЗ-82 | 1 саат | 700 |
7 | Жеке жана юридикалык жактардагы турмуш-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн баасы: ГАЗ 33-09 Мусоровоз | 1 рейс | 1601 |
8 | ЗИЛ суу себүүчү машинанын кызмат көрсөтүү баасы | 1 рейс | 1406 |
9 | Коммерциялык түзүмдөр | 1м3 | 255,46 |
Исфана шаардык Кенешинин жооптуу катчысы: З.Туяков